(Башы өткөн сандарыбызда)
Адамдын өмүрүндө бир келчү ыйык той да өттү. Терезени ачып, жылдыздарды тиктеген Рустам оор үшкүрүп алды. “Бүттү! Баары бүттү. Эми менин жашоом таптакыр башка нукка түшөт. Канчалык оор болсо да, Айдананы, аны менен бирге музыка дүйнөсүн унутушум керек. Бардыгы жайында. Бирок эмнеге жүрөгүм тынымсыз ачышып жатат? Бул нерсе өтүп кетеби же өмүр бою курттай жеп, айламды кетиреби?”
Ары жакта өзүнөн көзүн албай тиктеп турган Айнураны да элес алган жок. Ал жакын келип, далысына колун койгондо гана селт эте жүзүнө тигилди.
– Эмне болду?
– Жатпайсыңбы, чарчаган жоксуңбу?
– Сен жата бер. Мен азыр...
Рустам эшикти жаап, сыртка чыкты. Айнура аркасынан тиктеп туруп, керебетине бүк түштү. Куш жаздыктарды ыргытып, жууркандарды тыткылап жатты. Баары бир көксөөсү канбады. Ошентип, экөөнүн жаңы өмүрүнүн барагы жалгыздыктан башталды. Бири үңкүйүп караңгы түн менен сырдашып басып жүрсө, экинчиси жерден боорун көтөрө албай ыйлап өткөрүштү. Ошол эле түн эмес, кийинки түндөр да муздак, суз эле. Куду бирөөнүн тагдырын, жашоосун карызга алгандай бирине-бири батынбай, жан дүйнөлөрү келише албады. Бирок алыста бүлбүл күйгөн бир үмүт, экөөнүн ортосун бириктирген бир чоң нерсе бар эле. Ал – наристе болчу. Ал төрөлсө, баары ордуна келет деп үмүттөнүп жатышты.
Бирок...
ххх
Кыз ырдап жатты. Анын мукам үнүнө термелген көпчүлүк арбалгандай көзүн алышпайт. Ыр бүтөрү менен зал жаңырып, дүркүрөгөн кол чабуулар залды жарып жиберчүдөй сезилди. Аста жүгүнүп, жагымдуу жылмайган кыз азыркылардын тили менен алганда сахнанын “признанная королевасы” болчу.
Сахнанын аркасына чыга берген аны Алым жапылдап тосуп алды.
– Азамат, менин азаматым десе...
– Кичине үнүм каргылданып кетип жатты, байкадыңызбы?
– Жок, байкабадым. Дайымкыдай эле жакшы ырдадың. Зал тим эле жарылып кетейин деди го...
Айдана мындай мактоолорго, куру сөздөргө көнүп да бүткөн. Ууртунан жылмайып коюп ары өтүп кетти да, чачтарын түздөп, күзгүгө каранып жатты. Ары-бери чуркап жүргөн Алымга да көңүл бурбады. Ооба, тез эле Айдананын жылдызы жанып, анын обондору, ырлары махабат дастанына айланып, жаштардын гимни катары бааланып калды. Анан калса эч нерсеге карабай иштеп, изденген анын нукура таланты да элдин көз жаздымында калган эмес. Концертинен кийин Айдананын алдын тороп, автограф сурагандар көп эле. Жылмаюу тартуулап, автограф коюп берип жаткан ал өзүн кимдир бирөө үзүлө тиктеп турганын байкады. Аркасын кылчайып карап, өзүн тиктеп турган Рустамды көрдү. Бир гана көз ирмемге көрүнгөн ал көпчүлүктүн арасына сиңип кетти. Жүрөгү окторула түшкөн Айдананын колунан калеми түшүп, эки жагын элеңдеп карай берди.
– Жүрү, мен сени жеткирип коём,- деп аркасынан келген Алымдын жетегинде баратып да, көпчүлүктүн арасынан Рустамдын караанын издеди. Бул чын эле Рустам болчу. Анын концерти болорун угуп, атайын келген. Бирок жолугууга, алтургай көзүнө тике кароого акысы жок экенин сезип, жанына келе албаган эле.
Машина менен кетип бара жаткан Айдана Рустамды чын көргөнүн же калп көргөнүн биле албай келе жатты. Акыркы жолку экөөнүн жолугушуусу көз алдына тартылды. Тою болгондун эртеси эле студияга жулкунуп кирип келген ал Алымды жакалай кетти.
– Акмак, сага бирөөнүн жараатын тырмоо эле керекпи?
– Эй, жинди го бул...
– Жиндини көрө элексиң. Мына сага!
Муштуму менен берип калган Рустам бардык күйүтүн, ызасын Алымдан чыгарчудай болуп титиреп жатты. Айдананын кыйкырыгы гана өзүнө келтирди.
– Болду, жетишет!
Рустам өзүнө келе Алымды бошотуп, энтиге отуруп калды. Онтогон Алым кутулганына сүйүнүп, сыртка качты.
– Сениби, көпкөн экенсиң. Атаңдын аркасынан...- сыртка чыгып бара жатып күңкүлдөдү Алым.
Бөлмөдө экөө гана калды. Оңтойсуз жымжырттыктан улам көзүн өйдө көтөргөн Рустам жүрөгү дүкүлдөп чыкканын сезди. Мына, алдында турат! Канча күн, канча түн оюнан чыгара албай кыйнаган адамы. Суроо да салбай, жектебей, таарынбай, сабырдуу тиктеп турат. Куду баласынын бейжайлык жоругуна чыдап турган энедей мээримдүү тиктеп турат. Рустамдын акылына эч нерсе чүргөлбөй, камдаган сөздөрү кайдадыр учуп кетти.
– Бул эмне кылганың?
– Эмнени айтып жатасың?
– Эмнеге Алымды урдуң? Анын күнөөсү не?
– Кечир мени!
– Ойлобо, мен сага таарынып жатат деп... Таарынган жокмун. Болгону, мен сени түшүнө албадым. Деги эле адамдарды түшүнө албайт окшойм. Сенин сүйүүң бул жашоодогу мага энчиленген чоң бакыт болчу. А менин сүйүүм сени азыктандырган абаң, суусасаң суусунуңду кандырган булагың болмок. Болбоду! Балким, тагдырдыр... Бир нерсени сурагым келет...
– Сура.
– Сен мени сүйдүң беле? Мен сүйгөндөй болбосо да, анын жарымындай, жок, жарымы да эмес, андан да кичирээк сезим бар беле мен үчүн?
– Кичинекейим, акылсызым! Мен сени эч кимди сүйбөгөндөй сүйөм.
– Анда эмнеге алмаштырдың? Байлык үчүнбү? Даража үчүнбү? Жок, сен андай нерсеге алданбайт болчусуң.
Айдана чөгөлөй калды. Рустам башын чулгуп алды. “Эмне деп айта алам? Кантип түшүндүрөм? Деги түшүнөбү? Же ого бетер жүрөгү катып, жек көрөбү?” Эрксизден колдору өзүнөн-өзү жайылып, чөгөлөп отурган Айдананы кучагына тартты. Айдана канчалык каршылык кылгысы келсе да, Рустамдын кыймылына каршылык көрсөтө албай кучагына кынала берди. “Мейли, өөп алсын. Балким, бул акыркы жолугушуудур. Мен дагы өбөм. Жок, Айдана, сен бирөөнүн күйөөсүн өөп жатасың. Ал сеники эмес!”
Ошентсе да каршылык кыла албады. Эч жатыркабай, Рустамынын кучагында отурду. Канча отурушту экөө тең билбейт. Бир убакта ордунан турган Рустам чечкиндүү үн катты.
– Айка, бул экөөбүздүн акыркы жолугушуубуз. Эми мен музыканы таштайм. А сен талантыңды булгатпа. Суранам, биз баштаган ишти аягына чейин жеткир! Менин жылдызым болчусуң. Эми элдин жылдызы бол. Сен күчтүү адамсың.
– Апам да “сен күчтүүсүң” дечү.
– Апаң туура айтат. Дагы бир айтарым, мени унут. Кичинекейим, мен сенден суранбай эле талап кылам. Биздин эскерүүлөргө малынып, убактыңды коротпо. Ал экөөбүзгө гана тиешелүү. Баары бир биздин жүрөгүбүздө жашайт.
– Аны да мен үчүн чечип койдуңбу?
– Айка, мен башка жолго түшөм. Ал жолдун сага тиешеси жок.
– Сен мен үчүн музыканы, сахнаны таштаганы жатасың. Мен андай курмандыкты кабыл албайм.
– Жок, мен ырчылык менен көпкө бара албасымды сездим. Сенин тиешең жок.
– Рустам...
– Болду дейм!
Жаалдана кыйкырып алган Рустам Айдананы бир тиктеп алып чыгып кеткен. Андан бери алты ай өттү. Ошол боюнча экөө кезиккен жок. Чымырканып иштеген эмгегинин жемиши кайтып, минтип тез эле аты чыгып, жеке концертин бергенге жетишти.
Ойго чөккөн Айдана үйүнө кантип келип калганын билбей калды. Айдана Алымдын үйүнүн эшигин ачып берип, үйгө киргизип күйпөлөктөгөнүнө күлкүсү келип жатты.
– Алым байке, мен кичине бала белем. Өзүм эле кирем.
– Жок, эми сен жылдызсың. Сенин үйүңдү акмалап, керек болсо, балконуңдан кирип келчү адамдар да көп.
Шыпылдаган Алым аны үмүттөнө жалдырай тиктеди. Бир чети улуулугун сыйлап, экинчи чети анын шакирти болгону үчүн Айдана үйүнө киргизгенге аргасыз болду.
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы кийинки саныбызда)