(Башы)
Аял көздөрүн ачты. Бөлмөдөгү терезе ачылып калган экен. Таң агарып баратканда чыйрыкканынан улам ойгонуп кетти. Үстүндөгү жука төшөктү жаап кымтыланымыш болду. Бирок баары бир жылыган жок. Туруп барып терезени жаап, же үстүнө дагы жууркан жамынып алганга кудурети жок болгон кандай жаман? Аял оор үшкүрдү. Ыйлагысы келди. Бирок ыйлай да албай койду, куду көз жашы кургап калгандай сезилди. Жол кырсыгына кабылып баспай калганына 5 айдын жүзү болду. Бүтпөгөн үмүттөр, бүтпөгөн дарылануулар, жалгыздык, айласыздык, коркуу... Мына ушул сезимдер менен жашады ал. Түбү көрүнбөгөн туңгуюкка түшүп кеткендей эле. Эсине уулу келди.
– Эрбол!
Дабыш болбоду. Кайра кыйкырды. Эч жооп жок. Баласы ойгонсо "терезени жаап койчу" деп суранайын деген. Бул убакта ал кайдан ойгонсун? Түндө кимдир бирөөлөр менен келгендей болду. Күлкү, шыбырашып сүйлөшкөндөр ашкана тараптан угулуп жаткан. Бара-бара үндөр катуулай баштады. Бул үйдө бир ооруган аял бар экенин унутушкандай музыканы коюп бакылдап сүйлөшкөнгө өтүштү. Кыздардын кылыктанган үндөрү угулду. Аял эмне кылмак, ичинен ызага муунуп жата берди. Аны уулу эле эмес, бүтүндөй дүйнө унутуп калгандай эле. Кана кечээ курчаган достору? Кимиси алын сурады? Кимиси телефон чалды? Күйөөсү экөө да ушундай шаан-шөкөттүү дос-курбуну көп күткөн немелер болчу. Ушинтип шарактап келип отуруш уюштурган күндөрү да болду. Бала уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат деген чын окшобойбу. Эрболдун да эси-дарты достору, шаан-шөкөт эле. Ойлонуп жатып баласын түшүнгөнгө аракет кылды. "Эмне кылсын, жаш да" деди ичинен.
Мындай учурда уйку келсечи. Көздөрү чакчаят да турат. Астын-үстүн түшкөн дүйнөсүн бириктире албай, жүрөгүндөгү ызасын жеңе албай убара. Баш жагында күндөлүгү турган, колдорун созуп аны алды да, энтиге отуруп калды. "Адам оор абалда күндөлүк жазуусу керек" деп өзү психологиялык семинарларда көп айтканын эстеди. Бирок жазуу канчалык оор экенин жон териси менен сезгенде гана түшүндү. Жөнөкөй эле булгаары китепче. Ак барактары менен. Эмнени жазат? Кимди жазат? Алар жазууга татыктуубу? Дал ошолордун күнөөсүнөн минтип айласыз отурган жокпу?
Аял чымыркана колуна калемин алды. “Жаз” деди өзүнө-өзү. “Эмне болсо баарын жаз, балким, ошондо бул түйүндү чечүүгө мүмкүн болор”.
“Сенден кийин...” деп жазды барактын башына. Анткени анын жашоосу дал ушул эркекти жолуктурганда башталган сыяктуу эле. “Мисалы, өз окуяңды кайсы жеринен баштамаксың?” деп бирөө сураса ал “Искендер менен жолуккан күндөн” деп айтмак. Ооба, дал ушинтип айтмак.
– Сенден кийин... Сен! Менин тагдырыма өзүңдү чоң тамгалар менен жаздың. Эсимде, кичине кезимде жерди кыра бор менен бир аттарды жазып ойночу элем. Колумдагы бор ушаланып бүткөнчө кыра-кыра жазчу элем. Сен болсо дал ошентип менин жашоомо атыңды жазып кеттиң. Биз таанышкан күндү эстедиңби?
Асанбай тараптан келе жаткан троллейбуста элем. Үстүмдө бир гүлдөрү чачыраган көйнөгүм бар эле. Сен ошол көйнөгүмдү өтө жакшы көрчүсүң. “Биз таанышканда үстүмдө эмне бар эле?” деп сураганымда, “үстүңдө гүлдүү көйнөк, бутуңда такалуу туфли, кичине сумкаң бар эле. Чачтарыңдын өрүмү калың, анан тармал болчу. Маңдайыңа түшүп турган бир тал чачың да сага жарашып тургандай эле. Троллейбустун эшигинен киргенимде сени көрдүм. А сен мени байкаган жоксуң. Терезени тиктеп тургансың. Ууртуңдан күлкү эми чыга калчудай болуп көзүң жайнап турган. Тиктедим да каттым. Шаарга келгени сендей сулуу кызды биринчи көрүшүм”. Сен биринчи таанышканыбызды ушинтип сүрөттөчү элең. Дүйнөдөгү эң сулуу сөздөрдү терип сүрөттөгөндөй болчусуң. Менин маңдайыма түшкөн бир тал чачыма чейин сүрөттөчүсүң. А менин эсимде жок. Үстүңдө эмне бар эле, кийимдериңдин да түстөрү эсимде жок. Эсимде калганы көздөрүң эле. Бирөө тиктеп турганын сезгенимде сен тарапты караганда көздөрүңдү көрдүм. Сонун тиктеп турупсуң. Терең тиктеп турупсуң. Куду ичиңден элжиреп тургандай мээрим менен тиктеп турган экенсиң. Дал ошол көз карашың калды. Мен күлүп койдум. Сен да күлдүң. Улам бири-бирибизди тиктеп көздөрүбүз чагылганда күлүп коёбуз. Жол бою ушинтип бардык. Мен түшө турган аялдамага келгенимде алдыга жылдым. Сен да менин артымдан жөнөдүң. Мен түштүм. Сен да аркамдан келе жатасың. Токтоп эмнеге ээрчип алганыңды сурагым келет. Бирок жүзүңдү карасам эле күлкүмдү токтото албачудаймын. Күлкү... Сен менин күлкүмө ашык болгонсуң, эсиңдеби? “Канча аялды көрдүм, бирок күлкү сага жарашкандай эч бир аялды көрбөдүм” дечүсүң.
Эмнени айтып жаттым эле? Аа, эстедим. Же артта калбай, же жаныма келбей кетип бара жаттың. Чыдамым кетип токтоп калдым. А сен мага бута атым жетпей токтодуң.
– Эмнеге ээрчип келе жатасың?
– Жөн эле, чынында сени ээрчиген жокмун, үйүм ушул тарапта,- дедиң.
– Мейли анда.
Терс бурулуп басып жөнөдүм. Ызаландым окшойт. Үйү ушу тарапта болсо болгондур. Мен да кызыкмын күлүп койсо өзүмө ала берген. Жинденип баратып ушуну ойлодум. Сен үйгө чейин ээрчип келдиң да мен подъездге кирип кеткенде башка жакка бурулуп кеттиң. Демек, чын эле үйү ушул тарапта окшойт.
Эртең менен туруп университетке жөнөп баратсам аялдамада кайра сен. Кой ай, ушундай да болмок беле? Тааныбаган кишидей бурулуп кеттим. Сен да эч нерсе дебедиң. Медакадемиянын аялдамасынан түшкөнүмдө сен да түшүп калдың. Кайра эле эки метр аралыкта аркамдан келе жатасың. Аябай жиним келди.
– Эмне ээрчийсиң?
– Ээрчиген жокмун, өз жолум менен кетип бара жатам.
– Мен ушул жерде окуйм.
– Мен дагы.
Таң кала тиктеп туруп калдың. Күлүп жибердик. Көрсө, чын эле бир райондо жашайт экенбиз, бир окуу жайда окуйт экенбиз. Сен хирургия бөлүмүндө, мен психотерапия бөлүмүндө.
– Искендер,- дедиң колуңду сунуп.
– Айтурган.
– Атың жакты.
– Рахмат.
Экөөбүз эми жанаша бастык. Ошол кадамдан баштап биздин ар бир кадамыбыз чогуу эле. 18 жашта жолуктум сага. Ошол убактан баштап байландым. Көзүмө сенден бөлөк бир да эркек көрүнгөн жок. Бул жүрөк сен деп какты. Сенден кийин жок дегенде токтойт дегем. Жок, кайрадан бул кургур сен деп кагууда. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатам. Каргышка калган бул жүрөк кайра эле сен деп эзилип жатат. Сенден кийин да жаным тынч албады. Балким, сени эч ким менен бөлүшпөш үчүн өлтүрүп алгандырмын. Сени өлтүрүп алдым...
Аял колдорун карады. Калемди кыса кармаганы үчүн талып кетиптир. Аркасына чалкалай берди. Энтиге дем алды. Суу ичкиси келди. Каргыш алгыр, жардамчы кызга баш жагына дайым суу кой деп айтат, унутуп калган тура. Сыйпалап жатып тумбочканын үстүндө турган рамкадагы сүрөткө колу урунду. Таң агарып келе жаткан. Сүрөттү жакшылап тиктеди. Өзү жана күйөөсү Искендер. Көздөрү балбылдаган күйөөсү жарашыктуу күлүмсүрөп турат. Адатынча келишимдүү. Дал өзүн шылдыңдап тургандай. “Менден баары бир кутулбайсың. Менсиз баары бир жашооң жок” деп жаткандай. Рамканы бар күчү менен дубалга урду. Айнеги бырчаланып жатып калды. Аял өлгүсү келди. Оңой өлүүнүн жолун ойлой баштады.
Дарыларын карады. Арасында ичип алса өлүп кала турганы жок. Турганга да мүмкүн эмес. Сөлдүрөгөн денесин эптеп терезе түбүнө алып барса боюн таштай алат беле? Кайрадан көздөрүнө жаш толо аргасыз шыпты карады. Шыптан да күлүмсүрөгөн Искендер көрүндү.
(Уландысы кийинки
сандарда)