«КИНДИГИМДИН АЙЛАНАСЫ САЙГЫЛАШЫП ООРУТАТ»

Окурмандардан келген суроолорго Улуттук хирургиялык борбордун директорунун орун басары, гастроэнтеролог Абдрасул Калжакеев жооп берет.

 

«ОПЕРАЦИЯДАН КАЛГАН ТИГИШ ООРУТАТ»

– Мен мындан 9 жыл мурун өтүмдү алдыруу үчүн операция жасаткам. Тигиши ооруп, кызарганы кетпей, сайгылашып оорутат. Бул эмнеден улам экенин билбейм. Кантип дарыласа болот?

Замир, 56 жашта, Ош облусу

 

– Адамдын терисинин бүтүндүгү бузулганда, мисалы, кесип алабы, операциядан кийинби, териде тырык калат. Айрымдарда тырык билинер-билинбес калса, кээ бирлердин тырыгы кызарып, кычыштырып, оорутат (келоидные рубцы). Бул оорунун пайда болуу себептери азырынча белгисиз. Андыктан мүмкүн болушунча тырыкка тийбеш керек. Ал жер өйкөлбөй, жаракатка учурабашына аракет кылуу зарыл. Чындыгын айтканда, андай тырыкты операциялык жол же лазерди колдонуу менен жоготуу аракетинен натыйжа чыкпайт. Кайра өөрчүтүп жиберет. Учурда дерматокосметологдор түрдүү ыкмаларды колдонуп жүрүшөт. Эң жакшысы деп врачтар дипроспан деген дары уколду колдонуп жүрүшөт.

 

«ӨТ БАШТЫКЧАСЫНДАГЫ ПОЛИПТИ КАНТИП КЕТИРҮҮГӨ БОЛОТ?»

– Саламатсыздарбы? Карантин боло электе УЗИден өтүп текшерилген болчумун. Өт баштыкчасында 2 полип бар экен. Көлөмдөрү 6,5 жана 2,5 миллиметр дешти. Дарылана элекмин. Полипти үйдөн эле дары-дармек ичип кетирүүгө болобу же ооруканага жатуу керекпи? Полип эмне себептен пайда болот?

Акмырза, 45 жашта, Бишкек шаары

 

– Өт баштыкчасындагы полип баштыкчанын былжыр челинин өсүп, жооноюп кетиши. Андай жаңы өсүндүнүн көлөмү, саны ар түрдүү болот. Дары-дармек менен дарылоодо кетпейт. Полиптин коркунучу – анын жүрүп отуруп ракка өтүп кетиши. Эгер полиптин көлөмү 5 миллиметрден жогору болсо, анда операция жолу менен алдырып салуу керек.

Полиптин жаралышына туура эмес тамактануу, курамында холестерин бар тамак-ашты көп жеп-ичүү, өнөкөт өт оорулары, гепатит оорулары жана башкалар алып келет.

 

«ГЕПАТОЗДУ КАНТИП АЙЫКТЫРЫШАТ?»

– Мен жакында өзүмдү жакшы сезбей врачка көрүнүп, УЗИге түшүп текшерилсем "гепатоз" деген диагноз коюшту. Бул эмне болгон дарт? Операциясыз айыктырууга мүмкүнбү?

Зыяда, 54 жашта, Кадамжай району

 

– Гепатоз – бул боорду май басуу оорусу. Боордун 80 пайызын гепатоцит клеткалары түзөт. Алар боордо физиологиялык заттардын жана майдын алмашуусунда чоң роль ойнойт. Адамдар канчалык майлуу жана тез даярдалган тамактарды көп жесе боордо гепатоз оорусунун жаралуу коркунучу ошончо өсөт. Гепатоз адеп башталганда айрым клеткаларды майда-майда май баса баштайт, акырындык менен көбөйүп отуруп бүт клеткаларды май басып кетет. Боордогу сезгенүү жүрүп отуруп боордун циррозуна жана рак оорусуна чейин жеткирет. Ошондуктан сиз жакшы гепатолог врачка кайрылып, УЗИден өтүп, керектүү анализдерди тапшырып, диагноз так аныкталган соң дарыланууңуз керек. Гепатоз өтүшүп кетпеш үчүн дары-дармектер менен айыгууга болот.

 

«КИНДИГИМДИН АЙЛАНАСЫ ООРУГАНЫ ЭМНЕСИ?»

– Саламатсыздарбы? Менин киндигимдин айланасы сайгылашып оорутат. Анан канча бир убактан кийин өтүп кетет да, кийин кайра кармайт. Байкасам каалаган убакта, тамак иче электе, ичкенден кийин деле ооруганы кармайт экен. Ичим көөп, көңүлүм айланат, кусам. Ичим катпайт деле. Бир жолу врач “өт баштыкчаң ийрейип, бир аз бүктөлүп калыптыр” деген. Анын айтканы туура же туура эмес экендигин билбейм. Кандай дарылануу жолдору бар?

Аскар, 54 жашта, Талас облусу

 

– Өттүн ийрейип, бүктөлүп калуусунда сиз баяндагандай оору белгилери болбойт. Өттөгү оору ооруну киндик тегерегине бербейт. Сиздики башка оору. Диагноз койдуруп, дарылануу үчүн гастроэнтерологго же терапевтке көрүнүү керек.

 

«ПАНКРЕАТИТ ООРУСУ АЙЫГАБЫ?»

– Саламатсыздарбы? Менин балам өткөн жылы аскерде кызмат өтөп келген. Ошол жактан панкреатит оорусуна чалдыгыптыр. Келгенден бери диетада отурат. Катуу ооруганда ооруканага да жатып чыгууда. Бул дартты биротоло калтырса болобу? Операция жасатса айыгып кеткенге мүмкүнчүлүк барбы?

Зина, 43 жашта, Талас облусу

 

– Сиздин балаңызды адегенде кайрадан толук текшерүүдөн өткөрүп, диагнозун тактоо зарыл. Ал үчүн мыкты гастроэнтеролог менен гепатологго көрүнүп, текшерилүү керек. Алар УЗИден өткөрүп, керектүү анализдерди тапшыртат. Жогорудагы текшерүүлөрдөн өтмөйүнчө операция жасатуунун кереги жок.

 

Окурман, сизде ар кайсы тармактагы адиске болгон суроолор барбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган же жооп таба албай жаткан суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Суроолорду densooluk@super.kg электрондук дарегине кат аркылуу жибериңиз.

 

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 910, 14-20-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан