Мексиканын Соконуско аймагынын аткаруу бийлигинин жетекчиси Роландо Росас жергиликтүү тургундарга коронавирустан каза табууга тыюу салды.
Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жарыялашты. Жетекчинин “тыюу салуусу” жазылган баннер калктуу аймактын ортосуна илинген. Анда “муниципалитет администрациясынын буйругуна ылайык, анын аймагында коронавирустан каза табууга кескин түрдө тыюу салынат” деп жазылган.
Маалыматка таянсак, Соконуско аймагында 5,2 миң жаран жашайт. 7-майга карата ал жерде коронавирус жуктуруп алган бир да жаран каттала элек. Жогорудагы “тыюу салууну” жергиликтүүлөр жетекчиликтин тартипти катуу сактоо талабы катары кабыл алышкан.
Дамира Арстанова
koom@super.kg