АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Айдан кен казуу тууралуу келишимдин долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, документ “Артемида макулдашуусу” деп аталат. Ага АКШ Канада, Япония, Бириккен Араб Эмираттары жана Евросоюздагы өлкөлөр менен бирге кол коюшу мүмкүн. Долбоордун маңызы – ар кандай чыр-чатактардын алдын алуу үчүн Айдагы базалардын айланасына “коопсуздук аймактарын” түзүү. Ал аймак долбоордо АКШ баштаган өлкөлөрдүн жоопкерчилигинде болуп, ал “аймакка” кирген атаандаш өлкөлөрдүн өкүлдөрү ал жерге эмнеге барганын, канча убакыт жүрөрүн түшүндүрүп бериши керек болору айтылууда. Келишим ошондой эле Айда кен казган компанияларга казган продукциясына ээлик кылуу укугун берет.
Дамира Арстанова
koom@super.kg