ЖЫЛДЫН АЛГАЧКЫ ҮЧ АЙЫНДА “КУМТӨР” 4,7 ТОННА АЛТЫН ӨНДҮРДҮ

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (“Кумтөр”) 2020-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктарын чыгарышты. Жылдын алгачкы үч айында “Кумтөрдө” 4737,28 килограмм алтын өндүрүлүп, компаниянын салыктары жана милдеттүү төлөмдөрү 2,82 миллиард сомдон ашкан. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компанинин” ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

 

АЛТЫН ӨНДҮРҮҮ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ

2020-жылдын биринчи чейрегинде “Кумтөрдүн” кен кампасындагы алтын өндүрүүнүн көлөмү 152 307 унция (2019-жылдын ошол эле чейрегинде ал 150 308 унцияны) түзгөн. Биринчи чейректе белгиленген өсүш, ириде рудадан алтынды ылгап алуунун жогорку көлөмү, ошондой эле курамында алтын бар көмүртек бөлүктөрүн кайра иштетүүнүн натыйжасында алтын өндүрүүнүн жогорулашына байланышкан. Бул бир жагынан кендеги алтын курамынын төмөндөшү менен теңделген. 2020-жылдын биринчи чейрегинде өнөр жайлык кайра иштетүүгө 83,7 пайыз ылгоо көлөмүндөгү 3,5 г/т орточо курамы менен руда берилген. Мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,7 г/т жана 82,0 пайызды түзгөн.

2020-жылдын биринчи чейрегинде 160 090 унция же 4979,36 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдө жалпы киреше 2020-жылдын биринчи чейрегинде 248,9 миллион долларды түздү.

 

COVID-19

2020-жылдын биринчи чейрегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен “Кумтөрдө” COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн. Ошентип вахта иштеринин мөөнөтү узартылып, алтын ылгоочу фабрикаларда негизги өндүрүштөрдө иштеген жана тоо-кен иштеринин өндүрүшүнө тартылган кызматкерлердин ортосундагы контакттарды азайтуу, эмгек гигиенасынын эрежелерин катуу сактоо, келишим менен иштеген кызматкерлер үчүн дагы эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоо максатында, ошондой эле жергиликтүү калктын жана башка кызыкдар адамдардын кызыкчылыгында социалдык аралыкты сактоо боюнча чаралар көрүлдү. Андан тышкары бул чаралар кен үзгүлтүксүз иштей тургандай бардык байланыштын тынымсыз иштешин камсыздоо максатын көздөйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өлкө ичиндеги адамдардын жана жүктөрдүн кыймылынын эркиндигине киргизилген чектөөлөрдүн катаалдыгына карабастан, Өкмөт тарабынан «Кумтөр» кениндеги өндүрүштүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо ишине колдоо көрсөтүлдү.

 

СКОТТ ПЕРРИ: “COVID-19 ВИРУСУНА КАРШЫ ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮП ЖАТАБЫЗ”

“Центерранын” президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри: “Биз COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүнүн алкагында анын жайылышынын алдын алуу, кызматкерлерибиздин, келишим менен иштеген адамдардын, ошондой эле жергиликтүү калктын ден соолугун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык чараларды көрүүдөбүз. Андан тышкары 2020-жылдын 19-апрелинде «Өксүт» кенинде бир жылдык ишибизди үзгүлтүккө учуратуучу кырсыктарсыз жыйынтыктаган маанилүү окуяны белгиледик. Мындай жетишкендиктердин артында өзүбүздүн «Work Safe-Home Safe» программабызды кынтыксыз аткаруубуз турат”,- деп белгиледи.

«Кумтөр» менен «Маунт Миллигандын» 2019-жылдын төртүнчү чейрегиндеги натыйжалуу ишмердиги 2020-жылдын биринчи чейрегинде дагы ийгиликтүү уланды. Бул эки ишкана тең жалпы 185 988 унция көлөмүндөгү алтын өндүрүүгө жетишишти. Муну менен алардын сатылган продукциясын унцияга кайра эсептегенде кошумча өндүрүмдүн негизиндеги алардын өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолору 2020-жылдын биринчи чейрегинде 712 долларды түздү. Бул чейрек “Кумтөр” үчүн дагы ийгиликтүү болду: 152 307 унция алтын өндүрүлүп, муну менен кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор 644 долларды түздү.

«Кумтөр» чейрек бою штаттык режимде иштөөнү улантты. Фабрикада күн сайын 18 миң тоннага жакын кампадагы руда иштетилди. COVID-19 вирусу менен күрөшүүнүн алкагында ишканада төрт жумага чейин эки жумалык режим менен иштөөнүн вахталык ишинин графигин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Жаңы нөөмөт өз убагында ордуна жеткирилет жана кызматкерлер карантиндик шарттарда жашайт. Андан тышкары кендин аймагына келген учурда жетекчилик тарабынан ар кайсы нөөмөт кызматкерлеринин ортосундагы контакттарга жол берилбейт»,- деп кошумчалады Скотт Перри.

Биринчи чейректин толук жыйынтыгы менен бул жактан тааныша аласыз:

https://www.kumtor.kg/kg/q1-2020

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
oshondoiraak
2020-05-26 17:19:12
Мин тонна ондурсо да бир тыйын пайдасы бололек
0
ernis_07
2020-05-27 06:34:29
Бир жылы мөңгүнү көчүрүп алтын казып алганга Жогорку кеңештин депутаттары колдошконбу же колдоо тапкан эмес Сапар сары көтөрүп чыкты эле го ким билет
0
№ 911, 21-27-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан