САЛИМА БАЛТАЕВА, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТИ: «АВТОБУС МЕНЕН ЕВРОПАНЫ КЫДЫРГАНБЫЗ»

Биз сөз кыла турган ырчы опера ырчысы болгусу келчү. Бирок тагдыр чечүүчү күнү Опера жана балет театрына ишке кире албай калып, кийин фольклордук жаатка ооп, элге жеке ырчы катары таанылган. “Көктөм эле”, “Жоогазын ыры”, “Туулган жер” деген ырларды элдин жүрөгүнө жеткире ырдаган, жашоого позитив менен караган, күлкүсү өзгөчө айым жашоосунда эч нерсеге өкүнбөй турганын айтат. Кыргыздын сыймыктуу кызы Салима Балтаеванын атактуулукка карай жолун баяндайбыз.

 

«ДИЛ БАЯНЫМДЫ АЛМАШТЫРЫП САЛЫШЫП, ОКУУДАН КУЛАП КАЛГАМ»

– Өзүмдү билгенден тарта эле ырдап келатам. Бала бакчада концерт уюштурушканда сөзсүз ырдачу элем. Конокко барганда мени ырдатышып, акча берип коюшчу. Ар бир бала көңүл бурууну жакшы көрөт эмеспи. Чоңдор акча берип, мактап коюшса ого бетер шыктанып алсам керек. Мектепте окуп жүргөндө да ырдап жүрдүм. Бирок айылда “ырчылык кесип болбогон нерсе” деген түшүнүк бар эле. Мектепти бүтүп жатканда “ырчы болом” деген бүтүм чыгардым. Гезиттерден ырчылыктын жогорку окуу жайы бар экенин билип алган элем. “Борборго барам, ырчылыкка окуйм” деп болбойм. Атам “башка кесип жок бекен? Мугалим бол!” деп каршы чыкты. 3 күн тамак жебей ыйлап жатып алдым. Эжем ортого түшүп “ата, барып келсинчи, балким, өтпөй калат” деп жатып мени борборго жиберишти. Искусство институтуна келип, төртүнчү сынактан кулап калдым. Болгондо да өзүм жакшы көргөн кыргыз тили, адабият сабактарынан дил баян жазып, кулап калдым. Бул мага катуу сокку болду. Анткени жакшы окучумун. Кийин документтеримди алганы бардым. Көрсө, мен 100 пайыз өтмөк экенмин. Ал кезде документтериңдин ички бетине дил баянды тиркешчү. Ошол заманда эле коррупция бар экен. Менин дил баянымдын ордуна эркектин кол жазмасы менен жазылган дил баянды тиркеп коюшуптур. Кайра барып ызы-чуу кылып өз колум менен жазылган дил баянды таптырсам деле болмок. Бирок намысым жол бербей, тим койдум. Ошентип Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга окууга тапшырдым. Ал жакка да өтпөй калдым. Ырчылар Сыймык Бейшекеев, Нуриза Абасова болуп чогуу тапшырганбыз. Үчөөбүз тең өтпөй калганбыз. Ошол жерден Жумабек Алиев деген агай “Опера жана балет театрынын алдында студия бар. Ошого тапшыргыла. Ал дагы бул жердей эле мыкты окуу жай, маданияттын туу чокусу” деп калды. Азыркыга чейин ал агайга бизге жол көрсөткөнү үчүн ыраазы болуп келем. Ошол жакта окуп жүрүп классикалык музыкалык аспаптардын жардамы менен биринчи жолу чоң сахнага чыктым.

Студент болуп ачка-ток калып жүрдүк. 1-курстан баштап Опера жана балет театрында кийим илгич болуп иштедим. Кечки жумуш болгондуктан, окуума зыяны тийген жок. 1-курстан баштап шаарда биз ырдабаган жер калган жок. Комузду көтөрүп эле жөнөп калчубуз. Ырчылык да өзүнчө оору да, талантың түрткүлөп жаткандан кийин элдин алдына чыгып ырдап турбасаң кыйналасың.

 

«ОПЕРА ЖАНА БАЛЕТ ТЕАТРЫ ЖУМУШКА АЛБАЙ КОЙГОН»

– Опера жана балет театрынын алдындагы студияны бүтүрүп, кайра Улуттук искусство институтуна тапшырдым. Опера жана балет театрынан таасирленип келип опера-вокал бөлүмүнө тапшырдым. Жалаң классикалык ырларга ыктап кеттим. Дүйнөлүк операларды жаттап, ошол дүйнөдө жашап калдым. Өзүмдү опера ырчысы катары даярдап жаткам. Опера жана балет театры бизде бирөө эле эмеспи. Окууну бүткөндөн кийин дипломду көтөрүп алып барсам “орун жок” дешти. Дароо солист кылып албасын билчүмүн. “Жок дегенде хорго алгыла” десем ал жакта да орун жок экен. Элестет, ийне менен кудук казгандай алгач студияны, кийин 5 жылдык консерваторияны, андан кийин аспирантураны окуп бүтүрсөм мага орун жок. Дүйнө аңтарылып кеткендей эле болду. “Эмнеге ушунча жыл казынып окудум?” деп депрессияга түшүп кеттим. Бирок баары бир жашаш керек да. Бир эженин кеңеши менен Жал кичи районундагы мектепке музыка сабагынан мугалим боло турган болдум. Балдар менен кадимкидей алаксыйт экенсиң. Жыргап эле калдым. Ичимден “мугалим болгон деле жакшы тура. Эмнеге мынча жыл коротуп кыйналдым?” деп коём.

 

«ДҮЙНӨ КЫДЫРЫП КЕЛГЕНИМ КҮЧ БЕРДИ»

– Мектепте үч ай иштегенден кийин чет өлкөгө гастролго барууга сунуш түшүп калды. Ооз комуз, комуз ойноп калчумун. “Өзүмдү фольклор жаатында да сынап көрсөм кантет?” деп ойлонуп, сунушту кабыл алдым. Гастролдо жети ай жүрдүк. Болгондо да автобус менен кыдырганбыз (күлүп). Өзбекстандан баштап Түркмөнстан, Түркияга чейин кыдырдык. Андан ары Болгария, Румыния, Башкортостан, Польша, Австрия, Швейцария, Германияга чейин бардык. Кайра келе жатып Беларусь, Орусия, Татарстан, Казакстанды, айтор, 19 мамлекетти кыдырып келгенбиз. Бул 1998-жылы болгон окуя.

Дүйнөнү кыдырып келгеним мага аябай күч берди. Ырчы Айбек Карымов ошол кезде “Ай теңир” деген топ түзгөн. Топко солист катары чакырып калды. “Жоогазын ыры” деген чыгарманын диапозону бийик болуп, ырчыларга сунуштаса эч кимисине ылайык болбой жатыптыр. Бир чөйрө болгондон кийин бири-бирибизди билебиз да. Көбү “ырдаса, ушуну Салима ырдайт” дешкен экен. Ыр мага жагып калды, эстрадага салып ырдап кеттик. Өзүмө да жагып, эстрада жагына ооп кеттим.

Устатым Кайыргүл Сартпаева СССРдин Эл артисти наамын алган залкар инсан. Ал “классикалык билим алгандан кийин жеңил-желпи ырлар жакка ооп кетпе. Сен олуттуу кара” деп көп айтчу. Аны эстеп алып жаман болом өзүмдү саткындай сезип (күлүп). “Эже эмне дейт болду экен?” деп кыжалат болуп жүрдүм. Жолугуп калганда “угуп жатам. Жаман эмес, жакшы. Бирок...” дегендей ичинен бир аз ыраазы болбогондой пикирин айтты. Ал мени опера ырчысы катары тарбиялаган да, ичи ачышты окшойт.

 

«БАШЫНДА БЕКЕР ИШТЕП ЖҮРДҮМ»

– Ошентип солист катары Айбек Карымовдун тобунда иштеп калдым. Кыргызстанда биз барбаган жер калган жок. Азыр ырдап туруп социалдык тармакка жүктөп койсоң эле эл таанып жатпайбы. А биз ошонун “живой” түрүн жасадык. Концерт коюп кыдырып эле жүрчүбүз. Бир көргөн эл “баланча ырды ырдаган баланча ырчы экен” деп тааный баштайт. Ошентип жүрүп таанылдык. Эл кээде келет, кээде келбейт. Өз киндигибизди өзүбүз кестик. Акча алсак сүйүнөбүз. Кээде бапыраңдап жакшы акча таап калчубуз. Акча айдоочуга, музыкалык аппараттарды койгон адамдарга, анан бизге бөлүнчү. Башында мен бекер иштеп жүрдүм. Формага деле баш оорутпайбыз. Айбек экөөбүздүн бирден эле сахнага кийген формабыз бар эле. Анын тигиши оңго караган бир чапаны, менин тигиши солго караган бир көйнөгүм бар. Ошону кийип эле кыдыра берчүбүз (күлүп).

Биз жандуу ырдап элге алындык. Жарык өчүп калса да Маданият үйүнө келген адамдардын көңүлүн калтырбай ырдап кетирчүбүз. Ырдап жатсаң тентек балдар алыстан рогатка менен бутка атышат. Кээ бири кызуу болуп алып ат менен жөөлөп кирип келет. Эми бир башкача окуялар болчу.

Үч жылдай иштедик окшойт. Атыбыз чыгып, каражат таап баштаганыбызда акчанын айынан пикир келишпестик болду. Мен калыстык болбой жаткан жерде чыдабай кетем. Карап турсам калыстык жоголуп эле баратат. Экинчиден, гастролдордон чарчап калдым. Үчүнчүдөн, “ушунча билим алып эстрада ырчысы болуп эле талаалап кетемби?” деген ой туруп алды. Эмгек китепчем да бош боюнча турат. Ошентип мамлекетке иштейм деп чечтим. Чөйрөмдөгүлөр да “өзүңдүн атың менен чыга турган дареметиң бар. Эмнеге бирөөнү багып жүрөсүң?” дегендей айтышты. Андай сөздөргө деле таасирленген жокмун. Өзүмчө иштегим келип, топтон чыгып кеттим. Кудай жалгап, Улуттук филармонияга ишке орношуп калдым. Ошол кезде Керим Турапов жетекчи эле. Анын чакыруусу менен иштеп калдым. Ошондон бери Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солистимин.

Салима Балтаева деген атты чыгарганга ким жардам берди? Сиз сурамайынча өзүмө ушул суроону эч бербептирмин. Азыр оюма эч ким келген жок. Демек, Салима Балтаеваны өзү эле жаратты. Эмгек, өжөрлүк менен ийгиликтерге жетиштим. Албетте, акылын айтып, багыт берген эже-агайлар болду. Бирок демөөрчү, продюсер же менеджер дегендер менде болгон жок.

Мен дагы бир нерсени айта кетейин, мен мурда аткарылбаган ырларды ырдадым. Ал ырлар мен аркылуу элге таанылып, жүрөктөргө жетти. Ырчылык кесибиме, бул кесипти тандаганыма ыраазымын.

 

Шарипа Балтаева, эжеси:

«САЛИМА 9 ЖЫЛ ЫРЧЫЛЫКТЫН ОКУУСУН ОКУДУ»

– Мен 10-класста окуп жатканда Салима 4 жашта болчу. 4 кыз чогулуп алып конспект жазымыш болуп отура берчүбүз, андайда Салима жанымдан чыкчу эмес. Айыл боюнча бир патефон бар эле, аны алып келип алабыз. Мени менен таң атканча уктабай отуруп, анан жуунуп-таранып алып бала бакчага кетип калчу. Студент кезимде бир сынакка катышып комуз утуп алгам. Салима комуз черткенди айылдагы Зейнеп деген эжеден ошол комуз менен үйрөндү. 3 жашында "Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып" деген ырды сонун ырдачу. Ырчы болушуна атам каршы болгонун билбей калдым. Анткени турмушка чыгып кеткем. Ата-энем экөө тең ырдачу. Атам катаал киши болчу. Салима да беттегенин бербеген көк бет эле. Ошол өжөрлүгү, өз мээнети менен ушул ийгиликтерге жетти.

Кийин атактуу Кайыргүл Сартпаеванын колуна тийип аябай жакшы тарбияланды. Бирок опера ырчысы болбой калды.

Бир жолу Сыймык Бейшекеев, Нуриза Абасова болуп концерт койгону биринчи жолу Ошко келип, афишаларын илип жүргөндөрү эсимде. Кийин Айбек Карымов менен “Дил кайрык” ырын ырдап чыгып, экөө тең ошол ыр менен таанылды.

Ырчылык үчүн көп оорчулукту башынан өткөрдү, байкушум. Бир жолу Түркияга гастролго барып акчалары түгөнүп калып, биздин мамлекет кайра алып келе албай, 18 ай ошол жакта калып калышкан. Ал жактагы Вандык кыргыздар алып кетишип, алардын жайлоосунда жашап келишкен.

Турмушка чыккандан кийин ырчылыкты таштап коюшуна биз кыйбадык. Салима ырчы болуу үчүн 9 жыл окуду. Билим деген эмгек да. Биринчи кызын төрөгөндө бала багуучу менен жүрдү. Экинчисин эжелери каралаштык. Биз алты кызбыз, эң улуусу менмин, кичүүсү Салима. Гастролдоп кеткенде жардамдашып балдарын багып жүрдүк. Кайсы жылы экени эсимде жок. Орусияга кетип, 3 айлык экинчи кызын таштады. Кайра келсе апасын тааныбай калса болобу (күлүп)?! Салима үйдүн кичүүсү болгонго атам "баланы чарчатып койбогула. Баланын курсагы тойдубу?" дей берип бизди ошого көндүрүп койгон окшойт. Өзүбүзчө отурганда да "бала бирдеме жеп жатабы?" деп күлүп калабыз. Салима биз үчүн азыр деле бала. Калкалап турабыз. Мүнөзү атама окшош, бир сүйлөгөн, көк бет. Ата-энемдин көзү тирүүсүндө "Биздин айыл" деген ырына клип тартып койсок болмок экен деп өкүнүп калабыз.

Ырчылар көп. Бирок Салимадай билим алган, кесибине фанат катары карагандар аз. Шайдоот, ачык мүнөз, жүрөгү назик, баласаак адам. Көп кырдуу таланты бар, куудул, актриса катары өнөрү ачылбай жүрөт.

 

Күмөндөр Абылов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:

«КӨКТӨМ ЭЛЕ» ЫРЫН САЛИМАДАЙ ЭЧ КИМ ЫРДАЙ АЛБАЙТ»

– Салиманы Искусство институтунда окуп жүргөндөн бери сыртынан таанычумун. Үнү жакшы болгону менен, сахнага көп ырдап чыкчу эмес. Көрсө, “окуп бүтөйүн, билим алайын” деп талантын таптап жүргөн экен. Кийин катуу чыкты. Азыр мен аябай баалаган ырчылардын бири. Көп ырчылар Салимага музыкалык билими, үнүнүн диапазону менен жетпейт деп ойлойм. Анын дагы бир өзгөчөлүгү – музыканын тилинде айтканда "абсолютный слух" деп коёт, ошого жөндөмү күчтүү. Кайсы ырды ырдаса алып кетет. Экинчи, үчүнчү үндөрдү айттырбай аранжировкада кандай гармонияда болсо ошондой алып кетет.

Менин да бир топ ырларымды аткарды, обондун майда-чүйдөсүнө чейин так аткарып берет. Мындайча айтканда, фальш жок. Салиманын сахнада да бир топ өнөрү ачылбай жүрөт. Бир-эки жолу өнөктөш болуп интермедия аткарып калдык. Тамашаны өзгөчө кабыл алат, аткаруу чеберчилиги да укмуш. Көп ырчыларда актёрлук чеберчилик жок да. Ырчы актёрлук чеберчилиги менен ырдын ажарын ачып берет. Мындай өнөр ырчынын ырчысында эле болот. Мисалы, орустарда Алла Пугачёвада ушундай актёрлук чеберчилик бар.

Салима жаңы чыгып келе жатканда гастролдо чогуу көп жүрүп калдык. Анда мен жаш кез, энергия көп дегендей. Азыркыдай интернет, көп телеканал да жок. “Концерт болот” дегенде эл жыргап келчү. Айылдарды кыдырабыз. Салима автобуска отургандан баштап тамашалап, күлүп-жайнап баштачу. Аябай позитивдүү адам. Күн күркүрөйбү, жамгыр жаап жатабы, акча барбы, жокпу, машинедеби, арабадабы, күлдүрүп жүрчү. Ар бир адамда "каприз" болот эмеспи, Салимада андай нерсе жок. Кимдин ким экени талаа-түздө билинет эмеспи, аябай адамгерчиликтүү кыз. "Көктөм эле" ырын эргип угам. Эч ким аны Салимадай ырдай элек. Вокал жагынан күчтүү ырчы, оркестр менен ырдаса да жакшы чыгат. Бирок өзү оркестр менен көп ырдабай жүрөт.

 

Нуриза Абасова, ырчы:

«САЛИМА ЭКӨӨБҮЗ ЛОТЕРЕЯГА АКЧАБЫЗДЫ УТТУРУП...»

– Салима экөөбүз студент кезден бери таанышпыз. Ошол убакта эле анекдоттун "атасы" болчу. Раматылык аяш атабыз да тамашалап көп сүйлөчү эле, Салима атасына окшош. Мен Сыймык Бейшекеев менен ырчылык келишим бүткөндө өзүм гастролдоп кеткем. Жаныңда ишенген адамың болгон жакшы да, Салима экөөбүз жүрчүбүз. Кыйратып деле акча тапчу эмеспиз. Болгону бензинди, тамак-аш, жаткан жерибизди жапса болду эле.

Биздин учурда ырларыбызды базарда кассета саткандар элге таратчу. Базарда ырың угулуп, жаңырып турса, демек, сен элге таанылып жатасың деген түшүнүк бар эле. Салима "Дил кайрык" менен чыкты. Эстрадада ал кезде Салиманыкындай үн жок эле. Опера, фольклор, эстрада жаатын алып кете алды. Бул Салиманын өзгөчөлүгү деп билем. Анан ар бир ырды жүрөгү менен сезе билет. Биринчи жолу гастролго чыкканыбызда күлкүлүү окуя болгон. Жашпыз да, акча менен деле көп ишибиз жок. Концерттен түшкөн акчабызды алып Ош шаарына базарга барып лотерея ойнодук. Ал кезде үстүнө акча сала бере турган лотерея бар эле. Экөөбүз кызыгып кетип акчабыз түгөнгүчө ойноп салыптырбыз. Ошентип ачка-ток калган күндөрүбүз көп болгон.

 

Анарбек Ибраев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:

«САЛИМА АТ МИНГЕНДИ ЖАКШЫ КӨРӨТ»

– Мен Салиманы филармонияда иштеп баштаган учурунан бери билем. Ага чейин окуп жүргөнүндө угуп, билип жүрчүмүн. Салима классикалык вокалды бүтүргөн профессионал ырчы. Опера ырчысы болсо деле көп ийгиликтерге жетмек. Вокалдан билими бар адам эстраданы, операны деле алып кетет. Үнүнүн тембри өзгөчө. Байкаган адамга Майрамбек Осмоновдун "Биздин айыл" деген ырында өзгөчө тембр, кооздук бар. Жылуулук бар үн ырчы үчүн чоң артыкчылык. Кыргыздар мукам үндүү, булбул үндүү деп коюшат, Салима ошондой. Адамгерчилиги бийик. Кесиптеш катары уюштуруучулугун баалайм. Адам менен тез тил табышат. Алыс жолго чыкканда күлдүрүп, тамашалап сүйлөп эриктирбей барат. Унчукпай калса "Салима, эмне болду сага? Сүйлөчү" деп ичибиз бышып кетет. Келечекте дагы көп ийгиликтерге жетет деп ойлойм.

Алайдын кызы, Курманжан датка энебиздин тукумдары болуп кетет да. Бир жолу концерт коюп барып, атка мингенин көрүп таң калгам. Кичинесинен ат чапканга көнгөн экен. Айылдан чыккан карапайым кыз, эмгегинин артынан ушунча ийгиликке жетти, азамат кыз.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
katerina.li
2020-05-25 10:06:26
Бактылуу болунуз ,коп жашаныз
0
№ 911, 21-27-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан