АИДА

Көптөгөн жигиттерди өзүнүн сулуу ажары менен арбап келаткан жаш ырчы кыз Аида менен тааныштырабыз. Аиданын “Кош бол”, “Мен ыйлабайм”, “Боз улан”, “Я приду к тебе” деген ырлары учурда хит болуп жатканын угармандар билишсе керек.

Кулуева Аида 1982-жылы 30-январда Бишкек шаарында төрө­лүп-өскөн. Бишкек гуманитардык университетин аяктаган. Учурда өз кесиби менен Бишкек шаарынын салык инспекциясында иштейт. Хоббиси: чыгыш бийин бий­лөө, спорттун түрлөрү менен машыгуу.

– Аида, продюсериң барбы?
– Ооба, продюсерим – Назгүл Насиева деген эже. Назгүл эже менен 2006-жылдын август айынан тартып иштеп келе жатабыз. Ортобузда эч кандай келишим жок. Мен шаарыбыздагы кафелердин биринде Назгүл эженин жолдошу Кубан байке менен 5 жылдан бери чогуу иштейм. Кечке маал Назгүл эже биз иштеген кафеге ырдаганыбызды укканы келип калчу. Ошондо таанышып калып, учурда чогуу иштешип отурабыз.
– Ата-энең чыгармачылыкка жакын адамдарбы?
– Жок. Апам кесиби боюнча доктур. Атам да чыгармачылыктан алыс адам. Бирок, апам, эжелерим, инилерим комуз чертип, ырдашат. Мен да кичинекей кезимде “Сейтек” балдар ансамблинде комуз чертчүмүн жана ушул эле ансамбль менен көптөгөн чет өлкөлөргө барып келгем.
– Репертуарыңда канча ырың бар?
– Репертуарымда 8 ырым бар. Бирок, эл алдына дагы чыгара элек ырларым көп. Бир эле кыргыз тилинде эмес, англис, түрк, орус тилинде да ырдайм. Ошондой эле ыр жазам.
– Өзүң чыгарган ырларды да ырдайт турбайсыңбы?
– Азырынча өзүм чыгарган “Мен ыйлабайм” деген бир гана ырым бар. Бул ырым менен учурда “Улуттук хит-парадга” чыгып жатам.
– “Мен ыйлабайм” деген ырыңды бирөөгө арнап чыгардың беле?
– Бул ырымды мен 2 жыл чогуу сүйлөшүп жүргөн жигитиме арнагам. Азыр ал жигит менен мамилем жок. Ортобузда келишпестиктер болуп уруша кеткенибизде ыза болуп, буулугуп, ушул ырымды жазган элем.
– Кыздар жылдызы жанып жаңы чыгып келе жатканда үй бүлөсүн же карьерасын тандоо маселесинде туруп калышат. Сурайын дегеним, турмуш куруу алдыңкы пландарыңда барбы?
– Учурда турмуш куруп жашаганга татыктуу жигитим деле жок. Чынында эле кыз киши ырчылык кесипти же үйбүлөсүн тандоо маселесинде туруп калат. Мурун улуу ырчы эжелерибиз үйбүлө күтүп, ал эми карьерасын таштап коюшчу. Бирок, азыр заман өзгөрдү дегендей. Мен турмушка чыксам да мени түшүнгөн, мага татыктуу, чыгармачылыгыма жол тоспогон жигитке башымды байлайм.
– Сага татыктуу жигит кандай болуш керек?
– Мага чечкиндүү, адамгерчиликтүү, түшүнүктүү, анан эң негизгиси, туруктуу болуш керек.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 235, 4-10-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан