Пак Со Жун: «ИТЭВОН КЛАССТАН» КИЙИН СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРА БАШТАДЫМ»

Анын акыркы тартылган эки долбоору тең ийгиликтүү болду. «Секретарь Кимге эмне болгон?» сериалында мактанчаак, өзүн сүйгөн нарцисс, ошол эле маалда айкөл, мээримдүү жигиттин ролун ойносо, «Итэвон класста» өзүнөн мурун жанындагы адамдардын кызыгуусун жогору койгон камкор жигит болуп чыга келди. Бүгүн ар тараптуу талант ээси, актёр, ырчы, модель Пак Со Жун жөнүндө сөз кылалы деп турабыз.

Аты-жөнү – Пак Со Жун

Туулган жылы – 16-декабрь, 1988-жыл

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою – 185 сантиметр

Үй-бүлөдө – 3 бир тууган, эки иниси бар

Кесиби – Актёр, ырчы, модель, алпаруучу

Лейбл – «Keyeast Entertainment»

Тартылган белгилүү тасма, сериалдары – «Жамандык хроникасы», «Мителер», «Акылдан адаштырган ашыктык-2», «Мени өлтүр, мени дарыла», «Ал сулуу болчу», «Хваран: Башталыш», «Секретарь Кимге эмне болгон?», «Итэвон класс» жана башка

«КЫШКЫ СОНАТАНЫН» ЖЫЛДЫЗЫ ПЭ ЁНЖУН МЕНЕН ИШТЕШЕТ

Кичинекейинде бейсбол оюнуна кызыгып, келечекте бейсболчу болууга ашыккан Пак Со Жун орто мектепте окуп жүргөндө балалык кыялынан баш тартып, актёрлук кесипке көңүл бура баштайт. Ата-энем каалоомо каршы чыгат деп ойлогону менен, баласынын шагын сындырбай, алар Со Жундун мектепти бүткөндөн кийин Сеул искусство институтуна тапшырышына макулдук беришкен.

Со Жундун карьералык тепкичи кимдин жардамы менен түптөлгөнү да кызык. Учурда дүйнөнү каптап жаткан «корей толкуну» атактуу «Кышкы соната» сериалынан башталган делет эмеспи. 2011-жылы Пак Со Жун дал ошол сериалдын жылдызы Пэ Ёнжун менен таанышып калып, биринчи жолугушууда эле иштешүү тууралуу келишимге кол коюшкан. Ошондон бери ал Пэ Ёнжундун башкаруусундагы «Keyeast Entertainment» агенттигинде эмгектенип келет.

АКТЁРЛУК, ЫРЧЫЛЫК КАРЬЕРА

Пак Со Жундун актёрлук карьерасы 2011-жылы «Идеалдуу оюн» сериалына тартылуу менен башталган. 2012-жылы буга чейин популярдуу болгон «Акылдан адаштырган ашыктык» музыкалык дорамасынын экинчи бөлүгү жарыкка чыгып, анда Со Жун башкы каармандардын бири ырчы Ши Унун образын жараткан. Бул анын актёр катары эле эмес, ырчы катары да мыкты жөндөмгө ээ экенин далилдеген роль болгон.

Ага алгачкы наам алып келген 2013-жылы чыккан «Алтын, мен сени чакырып жатам» сериалындагы ролу болгон. Эмгеги үчүн Со Жун «Эң мыкты жаңы актёр» наамына татыган.

Ал эми аны бүтүндөй Азия чөлкөмүнө тааныткан 2015-жылы экранга чыккан «Мени өлтүр, мени дарыла» дорамасы болду. Бул дорамадан да Со Жундун мукам үнүн уга аласыз. Тасмадагы «Letting You Go» саундтрегин аткарган.

ДОС КЫЗДАРЫ КӨП

Көпчүлүккө кайсы бир ырчы же актёрдун карьерасына караганда анын жеке жашоосу кызык. Со Жун мектепте окуп жүргөндө эле кыздар арасында популярдуу болгонун айтат. «Алгачкы сүйлөшкөн адамың биринчи сүйүүң болуп калбайт» дегенге кошулам. Анткени мен биринчи сүйүүм ким экенин айта албайм»,- дейт ал. Атактуу мырза жеке жашоосун болушунча жашырганга аракет кылат. Расмий түрдө бул кыз менен сүйлөшөт деген ачык кабар чыкпаганы менен, анын торуна илиниши мүмкүн деген кыздардын ысымдары бар.

Алардын бири – «Алтын, мен сени чакырып жатам» дорамасындагы өнөктөшү актриса Бэк Жин Хи. Чогуу сейилдеп жүргөнүн көргөндөр, бир райондо жашаганын уккандар, айтор, экөөнү кыз-жигит кылгысы келгендер арбын эле болгон, бирок алардын агенттиктери экөө көп убакыттан бери дос экенин айтып моюнга алышкан жок.

Пак Со Жунду «Секретарь Кимге эмне болгон?» дорамасындагы актриса Пак Мин Ён менен кыз-жигит, ошондуктан сериалда экөөнүн ортосунда укмуштай химия билинет» деп дүрбөп жаңылык жаратышты. Бирок актёр кайра эле кесиптеши менен дос экенин айтып кутулду.

2020-ЖЫЛДА ПАК СО ЖУНДАН «ИТЭВОН КЛАСС» ЖАНА «КЫЯЛ»

Жыл башында экранга чыккан, Со Жун башкы каармандын ролун аткарган «Итэвон класс» дорамасы жөнүндө сөз кыстарып кетпесек болбос. Анткени актёр бул дорама жашоого болгон көз карашын өзгөрткөнүн айтат. «Көптөн бери мурда кайталанбаган образ жараткым келип жүргөн. «Итэвон класстагы» Пак Сэрой дал ошондой адам болду. Мен буга чейин социалдык маселелерге көңүл бурчу эмесмин, бирок Сэрой башка адам экен. Анын ролу менен кошо күнүгө адам катары өсүп отурдум. Бул дорама менин карьерамдагы бурулуш, өзгөчөлүк болду десем жаңылышпайм. Мен эми жашоого башка көз караш менен карап калдым»,- дейт ал.

Учурда Пак Со Жун актриса IU жана башка бир катар белгилүү кесиптештери менен биргеликте «Кыял» аттуу тасмага тартылып жатат. Андан кезектеги мыкты роль күтөбүз.

ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ КАМКОР

Экранда ар түрдүү образ жараткан Пак Со Жунду достору жашоодо көп сүйлөбөгөн, жоош, бардыгына эле ачыла бербеген адам катары сыпатташат. 2015-жылы Со Жундун өзүнөн кийинки иниси үйлөнүп, кыздуу болгон. Ата-энесине, бир туугандарына болгон камкор мамилесинен улам Со Жун келечекте үй-бүлөсүнө камкор адам болот дешет жакындары. Өзү болсо азырынча жеке жашоого убактысы жок экенин, алдыда жумушуна гана басым жасаарын айтат. Эмнеси болсо да бактылуу бол, Пак Со Жун!

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nur090909
2020-05-18 16:34:54
Талантту актёр,мыкты аткарат. Итевон класс соооонун киного, тарбиялык жактан дагы.
+3
Asel69
2020-05-19 09:37:54
Ушундай таасирдуу мыкты, талантуу искуство актерлордон иниервью алып тургула.
+2
vikidiki
2020-05-19 11:07:43
Таланттуу актёр.
+2
№ 910, 14-20-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан