Испаниялык 113 жаштагы Мария Браньяс аттуу кемпир коронавирустан айыккан эң кары адам катары таанылды. Маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.
Олот шаарындагы Санта-Мария-дель-Тура карылар үйүндө март айында коронавирус жугузган алгачкы адам аныкталган. Бул жайда жашаган Мария Браньяс да илдетти жугузуп алып, ооруп калган.
Оорунун симптомдору билинген эмес, ал өз бөлмөсүнөн эч кайда чыкпай изоляцияга алынган. Ооруп, бөлмөдө жалгыз калган учурда кемпир 113-туулган күнүн жалгыздыкта өткөргөн.
Бактыга жараша, Мария Браньяс оорудан айыгып, ал эми карылар үйүнүн илдет жуктуруп алган 17 жашоочусу каза болуп калгандыгы жазылат маалыматта. Браньястын 3 баласы, 11 небереси, 13 чөбөрөсү бар.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg