СЕРИАЛ ХАНЫШАЛАРЫ

90-жылдардан тарта “Байлар да ыйлашат”, “Жөн эле Мария”, “Жапайы Роза”, “Клон” өңдүү сериалдар биринин артынан бири көрсөтүлө баштаган.
Аталган сериалдарды апалар, эжелер, ал гана эмес, жигиттер да калтырбай көрүүнү адатка айлантышкан.
Ошол сериалдардагы биздин сүйүктүү каармандарыбыз учурда эмне менен алектенишет? Кандай болуп өзгөрүшкөн?

БАЙЛАРДЫ ЭЛЕ ЭМЕС,
БААРЫБЫЗДЫ ЫЙЛАТКАН ВЕРОНИКА КАСТРО
“Байлар да ыйлашат” сериалында көрүүчүлөрүн бир топ ыйлаткан Вероника Кастро 1952-жылы 19-октябрда Мехикодо төрөлгөн. Актрисага атак-даңкты аталган "Байлар да ыйлашат" жана “Жапайы Роза” аттуу сериалдары алып келгени талашсыз.
Кристиан жана Мишель аттуу эки баланын энеси Вероника учурда 58 жашта. 40тан ашык тасмада башкы ролду жараткан актриса азыр тыныгуу жасоодо. Ал кинодон бир аз четтеп, телеалпаруучулук менен алектенүүдө. Мисалы, мекениндеги популярдуу реалити-шоуну алып барат.
Капчыгын кирешелүү бизнеси менен да кампайтып келет. Тактап айтканда, бир нече косметикалык салондордун кожойкеси. Бош убактысында Симона аттуу сүйүктүү небереси менен сейилге чыгып, чоң энелик тарбиясын берүүдө. Жакында эле Орусиянын Биринчи каналынын "Даңк мүнөтү" (“Минута славы”) теледолбоорунда калыстар тобунун мүчөсү болгонуна күбө болдук. “Байлар да ыйлашат” тасмасындагы тармал чачтуу бакыраң көз Марианна сары чачтуу болуп имиджин 100 градуска өзгөрткөнүн байкай алдык.

“ЖӨН ЭЛЕ МАРИЯДАН” БАШТАЛГАН АТАК-ДАҢК
Актрисанын толук аты-жөнү – Виктория Эухениядель Рио Морено Руффо. 1962-жылы 31-майда Мехикодо жарык дүйнөгө келген. Актрисалык карьерасын 1980-жылы “Бир врачтын маселеси” аттуу теленовеллага тартылуу менен баштаган. Андан соң “Мен кызыл өң менен жашайм” деген тасмага тартылат. 1989-жылы “Жөн эле Мария” аттуу сериал актрисанын багын ачып, жөнөкөй актрисалыктан мегажылдызга айлантат. Бул сериал чыкканда кыздар арасында каарман Мария Лопестикиндей көкүл кестирүү, аны тикчийте тургузуу, анан эки өрүм чач модага айланып кетпеди беле.
Актриса биринчи ирет белгилүү мексикалык актриса Сильвия Дербестин уулу Эухенио Дербесом менен никеге турат. Эухенионун апасы “Жөн эле Марияда” донна Матинин ролуна тартылып жаткан эле. Апасына келип жүргөн Эухенио Викторияны көрүп жактырып калат. Ошентип, сүйүшкөндөр 1992-жылы Хосе Эдуардо аттуу уулдуу болушат. Тилекке каршы, бул никеге 1995-жылы жарака кетет.
Оптимисттик көз караш менен жашаган Виктория 2001-жылы Омар Фаяд аттуу мексикалык саясатчыга турмушка чыгат. 2004-жылы эгиз төрөйт. Ошол учурду актриса "эгиздердин төрөлүшү менен менин карьерамда танапис болду" деп айтып келет.
Албетте, саясатчынын жубайы болуу да актрисалык карьерага бир топ бөгөт болот эмеспи. Учурда Виктория кайрымдуулук иштерди уюштуруудан сырткары “Үй-бүлөнүн өнүгүшү” аттуу фондду жетектейт.

ЖОВАННИ ЖАКЫНДА ЭГИЗ ТӨРӨЙТ
“Клон” аттуу сериалдын соңуна чыкканына канча убакыт болсо да, башкы каарман – Жади күйөрмандарынын жүрөгүндө. Биз сүйгөн актриса Жованни Антонелли 1976-жылы 18-мартта Рио-де-Жанейродо жарык дүйнөгө келген. Актрисанын атасы белгилүү опера ырчысы, ал эми апасы мыкты балерина болгон. 11 жашынан тарта кичинекей Жованнинин таланты ачылып, балдар театрында ролдорду жарата баштайт. Алгач “Тропиканка” аттуу теленовеллада роль жаратат. Көп өтпөй сериалдарга чакыруу ала баштайт. Ал эми актрисалык алтын таажыны 2001-жылы “Клон” сериалына чакыруу алганда тагынды десек жаңылышпайбыз. Учурунда бул сериал 30дан ашык өлкөдө популярдуу болгон. Актрисанын Мурило Бенисиудан (“Клон” тасмасындагы Лукас) уулу бар.
Мурило менен турмушу келишпей ажырашкан Жованни көпкө деле жалгыз бой жүргөн эмес. Бир нече айдан кийин эле Артур Фернандес аттуу ишкер менен болгон мамилеси ачыкка чыгат. Учурда эки жаш “наристелүү болобуз” деп толкунданып жүргөн кездери. Буюрса, Жованни үстүбүздөгү жылдын октябрь айында эки кызды жарык дүйнөгө алып келет. Кош бойлуу Жованни “Жашай бил” аттуу тасмага тартылууда. Сценарий боюнча башкы каарман боюнда болуп, аягында кыз төрөйт. Жованни тасмада чыныгы төрөттү көрсөтүүнү пландап жатат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Akjol
2010-09-11 05:01:14
Эхх...Клон абдан жакшы сериал,Жади башталды дегенде,айылда кочодо эч кимди корбойсун да,баары корушот эле.
0
aminali
2010-09-11 16:41:54
JADI 4inigi jawoosunda da LUKES menen jawagan turbaibi!?!
0
LadyJan
2010-09-14 20:51:12
Байкуш Ызат "Клонду" коргон эмесмин деп, арманда турат жанымда...
0
Farida
2010-09-15 14:35:34
Абдан билгим келип журдум эле, азыркы учурдагысын, жакшы болбодубу.
0
meerime
2010-09-16 00:58:51
klondu jashynan bashtap kaarysyna cheiin korushtugo chirkin ..Jadi yilasa yilap, kulso kulup...en bir jakshy serialdardyn biri boldu, meninmhe tuboluktuu.
0
№ 410, 10-16-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан