ӨТКҮР КУДАЯРОВ:«ЮГОСЛАВИЯДА БЕТТЕШКЕ 2 СААТ КАЛГАНДА 3 КИЛОГРАММ АРЫКТАГАМ»

Чоң спортко аралашканына 10 жылдан ашкан "Аташ" кличкалуу кикбоксчу Өткүр Кудаяров 1977-жылы 10-ноябрда Тажикстандын Ленинабад шаарында туулган. Өткүр 10 жыл аралыгында кикбокс боюнча Евразия (2000-жыл, Украина), Дүйнө (2001-жыл, Югославия), Азия чемпиону (2003-жыл, Ташкент), Дүйнөлүк кубоктун ээси (2002-жыл) болууга жетишип, бир нече ирет дүйнөлүк деңгээлдеги таймаштарда күмүш, коло медалдарга ээ болууга татыган. Кикбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Бою 168 сантиметр, салмагы 51 килограмм. Үйбүлөлүү, бир кыздын атасы. Бишкектин Аламүдүн районунда жашайт. Учурда КУУнун экономикалык факультетинин 3-курсунун студенти. Ушундай бийиктиктерди багындырууга жетишкен спортчу Өткүр Кудаяров бүгүн бизде конокто.

"БАЛА КЕЗИМДЕН БЕЛГИЛҮҮ СПОРТЧУ БОЛУУНУ ТИЛЕЧҮМҮН"
– Баарлашып калган спортчулардын баарынан сурап келем. Сенден да "кандайча профессионалдуу спортто калып калдың?" деп сурагым келип турат.
– Менин кичинекейимден эле профессионал спортчу болсом деген тилегим болоор эле. Ошол тилегим мени бүгүнкү деңгээлиме жеткизди. Өзүмдүн теңтуштарымдай эле алгач Диего Марадона сындуу белгилүү футболчу болгум келген. Жаагымдан ылдый куюлган терди шыпырганга чамам жок, апамдын "чай ич" дегенине көнбөй эле атам белек кылган топту кубалап ойноп жүрө берчүмүн. Бирок, насип экен, футболдон эмес, кикбокстон ордумду таптым.
– Балалыгыңдагы кыялыңды айтып калдың, алгач балалыгыңдан бир үзүм кеп салып берсең. Аты-жөнүң да кызыктуу экен, сыягы, кыргыз эмес өңдөнөсүң?
– Баары эле ошентип ойлошот. Документтеримде Өткүр эмес, Уткир Худояров болуп жазылат. Өзүм таза кандуу кыргызмын, болгону, Тажикстанда төрөлүп, күбөлүгүмө атымды алар өзүлөрүнө ылайыктап жазып коюшкан. Балалыгым болсо алыскы Лейлек районунун Андарак деген айылында өттү. 11 бир тууганбыз. Мен 5-баламын, иним, карындашым, агам, эжем бар. Азыр үйбүлөбүз чогуубуз менен Бишкекте жашайбыз.
– Кичинекейиңде эрке бала болсоң керек?
– Ооба, айрыкча эжелериме аябай эркелечүмүн. Эми ойлосом, бечаралар мени "жакшы окусун" дешчү тура. Жаңы мектепке барганда "эгер жакшы окусаң, чейректериңден жалаң "5" чыгат. "5ке" окугандарга жылдын аягында мектептен толтура шишкебек берет" деп айтышкан. Бала экенмин да, ошого ишенип сабакты калтырбай, эртең менен тургум келбесе да ошол шишкебекти ойлоп туруп, дайыма жакшы окуп жүрүп чын эле жыл аягындагы чейректеримде жалаң "5" чыккан. Мугалимибиз бааларыбызды окуп бүткөн соң: "Эми бошсуңар, үйүңөргө бара берсеңер болот" деп калды. Өзүмө-өзүм ишенбей эжейге барып: "Чейрек деген ушул элеби?" деп сурадым. Ал күлүп гана башымдан сылап жөнөтүп жиберди. Ой, ошондо келип эжелериме чатак салганымчы, "кана шишкебек бергени" деп бир топко чейин сооронбой, акыр аягы өзүлөрү алып келип берип араң алдашкан.
– Мектепте балдар менен мушташчу белеңер?
– Негизи, балдар мени «жоош, токтоосуң» дешет. Бирок, бир жарылсам оңой менен токтобосумду жакшы билишип, жиниме тийишпейт. Керек болсо азыр деле мушташып кетем. Андайдан каччу эмесмин. Мурун жашыраак кезимде балдар менен көп мушташчумун. Азыр эми кадыр-баркты кетирип албаш үчүн деле өзүмдү кармап, муш менен эмес, жинге тийгендерге кеп менен түшүндүрүүмө туура келет. Ашыкча чектен чыгып кеткендердин өзүнүн шору. Аларды заматта момун кылып тарбиялап коём.

"ЛЕЙЛЕКТЕ КҮРӨШ БАРКТУУ, БИРОК, МЕН КИКБОКСКО КЕТТИМ"
– Кандайча "Гермесс профиге" келип калгансың? Билишимче, лейлектиктер күрөшкө жакын болушаар эле?
– Күрөш биздин жерибизде абдан кадыр-барктуу. Менин чоң аталарым атагы чыккан балбан болушкан экен. Мушташып жатканымда биз жактыктар: "Катыра чап! Айланып теп! Ой, азамат, атасынын баласы да, аташ да" деп кыйкырык-сүрөөнгө алып жатышып, "Аташ" аталып калгам. 1992-жылы биз Бишкекке көчүп келгенбиз. Ошол жылы эле издеп жүрүп, "ушу" менен машыктыруучу залды таап алып, машыгууга катыша баштадым. Ал эми "Гермесске" болсо кикбокс менен машыгып, шаардык, республикалык таймаштарда жеңе баштаганымда, 1996-жылы келдим.
– Учурда жаш жигиттер, өспүрүмдөр арасында кикбокско, айрыкча "Гермесс профи" спорт клубуна кызыгуу өтө жогору. Каалаган адам эле бул клубга мүчө болуп кире алабы?
– "Гермесске" өзгөчө көрсөткүчтөрүң болбосо кире албайсың. Мисалы, мен келгенде мага окшогон жүздөй бала бар экен. Баарыбызды бир спорт залга чогултуп таймаш өт­көз­үшүп, мага туш болгон орус баланы чыкканда эле тээп нокаудга кетирип, Воиновго жагып калгам. Башкалардан айырмасы, мурунку клубдарда зал үчүн, машыктыруучу үчүн тыйын төлөсөк, эми курама командага киргенден тартып (1996-жылдан тартып) тескерисинче, мага айлык акы төлөп келатышат.

"АПАМ БЕТТЕШҮҮНҮ КӨРҮП КАПА БОЛГОН"
– Спортчу болууга ата-энең, агаларың каршы чыгышкандыр?
– Алгач апам абдан каршы болгон. Таймаштарга катышсам капа болуп: "Башка жумуш тапкан жоксуңбу? Катышпа!" деп ыйлактай берчү. Бир ирет, анда дүйнөлүк чемпиондукту утуп калган кезим, апам телевизордон мен катышкан бир беттешүүнү көрүп калыптыр. Келсем жаман капа болуп: "Ушинтип бири-бирин тээп, чаап кантип атактуу болсун?! Сенин ишиң болбогон эле нерсе тура. Талуу жериңе муш тийсе кантесиң?" деп ыйлактады. Ошондон соң беттешүүлөрдү көргүсү келбей жүрдү.
– Баарына кол шилтеп, спортту таштап салып басып кеткиң келген учур­лар болду беле?
– Андай уч­урлар көп эле жолу болду. Мисалы, катуу сокку жеп, жеңилип калган учурларыңда алгач ыза болуп, спорттон такыр эле кетип калгың келет. Бирок, эртеси күнү эле "кайрадан жеңишке жетишим керек" деген өжөр ой пайда болот да, ал сага дем-күч берет. Кээде көпкө чейин биз менен эч кимдин иши жок, мелдештер деле уюшулбай, ар ким өзү менен өзү болуп калат. Ушундай кездерде да спорттон кетип калгың келет.
– Катуу сокку алып көрдүң беле?
– Ар бир мелдеште соккуга туш болооруң турган кеп. Бирок, этиңдеги көгөргөн тактар, жанчылган жерлер ашып кетсе 1 жумада айыгып кетет. Өтө олуттуу сокку жеген эмесмин. Чоң спортто катуу сокку алсаң, кийинки мелдештерде өзүңө кыйын болот. Себеби, чоң беттешүүгө даярданып жатканда кимдер каршылаштар болсо, алардын беттешүүлөрүнүн тасмасын көрөбүз. Анда ким кайсы жеринен качан катуу сокку жегени билинип калат да, каршылаштар кийинки беттешүүдө да дал ошол талуу жериңе сокку берүүгө аракет кылышат.
– Чоң таймашка бараар алдында күн тартиби кандай абалда болот?
- Эртең менен саат 6-7нин ортосунда шаар ичинде, парктарда 3 чакырымга чуркайбыз, саат 10до тоону көздөй 10 чакырым чуркайбыз. Келген соң 2 саат, түштөн кийин саат 5тен тартып дагы 2 саат машыгуудан өтөбүз. Эгер салмагыбыз мелдеште көрсө­түлгөн категориядан ашып кеткен болсо, жай болобу, кыш болобу, калың кийинип алып чуркап, көл-шал түшүп тердеп, мончого барып бууга кактанып, салмактан арылмай түйшүгү да бар.
– Жетишкендиктериңе карап көр­сөк, таймаштарга барып жүрүп Европа, Азия эле эмес, Африканы да көрүптүрсүң. Айтчы, мекенибиз бөлөк өлкө­лөрдүн алдында эмнеси менен айырмаланат экен?
– Жаңы барганда бардык эле өлкөлөр кызыктуу туюлат. Бизден айырмаланып көпчүлүгү таза, маданияты да башкача. Бирок, бөтөн жер ашып кетсе 1-2 жума кызыктуу болушу мүмкүн, андан кийин эле мейли чаң басса да, таштанды басса да өз жериңе, өз үйүңө, өлөң төшөгүңө куса боло баштайсың. Сыягы, "Атажуртка болгон ыйык сезим..." деп акындар жазган ушул сезим болсо керек...

"СӨЗ МЕНЕН ЖЕТКИРЕ АЛБАЙСЫҢ"
– Атажурт жөнүндө кеп козгоп калдың, жеңишке жеткенде Кыргызстандын гимни ойнолгондо өзгөчө сезимдер келсе керек?
– Аны сөз менен айтып жеткире албайсың. Өз башынан өтүп, жон териси менен байкагандар гана кандай сезим келээрин түшүнүшсө керек. Айрыкча бөтөн жерде жеңишке жетишсең биздин желек желбиреп, гимн ойнолсо көзүңө жаш айланып, дене-боюң чымырап чыгат. Эсимде, 2001-жылы Югославиядан Дүйнөнүн чемпиондугун утуп келгениме бир жума гана болгон. Достор менен Алатоо аянтына баратсак гимн ойнолуп, желек көтөрүлүп калды. Ошондо тимеле буттарым титиреп, ордумдан жыла албай туруп калгам.
– Кикбоксчулар арасында жакын досторум деп атай алчулар барбы?
– Бар, мисалы, Мирбек Сүйүнбаев менен мамилем жакшы. Андан тышкары, бир нече ирет беттешкен соң россиялык Мерген Монгыш, белорусиялык Сергей Скиболор менен жакшы тил табышып кеткем. Азыр дайыма телефон чалышып, интернет аркылуу кат жазышып турабыз.
– Кикбоксчулар тилек кылаар ийгиликтердин анча-мынчасы гана калбаса, баарына эле жетишиптирсиң. Таймаштарда өзгөчө кыйынчылык менен келген жеңиштер болду беле?
– 2003-жылы Парижде дүйнөлүк чемпиондукка катышкам. «Чу» деген эле жерден оң көзүмө сокку жеп, ал дароо шишип чыгып жабылып калды. Врачтардын "оюндан чыгуу керек" дегендерине көнбөй бир көзүм менен мушташып, жаман кыйналгам. Ошондо 3-орунду алып калгам. Ал эми 2003-жылы Ташкентте өткөн Азия чемпиондугунда туура эмес уруп, бармагымды кайрып алдым. Кийинки беттешүүгө чыгаарда шишигин кетирүүгө муз таппайм, айла жоктон кайра-кайра балмуздак сатып келип, ширесин агыза колума коюп кармап отурууга туура келген. Андай окуялар көп эле болот. Ошол Югославияга Дүйнөлүк чемпиондукка барганыбызда жалпы таймаш алдында таразага тартышканы менен кийин ар бир беттешүүнүн алдынан да таразага тартыла тургандыгыбыз эскертилбей калыптыр. Мен болсом ошол алгач таразага түшкөн соң бейкапар гана каалашымча тамак жеп, суусундук ичип жүрөм. Беттешүүгө 2 саат калганда кайрадан салмак текшерүү болоорун айтып калышты. А мен өзүмдүн салмагыма 3 килограмм кошуп салыптырмын. Ошентип, 2 саат ичинде 3 килограммга арыктоого туура келген. Ал үчүн калың кийинип алып, бүт денем көл-шал түшүп тердегиче чуркап, машыккам. Бул өзүнчө эле азап иш.
– Олуттуу беттештер алдында ойго келбеген кызыктуу окуялар болду беле?
– Анда Москвага биринчи барган элем. Мейманканадан беттешүүгө чогуубуз менен чыгып жөнөгөнүбүздө мен бир буюмумду унутуп калганымды эстей коюп, "кайра бат эле чыгам" деп чуркап номерге кирип кеттим. Чыксам бирөөсү да жок, кетип калышыптыр. Беттешүү кайсы жерде болоорун укканым менен ал жакка кантип барышты билбейм. "Эми эмне кылам?" деп, анан ошол турган эле жеримден сураштырып кирдим. Сурамжылап жүрүп отуруп, бир кезде карасам Кызыл аянтка келип калыптырмын. Колумда фотоаппарат бар эле, ал жерден сүрөткө түшүп алдым да, жолумду уладым. Анан шашкан бойдон барсам, беттешүүгө 5 мүнөт калыптыр. Бизде тартип катуу. Эгер 2 жолу атыңды атап чакырганда рингге чыкканга жетишпесең сени кийинки беттешүүлөргө да катыштырышпайт да, каршылашыңа жеңишти берип коюшат.

"БОЙДОКЧУЛУКТАН БҮЛӨЛҮҮ БОЛГОН ЖАКШЫ ЭКЕН"
– Дайыма эле спорт менен алектенип жүрө берсең үйбүлөнү багуу деген бар, кыйынчылык келтирбейби?
– Билбейм, үйлөнгөнүмө жакында 2 жыл болот. Азырынча зыяны тие элек. Тескерисинче, мурдагыдай 2-3 күндөп достор менен жүрүп алуу жок. Кечинде үйгө келесиң, демек, эртеси машыгууга барууда да кыйналбайсың. Мурун өзүңдү ойлосоң, эми жоопкерчиликтүү болуп, жубайыңды, балаңды да ойлоп калат экенсиң. Мага бойдокчулукка караганда үйбүлөлүү болгон жакты.
– Келинчегиң кайсы тараптын кызы?
– Чүйдөн болот. Аты Гүлзат. Жакындары "алыска кызыбызды бербейбиз" деп каршы болушканы менен экөөлөп жатып макул кылдырганбыз. Таанышканыбыз да кызык. Мен ал кезде дайыма эртең менен ВДНХны көздөй 10 чакырым чуркачумун. Ошондо ушул кызды жолдон көрөөр элем. Батынып барып тааныша албай көпкө кыйналгам. Анан бир күнү чымырканып туруп таанышып, бат эле жакшы болуп кеттик. Жогорку сотто иштейт экен. Баш кошкучакты мен катышкан мелдештерге барып сүрөп жүрдү. Азыр 6 айлык Айша аттуу кызыбыз бар.
– Бүлөң менен ээн-эркин калганда эмне кылууну жактырасың?
– Тамак жасап берем, мисалы, палоо басканды келинчегиме өзүм үйрөттүм. Анан да шишкебекти жакшы жасайм. Эриксем жөн гана музыка угуп, кызымды эркелетип жата берем.
– Эс алуунун кандай түрүн баалайсың?
Эс алууну деле өзүмө пайдалуу спорт жагына жакындатууну ылайык табам. Айрыкча кышында достор менен Кашкасууга барып эртеден кечке лыжа тээп, чарчаган мээни эс алдырып, ага кошо булчуңдарды да машыктырып келем.
– Жакынкы мезгилге кандай пландарың бар?
– Мен азыр тынымсыз машыгып, Кытайда сентябрь айында өтүүчү ушу-саньда боюнча Дүйнөлүк чемпиондукка даярданып жатам. Анткени, бул мелдештен алдыңкы 3 орунга ээ болгондорго келээрки жылы Кытайда өтөөр Олимпиадалык оюнга катышууга лицензия берилет. Кыргызстандан мен, Мирбек, Алексей, Кумар төртөөбүз даярдык көрүп жатабыз. Учурда Олимпиадалык оюндан утуп чыгып, эли-жеримди даңктасам деген чоң аруу тилегим бар.
– Жакшы тилегиң бар экен. Ылайым максатыңа жет.

Маектешкен Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 235, 4-10-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан