АЙЫЛ БАНК ААКсынан ДЕПОЗИТ: ДӨӨЛӨТТҮҮ КАРЫЛЫККА КАМКОРДУК

Бардык маселени алдын ала кылдат ойлонуштуруп иш кылган сарамжалдуу адамдар пенсия курагына жеткенге чейин эле ага кам көрүп, келечек үчүн каржы көйгөйүн чечип коюуга жетишет. Анткени жашың өтүп, кутман куракка келгенде эч кандай түйшүксүз, байгерчиликте жашоо өтө актуалдуу маселе эмеспи. Башкача айтканда, балдардан жардам күтүп отурбастан күндөлүк эсептерге төлөө, зарыл болгон сапаттуу азыктарды сатып алуу, сууга түшүп же спорттун башка түрү менен машыгуу үчүн абонементтерди сатып алуу, каалаган жагыңа сапарга чыгып, эс алууга жолдомо алуу – бул ардактуу эс алууга чыккан пенсионерлер үчүн да мүмкүн болгон шарттардан болууга тийиш. Ошондуктан дөөлөттүү карылыкты камсыз кылуу үчүн ага алдын ала камкордук көрүү зарыл.

Турмуштук ар кандай жагдайлардан улам ага мүмкүн болбой, бирок пенсия курагы келип калган болсо да, буга анчалык деле кабатыр болуунун кажети жок, анткени рынокто кеңири колдонулуп жаткан финансылык/банк инструменттери – депозит топтоо мүмкүнчүлүгү Сиздерге жакындан жардамга келет.

Бүгүнкү күндө “Айыл Банк” депозиттердин ар кандай түрүн сунуштап, калайык калктын ишенимине ээ болуп, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүн өркүндөтүү жолунда. Пенсия курагына жеткен жарандар үчүн каралган мүмкүнчүлүктүн бири – үстөк пайызы ай сайын төлөнүп туруучу “Ардагер” депозити, ошондой эле “Керемет”, “Кенч” депозиттери боюнча учурда банк “Стандарттык ченге кошумча дагы 1%” акциясын өткөрүп жаткандыгын жана бул иш-чара 2020-жылдын 1-августуна чейин созула тургандыгын билдирип кетмекчибиз.

Демек, “Айыл Банктын” жакын жайгашкан кайсы болбосун кеңсесине келип, улуттук валютада 36 айга чейин, башкача айтканда, жылдык 11% алдында 3 жылга “Ардагер” депозитин ачып, сунушталган ыңгайлуулуктан пайдаланып, карылыкка ишенимдүү камкордук көрсөңүздөр болот.

Мындан тышкары “Айыл Банктан” ар айлык пенсия чегерилип турууга тийиш болгон Элкарт картын алгандар үчүн, эгерде алар тиешелүү кызмат көрсөтүүдөн пайдаланууга өтүнүч кат менен алдын ала кайрылган болсо, ошол карттан “Ардагер” депозитине белгилүү бир сумманы ай сайын которуп туруу ыңгайлуулугу да жөнгө салынгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Ошентип, ар бир жолу банктын кеңсесине келип, убара болуп отурбастан эле, айрыкча Covid-19 пандемиясы орун алып турган ушул шартта, салынган депозитти эч кандай тоскоолдуксуз улам толуктап туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

Демек, “Айыл Банк” сунуштап жаткан алгылыктуу шарттан пайдаланып, топтогон акчаны көбөйтүп алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калууга үлгүргүлө.

Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай,
жашоо шартыңызды өзгөртүңүз!

Бул боюнча толук маалыматты банктын www.ab.kg сайтынан жана 0312 68 00 00, 0556 68 00 00 телефондору аркылуу алууга болот.

«Айыл Банк» ААКсы Кыргыз Республикасынын “Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө” мыйзам талабына ылайык, депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат жана ага катышкан банктардын реестринде 2009-жылдын 12-августунда 18/09 номеринде катталган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 911, 21-27-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан