АКЫРКЫ АДАМ-ЖАПАЙЫНЫН АРЗУУСУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Отунчу менен адам-жапайы адамдарча сүйлөшө албаса да, булдуруктап, жандап, ымдашып бири-биринин оюн түшүнүшөт. Адам-жапайы Отунчуга кам көргөнү кам көргөн. Жумуш убагында “мен иштей турайын, а сен азырынча эс ала тур” дегендей колун жандай, ары жакка түртөт. Отунчу анын тилин алып, бир аз дем алат. Жөн отурбай шеригинин иштеп жаткан кыймылын, жапайы болсо да кам көрө билгенин ойлоп, ичи жылып отурат.
Тамак жегенде да тамакты мунун алдына жылдырып, “же, көп же, болбосо анан жумуш кылганда ач каласың” дегендей жалооруй карайт. Антсе Отунчу көзүн кыбыңдатып, кайра табакты аны көздөй түртөт. Экөө анан бири-бирин тиктешкен бойдон табакка бирге кол узатышат. Кийинки кезде адам-жапайы тамакты шашпай ичкенге көнүп баратат. Болбосо, адамдар арасына келгени коркконунан, анан чочулаганынан улам оозуна тийгенди эптеп эле күрмөп жутуп жиберүүгө ашыкчу. Курсак тойсо болду дегенчелик эле. Токой ээси аны Отунчуга кошкону адамдарга көңүл бурбай деле калды. Жүрөгүндөгү өзү жашаган турагын, мурунку жашоосун сагынуунун ордун Отунчунун жакшы мамилеси толтуруп бараткандай. Адам-жапайыга баарынан да Отунчунун сылап-сыйпаганы жагат. Экөө эс алганы отурганда өзү чарчап турганына карабай, Отунчу адам-жапайынын бети-башындагы терди жоолугу менен аарчып, анан жүзүнөн, далысынан, кең көкүрөгүнөн сылап коёт. Ал болсо колун тартып албасын дегенчелик кылып, Отунчунун колун денесине баскан бойдон бир топко коё бербейт.
Ушундай кезде адам-жапайы адамдар арасында ушул Отунчу үчүн байланып жүргөнүн сезет. Тигил жакта калган ургаачысы менен жашап келаткан жылдар аралыгында ичин жылытып, өзүнө тарткан мээримди сезген эмес эле. Эми ошол жүрөгүнүн түпкүрүндө эңсеген мээримди минтип Отунчудан таап отурат. Болбосо, бул качан эле өзү турактаган тоо тарапка сызып жөнөмөк. Убагы келгенде эле качып кетмек. Минтип Отунчуга байланып калгандан бери “мындан кийинки жашоомду көрө жатармын” деген ойго чырмалгандай.
Бир жолу тоодон карагай артынып келатып, экөө катуу жаанга калган. Ошондо кайда баш калкаласак дешип, акыры кичине үңкүргө кире качышкан эле.
Жаандан улам көйнөгү денесине жабышып, саамайынан суу тамчылаган Отунчу адам-жапайынын көзүнө ушунчалык сулуу көрүнгөн. Жука көйнөктүн ичинде өзүн тарткан мүчөгө көз жүгүртүп, анан кандайча Отунчунун жанына барып, ошол денени сылап, кармалай баштаганын билбей калган. Анда Отунчу мындан боюн тартып албай, көзүн жуумп туруп берген. Ошондо Отунчу жашоосунун кемтиги жалгыз жашап, бирөөнүн камкордугуна, эркелетүүсүнө муктаж экенин туйган. Бирок андай орунду адам эмес, минтип адам-жапайынын ээлей турганын ойлоп, бир жагынан чочулай, бир жагынан буга да макул болгондой тим болгон. Ошол үңкүрдөгү мамиле буларды бир топ жакындатып койду. Ошентип, орто билинбей жакындап бара берди.
Бир ирет адам-жапайы түшкө дейре суз жүрдү. Ал таңга маал угулган ачуу үндөн чочуп ойгонгон эле. Ал үн чындап угулдубу же түшүндө угулган үнбү, ачык айрый албады. Айтор, ал үн бир кездеги өзүнүн апасынын да, алтургай бирге жашап калган ургаачысынын үнүн элестетти. Ал үн өзүнө чакырып жаткандай, «өзүң ким экениңди унутпа» деп эскертип жаткандай сезилди. Эсинде калганы апасы бул тентектик кылганда, анан бир жамандыктан коруганда ошондой ачуу үн чыгарчу. Ургаачысы да бул үңкүргө узакка келбей же жегенге эч нерсе апкелбей калса, ошондой ачуу үн чыгарып, үтүрөңдөп калчу.
Ички сезими негедир “өзүң мекендеген жайга кет, адамдар сен үчүн эмес” деп шыбырагандай. Бул үн жөн үн эмес, алдыдагы жамандыкты эскертүүчү катары туюла берди. Апасынын элеси да көрүнүп, муну тигил тоо койнуна чакырып жаткандай болду.

Тойчубай Анаркулов

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
elif
2010-09-15 02:55:18
Kızık,nege adam-japayı,japayı adam dese bolboybu.M:Adam-kıtay debeybiz da,kıtay adam deybiz...
0
№ 410, 10-16-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан