«ЖЕНЬШЕНЬ – ӨМҮРДҮН КҮЧҮ» ИЛИМИЙ ЖАКТАН ДАЛИЛДЕНГЕН ТАБИЯТ КЕРЕМЕТИ

Учурда вируска каршы өзүңүздүн, балдарыңыздын,
ата-энеңиздин иммунитетин чыңдоо үчүн бальзам ичиңиздер!
Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыздар!

Женьшендин тамырынын формасы адамдын денесин элестетет.

Тамырдын жогорку одур-бодурлуу бөлүгү кары адамдын башы, андан чыккан сары өзөк денеси, каптал тамырлары кол жана бут сымал. Каптал тамырларынын жоондору адатта төртөө. Женьшенди дарылыкка өстүрүп баккандар жогорку одур-бодурлуу бөлүгүнөн, жадакалса «беттин келбетин», «ооз» жана «мурунду» байкаса болот дешет.

Өсүмдүктүн тамырынын адамдын денесине сыйкырдуудай окшоштугу табияттын тамашасы деп ойлоо акылга сыйбайт.

Мындан 3000 жыл мурда адамдар женьшенди ден соолук үчүн колдонуп башташканы бекеринен эмес. Мындай керемет өсүмдүк сырткы көрүнүшү менен гана адамдарга окшошпостон, курамы жана касиети жагынан да окшош.

Кытай тилинен которгондо «жень» – адам, «шень» – тамыр дегенди билдирет. Уламыштарда женьшень адам катары жаралгандыгы айтылат. Чагылган тунук сууга түшөт да, аны менен кошо жер алдына кетет. Экөөнүн жупташуусунан улам керемет чөп жаралат. Андыктан байыркылардын «женьшень ооруларды айыктыргандан тышкары өлгөн адамды тирилтүүчү пайдалуу өсүмдүк» деп эсептешкени бекеринен эмес.

Бүгүн, көптөгөн жылдардан кийин байыркы уламыштын сыйкырдуу маңызын электен өткөргөн окумуштуулар женьшенден жасалган каражаттар өмүрдү, жаштыкты узартарын ишенимдүү айтышат. Андай каражаттар физикалык жана акыл жактан чарчоону жазып, ишке жөндөмдүүлүктү жана жыныстык функцияны күчөтөт, тамакка табитти ачат, артериалдык кан басымды жөнгө салат, борбордук нерв системин тынчтандырат. Булар женьшень менен дарылагандардын ойдон чыгаруусу эмес, илимий жактан далилденген фактылар.

Табият женьшенди адамга өтө пайдалуу кылып жараткандыктан, заманбап окумуштуу-технологдордун милдети – женьшендин пайдалуу касиеттери толук камтылган каражаттарды иштеп чыгаруу болууда. Ошондой эле каражаттын курамындагы ингредиенттер бири-биринин пайдалуу касиеттерин басып койбой, кайра күчөтө тургандай кылып иштеп чыгууда турат. Оптималдуу форма болсо иштеп чыгарылган!

Күчөтүлгөн виталдуу (жашоодо маанилүү) фитонаноцевтикалык «Женьшень – өмүрдүн күчү» комплекси – бул женьшендин биомассасын нанотүзүмдөөнүн жардамы артында байыркы Сибирь табыптарынын рецепти боюнча жасалган табигый өсүмдүк бальзамы.

Женьшендин тамыры жана жалбырагынын мицеллярдык формасынын колдонулушу артында фитонаноцевтикалык бальзам жогорку даражадагы касиетке ээ.

Иштейбиз: дүйшөмбү-жума, саат 10:00-17:00.
Дем алыш – ишемби-жекшемби.

Дарегибиз: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 108 (кирүү Шопоков көчөсү тарабынан, ЦУМдун жанында).

Бишкек ш. Т.: 0779 185 101, 0707 335 449;
Ош базары, "Эне Өргөөсү" СБ, 1-кабат - 0705 18 21 87

"Мадина" СБ (1-блок) - 0558 18 51 01

Ош ш. Т.: 0773 90 28 89, Талас ш. Т.: 0771 08 41 88,

Нарын ш. Т.: 0705 00 95 79, Каракол ш. Т.: 0551 19 89 55

Кардарлардын ой-пикирлери

“БАЛЬЗАМДАН АШКАЗАНЫМ ЖАКШЫ ИШТЕП КАЛДЫ”

– Мен 71 жаштамын. Уральск шаарындагы көргөзмөдөн женьшень бальзамын сатып алганмын. Боорум ооручу жана ашказанымда гастрит бар. Тамакка табитим тартпай, жакшылап тамак иче албай, жылдап диетада жүрөр элем. Ошондо эле уйкусуздуктан азап чекчүмүн. Бальзамдын курсун ичкен соң ашказаным жакшы иштеп, тамакка ичтейим ачылды. Азыр баарын жейм. Тилимди кебер басып турчу эле, ал да кетти. Уйкум калыптанды, өзүмдү сергек сезип калдым. Аялым да бальзамды ичип жатат, анын да өнөкөт оорулары кармабай калды.

Шпет Валерий Владимирович, Уральск шаары

“ЖӨТӨЛДӨН КУТУЛДУМ”

– Жашым 71де. Мындан 3 жыл мурда Шымкент шаарындагы көргөзмөдөн женьшень бальзамын сатып алганбыз. Аны аялым экөөбүз ичтик. Экөөбүздө тең өнөкөт ооруларыбыз көп. Аялым жүрөк-кан тамыр оорусу менен 2005-жылдан бери каттоодо турат. Өзүм ашказан, ичеги, бронхит ооруларынан жабыр тартам. Суук түшкөндө эле мени жөтөл, демигүү, уйкусуздук кыйначу. Бальзамды иче баштагандан тартып биз өзүбүздү жакшы сезип, өнөкөт оорулар тынчыбызды албай калган. Бронхторум тазаланып, ашказаным жакшы иштеди. Эми бальзам дайыма столубузда турат. Аны профилактика үчүн ичебиз. Грипп сезонунда да бальзамдан башка ичпейбиз. Иммунитетти мыкты көтөрөт. Энергия кошулат! Рахмат бальзам үчүн!

Сакташ Көккөзов, 71 жашта, Сарыагаш шаары

“ТИЗЕЛЕРИМ ЭМИ ООРУБАЙТ”

– Мен “Сыр бойы” гезитинен “Женьшень – өмүрдүн күчү!” бальзамы тууралуу окуп калгам. Ал бардык ооруларга жардам берерин билип, бальзамдан 1 курска жетерлик сатып алгам. 6-7 айдан бери ичип келе жатам. Мени заарамдын кармалбаганы кыйнап, аз-аздан чыгып кетчү. Тизелерим да оорутуп, бронхиттин айынан жөтөлүп, демигип, жакшы баса албай калчумун, уйкум начар болчу. Азыр өзүмдү мыкты сезем. Бронхиттен арылдым, жөтөлбөйм. Түнкүсүн тынч уктайм. Бальзамды чыгаргандарга алкыш!

Талжибек Кузембаева, 58 жашта, Кызылорда шаары

“АЯЛДАР ООРУСУНДА ЖАКШЫ ЖАРДАМ БЕРДИ”

– Мен учурда “Женьшень – өмүрдүн күчү” бальзамын ичип жатам. Менде көптөгөн өнөкөт оорулар бар болчу. Бальзамды алгачкы ирет ичкенимде эле анын таасири билине баштады. Мисалы, ичкенде алгач көзүмө таасир этип, көзүмдүн ичи жыбырагандай болду. Анан таасири ичегилериме, жыныстык органдарга өттү. Ошентип ушундай таасирлерден улам көзүмдөн жаш куюлбай, ичим катпай калды. Жыныстык жактан бөлүнүп чыгуулар болуп, акыры таптаза болуп тазаланды. Сыягы, өнөкөт оорулардын да калдыгын тазалайт окшойт. Тамакка табитти да ачып, ашказанды жакшы иштетери да билинди. Негизи эле бардык органдарга оң таасир берип, адамды сергитип, жашоого кайтарат экен.

Замира Эркинбекова, 61 жашта, Бишкек шаары

“ЭМИ ТАХИКАРДИЯ, АРТРИТТЕН ЖАПА ЧЕКПЕЙБИЗ”

– Кайненем 75 жашта, тахикардия, артрит, остеохондроз оорулары бар. Убак-убагы менен дарыланат. Оорулары кармаганда ооналактап уктабай чыкчу. Дарылардын баары химиялык заттардан жасалгандыктан, баары бир алардын терс таасирлери болот. Ошондуктан “Женьшень – өмүрдүн күчү” бальзамы тууралуу элден угуп, апама сатып бергенбиз. 2 курс ичип бүттү. Ичкенден 2-3 күндөн кийин абалы оңоло баштады. Азыр демиккени кадимкидей билинбей калды. Муундарынын жана белинин оорусу басылып, уйкусу тынчыды. Бальзамдын жакшы таасирлерин көргөн соң мен да иче баштадым. Менин бөйрөктөрүм ооруп, угуум төмөндөп кеткен эле. Бальзамдан кийин азыр кадимкидей тыңып, көп иштерди жасап калдым. Бальзамды чыгаргандарга рахмат!

Мейликан Сапарова, 52 жашта, Каракол шаары

“ӨТ ООРУ, ПРОСТАТИТ БИЛИНБЕЙ КАЛДЫ”

– Көп жылдардан бери өтүм ооруйт, подагра оорусунан да жабыркайм. Жолдошум болсо простатит менен гастриттин азабын тартып келе жаткан. “Супер-Инфо” гезитинен “Женьшень – өмүрдүн күчү” бальзамы тууралуу окуп калган элек. Акыры экөөбүз тең ичкенге акча чогултуп, бальзамдан 4 куту сатып алдык. Ичкенден бери жолдошум экөөбүздүн тең ооруларыбыз басылып, билинбей калды. Сергек тартып, көп нервденбей да калат экенсиң. Мурун эмнеге экенин билбейм, мурдумдун ичи кургап, бүткөндөй болуп турчу. Ал да калды. Көрсө, бальзам керемет экен!

Жыпар Моңолдорова, 57 жашта, Сокулук району

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Akoga
2020-06-04 18:35:33
Бул бальзам жардам бербейт. Корей өндүрүшүнон чыгарылган женьшендин кызыл гүлүнөн жасалганы бар. Баалары кымбат. Ошолор мыкты жардам берет жашартат, картайтпайт оңой менен. Ал эми тамыры зыян жагы көп, давлениени көтөрөт.жүроктү кысат.
0
№ 912, 28-май 3-июнь 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан