Мезгил үнү
Учурда тамак-аштын, тиричилик буюмдарынын,кызмат көрсөтүүнүн, ошондой эле банктардын түрлөрү көп. Андыктан Бишкекте буларды жарнамалаган көрнөктөр да толтура. Бирок алардагы туура эмес котормолор, орфографиялык жана грамматикалык одоно каталар зээнди кейитпей койбойт.
АШКАНАДААЖАЙЫП МААНАЙ...
“Ката жазылыптыр” деп оңдогуңуз келип кеттиби, окурман? Мына ушундай ката Манас-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тиричилик буюмдары жарнамаланган көрнөктө бадырайып турат. Сыягы, жарнама берүүчүлөр буюмдарды жарнамалагандан тышкары элди жаңылмачты бат айтып үйрөнүүгө даярдап жатабы деп кетесиң. Анан эмей, ашканадаажайып деп эки сөздү кошуп окуп жатпайбызбы...
ЖАШОО ЫРЫХАТЫ
Бул көрнөк да Манас кең жолунда илинип тура берип өңү оңуп кетти. Ушул аралыкта миңдеген шаардыктар, сырттан келген кыргыз боордошторубуз жарнактагы “Жашоо ырыхаты Халык Банк менен” дегенди окуп, далысын күйшөп өтүп жаткандыгы анык. “Ырыхаты” деген казак сөзүбү дейин десең, жарнама кыргыз, орус тилинде гана жазылып турат.
Анан “ырыхаты” деген сөздү чыгара койгондорунан улам кең Бишкекте кыргыз тилинде сабаттуу жаза алган бир адамдын табылбаганына бир жагынан таң калсаң, бир жагынан кыжырданбай койбойсуң.
ТАШ ПИЯЗ, ТАТЫ МАЛ
Шашып калганда же жалкоолонгондо даяр чүчпара ала коюп бышыра салуу – кадыресе көрүнүш. Бул жолу колубузга “Достук” чүчпарасы тийди. Артындагы кыргызча котормосун карап, төмөндөгүдөй жазууларга көзүбүз түштү:
Курамы: Уйдун эти, малдын майы, таш пияз, мурч, ун ж/с, жумуртка, туз, таты мал.
100 г азыкта: белок – 15 г, май – 20 г.
Энергетикалык баалуулугу – 360 ккал.
t -10 С 1 ай ашарбай сокталсын;
t -18 С 3 ай ашарбай сокталсын.
Эми, окурман, өзүңүз калыс болуңуз, таш пияз деген сөздөн бир нерсе түшүндүңүзбү? Пиязы го түшүнүктүү, бирок ташы эмнеси деп желке кашып калдыңызбы? Биз да окуп алып ошондой абалда болдук.
“Таты мал” деген сөз качантан бери минтип экиге бөлүнүп жазылып калган?” деп баш чайкайсың.
Ал эми “ашарбай сокталсын” деген сөз айкашы кайдан келген? Муну окуп, тили жаңы чыгып, чулдурап сүйлөгөн баланын же башка улуттун тили менен жазылганбы деп кетесиң.
ТАРТТЫРУУЛАР, ГЕПИЛДИГИ МЕНЕН
Байтик көчөсүндөгү бул көрнөктөгү “тарттыруулар” деген сөздү окуп, “эмнени тарттырат?” дейсиң. Орусчасын окуганда гана сөз спорт оюндарын башка жактан алып көрсөтүү тууралуу болуп жатканын баамдайсың.
Киев көчөсүндөгү бул жарнакта “бижутериалардын”, “гепилдиги”, “женил” жана “ондоолору” деген туура эмес жазылган сөздөр бар. Баарынан да “кепилдик” деген сөз качан эле мурдунан сүйлөгөн маңкалардын сөзү сыяктанып “гепилдик” болуп калганына таң каласың. Ошондой эле «ондоолору» деген туура эмес котормонун ордуна «оңдоо кызматы» деп жазылса болмок. Анан да оңдоолор качан эле оор, женил деп айтылчу эле? “Оңдоого кыйын”, “оңдоого жеңил” деп айтылып келе жатканы маалым эмеспи. Ал эми “бижутериалардын” деген сөздүн туура жазылышы “бижутериялардын”, бирок кыргызча “асем буюмдар” экендигин айта кетели.
Минтип кыргызча сөздөрдү каалагандай бөлүп жазуу же бириктирип салуу, орусчадан которо албай калса, каалаган сөзүн жазып таштагандык – тилди кордоо эмеспи. Жарнама ээси (же ишкана ээси) орус болобу, кыргыз, дунган болобу, текстти туура котортуп, туура жаздыруу – бирдей талап. Ошол талаптардын аткарылбай жатканына ким күнөөлүү?
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg