Ай-күнүмө жетип калганда боюмдан козголуп, төрөтканага сактанууга жаттым. Палатада бирге жаткан келинге тынбай эле күйөөсү келе берчү. Мен көпчүлүктү жактыра бербеген, көп нерсеге сын көз менен караган эрке кыз болчумун. Тиги келиндин күйөөсү кечке эле келе бергени мага жаккан жок. Анткени менин күйөөм жумуштан такыр бошочу эмес. Ошон үчүн аз келчү.
Менин биринчи наристем. Биздин кабатта жалпы 12 аял, курсактарын челкейтип күнү-түнү эле ары-бери басып жүрө беришет. Арабызда бети сепкил, өңү серт, курсагы да башкача чоң, качан болсо ич көйнөкчөн жүргөн Анар аттуу сары келин бар. Анар мага башкача ыраңы суук көрүнүп, ансыз деле Кудайга шүгүр жаныма антипатия жарата берчү. “Өзүн бир аз карап алса боло” деп эле ары-бери басса кыжырданам.
Күйөөлөрүбүз келсе эшиктин кичинекей терезесинен сүйлөшөбүз. Алып келген тамак-ашын, керектүү оокаттарды ошол жерден алып кирип кетебиз. Кыскасы, ооруканада анча көңүлдүү эмес. Баарынын эле күйөөлөрү келе бербейт. Айрымдары наристелерин атасыз жарык дүйнөгө алып келгени жаткандар. Балким, таштап кеткен, балким, боюндагы балага карабай ажырашып кетишкен... Айтор, айрым келиндер түнү менен ыйлап чыгышат. Баса, Анар жөнүндө айтып жатпадым беле. Анардын күйөөсү башкалардан айырмаланып дайыма келет. Бир күнү “ушунун күйөөсүн көрөйүнчү” деп телефон менен сүйлөшүмүш болуп атайын коридорго чыктым. Башына кепканы баса кийген, бою кодо, жымшыйган сары неме экен. Хе! Мунусу да жымшык сары тура. Мен болсом мындай немеге тийбейт болчумун.
Ары жакта турган креслого отуруп карап турсам, күйөөсү сырты көптөн бери жуула элек мискейди саргарган чүпүрөк дасторконго ороп, эшиктин терезесинен бери киргизди. Экөө кужуңдашып сүйлөшкөн соң күйөөсү кетти. Анар коридордо отурган мени көрүп, “жүрү, тамак ичебиз” деди. Баш тарта албай аны ээрчий палатасына кирдим. Мискейде макарон салып бышырган суюк тамак экен, бирок даамдуу. Андан кийин ошол дасторконго оролгон мискейди дагы бир нече жолу көрдүм. Дайыма тамагы ысык боюнча келет десең. Кийинки учурларда күйөөсүнө ыраазы болуп жүрдүм. Кам көргөнүнө суктанасың.
Ошентип мени азыр төрөбөйсүң деп чыгарып жиберишти. Биздин шаар чакан болгондуктан, бир жолуккан адамыңды кайра жолуктурушуң толук мүмкүн. 8 жылдан кийин мен Анарды көчөдөн жолуктуруп калдым. Баягыдай эле кичи пейил. Өзү таанып, жалпаңдап келип учурашты. Дагы деле боюнда бар экен. Курсагы көйнөгүн тиреп турат. Жүдөбөй жакшынакай болуп калыптыр. Боюндагысы 4-баласы экен. “Тигине күйөөм” деп жол четинде турган унаага кол жаңсады. Жымшыйган сары күйөөсү рулда отурат. Серейген, беттерин сепкил баскан 2 кыз артында отурушат. Күйөөсү да толуп калыптыр, бирок баягыдай эле, баягы сырты кир мискей менен жуулбаган чүпүрөк дасторкондой түрү өзгөрбөгөн боюнча экен. Бирок ичиндеги жылуу тамактай, үй-бүлөсүндөгү жылуулукту сактап турган адам ошол киши экенин сездим. Бүгүнкү акылым менен 8 жыл мурунку акылымды салыштырып көрдүм. Азыр сырткы келбетине эмес, ички жан дүйнөсүнө карамакмын. Ха! Ушундай адамга турмушка чыга бермекмин.
Уулжан