Эшикте шатыратып жамгыр төгүп жатты. Бөлмөм суук тартып, жамгырдын эле үнү угулганы болбосо, тымтырс. Бир бөлмөлүү батирде эскирген керебет, чай ичкен кичинекей стол, бир аз идиш-аяк жана дубалга илинген үй-бүлөмдүн эски сүрөтүнөн башка эч нерсе жок. Уктап кетиптирмин. Түшүмө апам менен бир тууган карындашым кирди. Баарыбыз чогуу айылдагы бакчада отурган экенбиз. Апамдын ак жуумал жүзү, жүзүнө жарашкан апакай жоолугу, жумшак колдору, мээримдүү көздөрү.
Карындашым башына гүлдөрдөн ободок жасап кийип алып, ары-бери чуркап жүрөт.
– Керим, кел, ысык чайдан куюп берейин. Арууке, жыгыласың, этиятта.
Апам адаттагыдай мээримдүү үнү менен экөөбүзгө кайрылды. Күн чайыттай тийип турат, чымчыктардын сайраганы угулат.
Чочуп ойгондум. Ка-ап, ушул түшүм өңүмө айланып калса эмне?.. Апамдын колунан түшүмдө эмес, өңүмдө чай ичсем кана?! Карындашым менен кубалашып ойноп, аны эркелетсем эмне?! Апамдын кучагында эркелеп, анын жумшак колдорун кармасам... Эх, азыр экөөңөргө Куран окугандан башка колумдан эч нерсе келбейт.
Баары түшүнүктүү болуш үчүн башынан баяндап берейин.
Биз айылдагы эң бактылуу, үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн бири элек. Апам мектепте мугалим, атам айыл башчы болуп иштешчү. Мен мектептеги алдыңкы окуучулардын катарында болчумун. Мектепте өткөн ар кандай иш-чараларга катышып, активдүү элем. Ар кандай иш-чараларды алпарчумун.
Ошондой бактылуу күндөрүбүз өтүп жатты. Бир күнү коңшу айылда жашаган туугандарыбыз той берип, атамдарды чакырып калышты. Күндөгүдөй эле сабактан келсем, атам:
– Уулум, келдиңби? Бизди тиги Жумагүл эжеңдер чакырып жатат,- деди.
– Ата, бүгүн менин туулган күнүм го, барбай эле койгула да. Чогуу белгилейли.
Апам сөзгө аралашты:
– Кой, балам, барбасак уят. Атайын чакырып жатса.
Каргашалуу ошол күн. Негедир аларды кетиргим келбей, көпкө чейин кыйылып тургам. 3кө жаңы чыккан карындашымды алып жолго чыгышты.
Жолдо кетип баратып айылдын чыга беришиндеги көпүрөдөн машина ала салып авария болушуптур.
Атамдын абалы оор болуп, апам менен карындашым ошол жерден жан беришиптир.
Туугандар келип суук кабарды угузушту.
– Жо-ок, апа-аа... Менин мындан аркы жашоом кандай болот? Мени дагы ала кеткиле, менин жашагым келбейт!- деп кыйкырып ыйлап жаттым.
Бейкүнөө наристеде эмне күнөө? Карындашым, кичинекейим менин. Тыпылдап басып, тим эле таттуу сүйлөп калбадың беле?! Жанымды коёрго жер таппай, каңырыгым түтөп, жашоом астын-үстүн болду да калды. Бактыга жараша, атам аман калды. Эми жалгыз таянар тоом атам эле. Мурдагыдай бактылуу жашообуздун быт-чыты чыкты.
Күндөр өтүп жатты. Атам мурдагы жумушунда эле иштеп жүрөт. Мен мектепке барганым менен, окууга көңүлүм келбей, өзүмдү таштап салдым. Атам дагы жүдөп, мурдагыдай шайыр мүнөзүнүн бири жок. Апам жок үйдүн ичи караңгы болуп, эңшерилип калдык.
Арадан билинбей эки жыл өттү. Мен мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырганы борборго келдим. Бирок мен каалаган окуу жайга өтпөй, өзүбүздүн райондо эле калып окумай болдум. Окуум менен алек болуп, окуудан сырткары бир тойканада официант болуп иштеп баштадым. Бир күнү айылдан районго атамдын карындашы келип, атам башка аял аларын айтты.
– Керим, айылда бир күйөөдөн чыккан келин бар экен, атаңа ошону алып берели деп жатабыз.
Уккан кулагыма ишенбей, бир топко чейин дел болуп турдум.
Кантип? Кандайча? Апамдын ордун башка бирөө ээлейби? Жок, жок, андай болушу мүмкүн эмес.
Ошентип атам кайрадан үйлөндү. Бул жашоодо ар бир адамдын тагдыры ар кандай болот экен. Өгөй энемди өз энемдей кабыл ала албай, борборго кетип калдым. Балким, бул жактан жашоомду бөлөк нукка бура турган жагдай издедим? Балким, жашоом борбордон өзгөрөт деп ойлодум. Бала чагымдан өжөр, айтканымдан кайтпаган мүнөзүм бар.
Атамды аяйм, анын мындан ары бактылуу жашашын каалайм. Азыр алыстамын, айылдагы үйгө баягыдай эле өз апамды сагынып, шашылып баргандай баргым келет. Бирок өгөй энем мага өз энемдей боло алабы? Энем берген мээримдин бир кичине бөлүгүн болсо да тартуулай алабы? Мен ага апама эркелегендей эркелей аламбы? Ушул ойлордон арыла албай келем. Айрыкча жашоодон эрте кеткен апакем түшүмө кирген күндөрү...
Керим