Англиянын Саутгемптон шаарынын жашоочусун 4 жашар кызы куткарып калды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жарыялашты.
32 жаштагы Кэти Хамфрис аттуу аял үйүндө 4 жашар кызы менен ойноп отуруп, өнөкөт астма оорусу кармап калган. Приступ катуу кармагандыктан ингалятор да жардам берген эмес. Эсин жоготуп жаткан Кэти 4 жашар кызынан жардам сураган. Кызы Фейи куткаруу кызматына телефон чалып дарыгерлерди чакырганга акылы жеткен. Ал “апам дем ала албай жатат, фамилиясы Хамфрис” деп билдирген. Бул алардын дарегин табууга жардам берген. Куткаруу кызматынын оператору “Тез жардам” Хамфристин үйүнө жеткенге чейин кичинекей кыз менен сүйлөшүүсүн улантып турган. Дарыгерлер Фейинин апасын жасалма дем алдырууга үлгүрүп калышкан.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg