СЕРГЕК ЖАШОО ҮЧҮН 7 КЕҢЕШ

Карантин деп эле үйдө бекер, кыймылсыз жата бербеңиз. Күн-түн режими алмашып калса да болбойт. Кандай болбосун өз ден соолугуңуз үчүн кам көрүп, чыйрак болуңуз. Бул жолу сизге сергек жашоо образы үчүн 7 кеңеш беребиз, пайдаланыңыз.

1. Сууну көп ичиңиз. Таза сууну көп ичип туруу керектигин унутуп калабыз. Күнүнө жок дегенде 1 литр суу ичкенге аракет кылыңыз. Чай, кофе, таттуу газдалган суусундуктар эсеп эмес. Тескерисинче, булардын кээ бири организмге зыян алып келет.

2. Туура тамактаныңыз. Бул келбетти калыпка келтирүү үчүн гана эмес, организмдин жалпы абалын нормалдаштыруу үчүн да керек. Рационуңуздан майлуу, куурулган, туздуу, жалаң камыр жана башка организмге оордук келтире турган тамактарды чийиңиз.

3. Уйку. Учурда канча саат уктап жатасыз жана кайсы убактарда? 4-5 саатпы? Күндүзү уктап, түндөсү кино көрмөйбү? Бул организмге зыян. 4-5 саатта организм калыбына келип үлгүрбөйт. А уйкуңуз нормалдуу болбосо кыжырдануу, чарчоо басат.

4. Активдүү жашоо образы. Карантин маалында кайсы фитнес-зал деп жатасызбы? Үйгө жакын жерден эле чуркап, үйдөн эле бийлеп, йога менен машыгып, гимнастика жасап турсаңыз жетиштүү. Бул булчуңдарды эле чыңалтпастан, маанайыңызды да көтөрөт.

5. Жаман адаттардан арылуу. Бул абдан маанилүү пункт. Тамеки чегүү, ичкилик ичүү жана башкалар. Эске алыңыз, сиздин жаман адаттарыңыз сизге эле эмес, жакындарыңызга, эң биринчи кезекте балдарыңызга терс таасирин тийгизет.

6. Таза абада эс алуу. Карантиндин эрежесин бузуп, көчөлөп кетпеңиз. Үйдүн айланасында эле таза абада көбүрөөк басыңыз.

7. Өзүңүздү сүйүңүз. Өзүнөн кемчилик издөө жашоодо эч кимге пайда алып келген эмес. Өзүңүздү кандай болсоңуз, ошондой кабыл алыңыз да, андан соң буга чейинки жакшы сапаттарыңызга, мүнөзүңүзгө кошумча аны дагы да жакшыртуу үчүн аракет кылыңыз.

Жалкоолонбоңуз! Өзүңүздүн үстүңүздөн иштеңиз да, жашооңуз кандай өзгөрүп баштаганын байкаңыз.

Гулийпа Маметосмон кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан