Нидерландыда норка жаныбарынан адамга коронавирус жуккан учур катталды. Коронавирус жуктуруп алган адам жаныбарлар фермасында иштеген. Фермада 20 миңден ашуун жаныбар бар экени белгиленет.
Вирус чыккан фермада апрель айында норка жаныбарлары COVID-19 инфекциясын жуктуруп алганы аныкталган. Бийлик вирустун жайылышын болтурбоо максатында фермага келүүгө чектөө койгон. Ал учурда иштеген кызматкерлерге норка жаныбарынан адамга вирус жукпай тургандыгы айтылган. Көп өтпөй фермадагы көпчүлүк жаныбарлардын дем алуусу начарлай баштаганы байкалган. Алардан анализ алынганда басымдуу бөлүгүнөн коронавирус табылган. Ал эми фермада иштегендерден бир адам ооруну жугузуп алган. Анын абалы тууралуу маалымат бериле элек.
Буга чейин мышык, ит жана жолборстон да адамга вирус жуккандыгы кабарланган.