«ПАДЫША: ТҮБӨЛҮК МОНАРХ»

Тартылган жылы – 2020-жыл
Тарткан өлкө – Түштүк Корея
Жанры – романтика, фантастика, комедия, тарыхый мелодрама
Серия – 16
Режиссёру – Пэк Сан Хун
Сценаристи – Ким Ын Сук
Башкы каармандардын ролунда – Ли Мин Хо, Ким Го Ын

Алгачкы 1-2-сериясы экранга чыкканда эле SBS телеканалынын рейтинги жогорулады. Ананчы, кыргыз күйөрмандарынан бери күткөн «Падыша: Түбөлүк монарх» сериалы башталбадыбы. Бул дорама менен кошо аскер кызматын өтөп келген актёр Ли Мин Хо жана «Гоблинден» бери сериалга тартыла элек актриса Ким Го Ын экранга кайтышты. Сериал эмнеси менен кызыктуу? Эмнеге жогорку рейтинг? Алдыда тасма талаасындагы кызыктарга орун бердик.

СЫЙКЫРГА БАЙ ДОРАМА

Алгачкы мүнөттөрүндө эле сериалдын сыйкырга бай болорун байкайсың. Сыртынан кадимки музыкалык аспап көрүнгөн флейтанын дүйнөнү өзгөртүүчү күчкө ээ экени баяндалат. Аспапка ээлик кылган адам бүт дүйнөнүн эгеси болушу ыктымал. Дал ошол флейтага ээлик кылышы үчүн өз бир тууганынын өмүрүнө кол салгандан баш тартпаган мыкаачы адам... Бул окуянын баары Корея падышалыгында орун алууда. Падыша Ли Хонун аталаш бир тууганы Ли Им (Ли Чон Жин) ак сарайга баш кесерлери менен кирип, падышаны өлтүрүп, флейтаны алып кетмекчи болот. Дал ушул маалда падышанын баласы Ли Гон (Ли Мин Хо) келип, 8 жашта болсо да атасынын өчүн алуу максатында Ли Имге кылыч кезейт. Жаш баладан мындай соккуну күтпөгөн ал кылычтан коргонуу максатында колундагы флейтаны тосот. Экиге бөлүнгөн флейта Ли Имдин канын кызытып, ханзаада Ли Гонду өлтүрөрдө бет капчан адам пайда болуп, баш кесерлерди четинен кырып баштайт. Шаштысы кеткен Ли Им качкандан башка айласы калбайт, бирок флейтанын жарымы ханзааданын колунда калат. Ли Гондун колунда флейтадан сырткары жанын сактап калган адамдын бейджиги да бар.

Падышанын гвардиясынан качкан Ли Им бамбук токоюна келип, ал жерден флейтанын сыйкырын байкайт да, ачык портал аркылуу параллель дүйнөгө өтүп кетет. Ушул жерден сериалда параллель эки дүйнө бар экенин билебиз. Биринчиси биз билген азыркы Корея Республикасы, экинчиси Корея падышалыгы. Биринде демократия, экинчисинде монархия. Окшоштуктары да, айырмачылыктары да бар тарыхка ээ 2 дүйнө. Баса, флейтанын экинчи жарымы ханзааданын колунда калат эмеспи, ал чоңоюп, арадан 25 жыл өткөн соң гана флейтанын жардамы менен портал аркылуу 2-дүйнөгө өтсө болорун билет. Анан да кичинекей кезинде сактап калган бет капчан адамды, тагыраагы, бейджиктеги лейтенант Чон Тэ Ылды (Ким Го Ын) жолуктурат. Падышалыкта каза болду делген киши өлтүргүч Ли Им Корея Республикасында аман-эсен, баягыдай эле мыкаачылык иштерин кылып жүрөт. Ханзаада андан өч алабы? Лейтенант экөөнүн ортосунда махабат оту тутанабы? Эки дүйнөдөгү кызыктуу окуялар... Мунун баарын алдыда чогуу көрөбүз, окурман. Азыр болсо сериалда өз күйөрманын тапкан айрым каармандарга, дорамадагы сынга кабылган кадрларга токтолмокчубуз.

«ТАРЫХЫЙ ТАСМА ТАРТАРДАН МУРУН, ТАРЫХТЫ ОКУП КОЮШ КЕРЕК!»

Дал ушундай сын учурда популярдуу болуп жаткан «Падыша: Түбөлүк монарх» сериалын тартуучу топко карата айтылууда. Буга себеп дорамада көрсөтүлгөн Дэхан империясындагы падыша сарайынын декорациясы япон буддисттеринин храмына окшоп калган. «Көрөрмандарды тарыхты билбеген караңгы адамдар дегениңерби? Же байкалбай калат деп ойлодуңарбы? Азыркы заманда ар бир майда деталды караган адамдар бар», «тарыхый тасма тартардан мурун, өзүңөр тарыхты окуп койсоңор болмок» деп тартуучу топту ортого алышты. Алар болсо өз кезегинде көрөрмандардан кечирим сурап, кетирген катасын тез арада оңдоп чыкканын айтышты.

КИМ ЫН СУК

Корей тасма талаасында актёр-актрисаларга канчалык кызыгуу күч болсо, сериалдын сценарийин жазган адамга да кызыгуу жогору. Сценаристке жараша актёрлор тасма тандашат, инвесторлор каражат бөлүшөт, телеканалдын келечектеги рейтинги да андан көз каранды болот. Бүгүнкү сөз кылып жаткан дораманын сценаристи Ким Ын Сук буга чейин «Сырдуу бакча», «Мураскерлер», «Гоблин», «Мистер Саншайн», «Күн мураскерлери» жана башка белгилүү дорамалардын да сценарийин жазып, өз атын түптөп алган кино адиси. «Падыша: Түбөлүк монархта» Ким Ын Сук мурда иштешкен 2 каарманын кезектеги дорамасына кайрадан чакырды. Ли Мин Хо менен «Мураскерлер» дорамасында иштешсе, Ким Го Ын «Гоблин» сериалында башкы каармандын ролун ойногон.

Сценаристтин «Гоблин» дорамасын көргөн адам «Падыша: Түбөлүк монархта» сыйкыр, фантастика көп деп таң калбайт болуш керек. Ким Ын Сук сценарийлеринде колдонгон бир катар жалпы окшоштуктарды да байкаса болот. Ал ар бир сериалына Түштүк Кореянын мен-мен деген «красавчик» актёрлорун негизги ролго тандап алат. Мисалы, «Сырдуу бакчада» Хён Бин, «Мураскерлерде» Ли Мин Хо, «Мистер Саншайн» – Ли Бёң Хон, «Гоблин» – Гон Ю, «Күн мураскерлеринде» Соң Жуң Ки.

Ким Ын Сук карманган дагы бир принцип – сүйүү баарын жеңип чыгат. Жогоруда саналган сериалдарды карап отурсаңыз, коомдогу бай-кедей деген статуска, саясат, аралык, согуш, кайра жаралууга карабай баарын сүйүү жеңип чыгат. Андыктан «Падыша: Түбөлүк монархта» параллель эки дүйнөдө жашаган баш каармандардын сүйүүсү бардык кыйынчылыкты жеңип чыкса керек.

«Даяр ишке сынчы көп» деген макал сценарист Ким Ын Сукту дайыма ээрчип жүрөт. Учурдагы дорамасын дагы «түшүнүксүз», «тарбиялык мааниси жок», «тажатма сценарий» деп сын таккандар бар. Анткен менен анын сценарийинде тартылган көпчүлүк дорамалар акыр аягы хитке айланганы далилденген. Андыктан "Падыша: Түбөлүк монарх" сценаристтин кезектеги ийгилиги болобу же карьерасына көлөкө түшүрөбү, аны келечекте көрө жатарбыз.

ДОРАМАНЫН ЖЫЛДЫЗДАРЫ

Ли Мин Хо

Туулган жылы – 1987-жыл, 22-июнь

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою – 187 сантиметр

Фильмографиясы – «Мыкты жигиттер», «Шаардык мергенчи», «Ишеним», «Мураскерлер», «Менин тандоом», «Көк деңиз уламышы» жана башка

Ли Мин Хо: «Падыша: Түбөлүк монарх» дорамасы тууралуу:

– Кичинекейибизде баарыбыз эле жомок окуп, ал жердеги кайсы бир каармандарды, окуяларды элестетип алабыз го. Бул сериал дал ошол жомокту элестетти. Ар бир каарман уникалдуу, эсте каларлык ойлонуп табылган. Каарманым Ли Гонду ойноо үчүн аны түшүнүүгө көп убакыт жумшадым. Мен чыныгы жашоодо Ли Гон болсом, анын башынан өткөн трагедияны кандай кабыл алмакмын, андан кийинки жашоом кандай болмок, параллель дүйнөгө түшкөндө жаңычылдыктарга кандай реакция кылмакмын? Жөн адам падыша боло бербейт, каарманым тарыхты, географияны, математиканы, дагы башка илимдерди билген окумуштуу адам. Мындай адамдын образын ачыш үчүн мага дагы көп китеп окуганга туура келди. Ал жөнөкөй адам болуп каалаганын жасай албайт, оозунан чыккан жел үчүн да эл алдында жооп бериши керек. Башкача айтканда, ал өз элинин күзгүсү. Анан да кошумча дүйнө, жаңы коом, окуялар, шарттар. Болгон аракетимди жумшап жатам. Негизгиси, эмгегибиз текке кетпей, көрөрмандарга образымды жеткиликтүү ачып берсем экен деп үмүттөнөм.

Ким Го Ын

Туулган жылы – 1991-жыл, 2-июль

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою – 167 сантиметр

Фильмографиясы – «Монстр», «Капкандагы сыр», «Гоблин» жана башка

Ким Го Ын: «Падыша: Түбөлүк монарх» дорамасы тууралуу:
– Ким Ын Сук чындыгында эле жомоктогудай 2 дүйнө жаратып берди. Өзүмдүн актёрлук карьерамда биринчи жолу 2 адамдын ролун аткарып жатам. Биринчиси полиция кызматкери Тэ Ыль, экинчиси алдамчы Луна. Бири-бирине карама-каршы келген каармандар. Кимиси кандай кийиниши керек, кандай басат, кандай тондо сүйлөйт, жүзүндөгү мимикалары кандай болуш керек? Ушулардын баарын ойлонуу бир аз стресс кылат, бирок эмгегиңди экрандан көргөндө «ии, кылса болот экен. Бул жерин оңдошум керек» деп кантип ролго сүңгүп кеткениңди билбей каласың.

Менин каарманым падыша Ли Гондун карама-каршысы. Падыша окумуштуу, Тэ Ыль келечекти эмес, күнүмдүк жашоону гана элестеткен адам. Ошон үчүн да ал Ли Гон «параллель дүйнө бар экенине эмне ишенбей жатасың?» десе, «мен керекпи Жер тоголок дегенге ишенбеген адамдардын катарына кирем» деп жооп берет го. Чынында окумуштуулар Жердин формасын тоголок дешкени менен, аны көпчүлүгүбүз көргөн эмеспиз да. Тэ Ыль өз ички туюмуна, көзү менен көргөнгө ишенген реалист адам. Буюрса, кызык эмгек жаратабыз деп турам.

У До Хван

Туулган жылы – 1992-жыл, 12-июль

Туулган жери – Түштүк Корея, Анян шаары

Бою – 180 сантиметр

Фильмографиясы – «Каардуу ит», «Улуу азгыруучу», «Уста», «Мени куткар» жана башка

У До Хван: «Падыша: Түбөлүк монарх» дорамасы тууралуу:

– Дорамада сюжеттен баштап персонаждарга чейин кызык. Ушундай кызыктуу долбоорго катышып жатканым мен үчүн сыймык, бактылуумун десем болот. Тартуу талаасында Ли Мин Хо менен Ким Го Ын кеңештерин айтып, жардам берип жатышат. Негизи эле тартуучу, уюштуруучу топ абдан ынтымактуу. Эки башка каарманды ойноо бир чети оор болду, экинчиден, жаңы мүмкүнчүлүк катары кабыл алдым. Эки каарманым эки башка диалектте сүйлөйт, маселе жаратпасам экен деп кабатыр болуп жатсам, Ким Ын Сук баары жакшы болорун айтып дем берди. Күйөрмандарым бул дорамада мурда көрө элек менин жаңы таланттарыма күбө болушат го дейм.

Чон Ын Чэ

Туулган жылы – 1986-жыл, 24-ноябрь

Туулган жери – Түштүк Корея, Пусан шаары

Бою – 170 сантиметр

Фильмографиясы – «Хэвон – эч кимдин кызы эмес», «Падышанын каары», «Куурчакчы», «Эркиндиктин ашуусу» жана башка

Чон Ын Чэ: «Падыша: Түбөлүк монарх» дорамасы тууралуу:

– Ушундай сонун актёрдук курам, режиссёр, сценаристтер менен иштешип жатканыма кубанычтамын. Биздин эмгегибиз көпчүлүккө жагып, өз ордун табат деп ишенем. Жыйынтыгын күтүп абдан толкундануудамын.

Ким Кён Нам

Туулган жылы – 1989-жыл, 21-декабрь

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою – 182 сантиметр

Фильмографиясы – «Ишеним», «Эң кыйын курьер», «Абактагы жашоо», «Асмандан миллион жылдыз жаайт», «Туулган күнгө кат» жана башка

Ким Кён Нам: «Падыша: Түбөлүк монарх» дорамасы тууралуу:

– Негизи параллель эки дүйнө бардыгына ишенбейм, бирок сериалда бар деп элестеткенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мен эле башка дүйнөдө жүрөм. Менин экинчиме сыртынан барып байкоо жүргүзсөм болот. Кызык эмеспи. Анан да мурда иштешпеген кесиптештер менен таанышуу, тажрыйба алмашуу сонун нерсе.

Ли Чон Жин

Туулган жылы – 1978-жыл, 25-май

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою – 184 сантиметр

Фильмографиясы – «Сүйүү бейсбол сыяктуу», «Специалист», «Качкын: План-Б», «Пьета», «Кылым мурасы», «Азгырык», «К2» жана башка

Ким Ён Ок

Туулган жылы – 1937-жыл, 5-декабрь

Туулган жери – Түштүк Корея, Инчон шаары

Фильмографиясы – «Азырынча биз сүйө алабыз», «Жан сакчы», «Мыкты жигиттер», «Биринчи ханзаада» кафеси», «Шопинг падышасы Луи», «Улуу азгыруучу», «Боссту коргоо», «Вайкикидеги күлкү» жана башка

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан