2020-жылдагы Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү белгиленет. Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түн. Мындай маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Орозо айы бүтөрүнө 10 күн калганда Кадыр түн белгиленет. Кадыр түндүн анык датасы тууралуу аалымдар арасында талаш бар. Бирок алардын баары Рамазан айынын акыркы он күнүндө экенин бир ооздон айтышат.
Кадыр кечесинин жашырылып сыр болуусунун себеби:
1. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, анда жалкоо табияттар бүгүн Кадыр кечеси деп, калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.
2. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, кайсы бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.
3. Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат.
Бул түндүн Кадыр түн деп аталышы тууралуу көп ой-пикирлер айтылган. Касиеттүү бул түндө Ыйык Куран түшүрүлгөн делинет. Кудай бул түндү жыл бою боло турган бардык иш-аракеттерди адамга тагдыр кылат. Мисалы, кимге канча ырыскы берилери, оору-сыркоодон, апааттан аман болушу сыяктуу иштер тагдыр катары жазылат. Кадыр түндү тоскон адам Кудайдын алдында буга чейин жетпеген улуу даражага жетет.
Бул түн өкүм буйрук кылуучу түн, андыктан аны жакшы ниет, тилек, дуба менен өткөрүү абзел.
Намаз окуу, анын ичинен Таравих намазына катышуу, зикир чалуу, Куран окуу, Кудайдан кетирген күнөөлөр үчүн кечирим суроо, тобо кылуу, көп-көп тилектерди айтуу менен коштолушу керек.
"Ушул түнү Куранды периштелер асмандан түшүрдү, Кадыр кечесин тосуу миң айдан жакшыраак" делинет. Миң ай аалымдар эсептеп чыкканда болжол менен 82-83 жылды түзөт. Демек, адамдар бир түндө ушунчалык чоң сооп ишин аткара алат. Жалпы элибизге, мамлекетке, үй-бүлөбүзгө тынчтык сурап өткөрүү жакшы. Адам эмне сураса Кадыр кеченин урматына Кудай сөзсүз берет деп ишенүү керек.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg