Партиялар парады
ЖКдан орун ээлегиси келген партиялар өзүнүн тизмесин БШКга беришкен. Ал КСДПдан тышкары төмөндө берилген партиялардын баарын каттап бүттү. Биз болсо партиялардын алдыңкы беш орунун ээлеген талапкерлери менен тааныштырабыз.
АР ТАРМАКТЫН ӨКҮЛҮН КАМТЫГАН “АТА МЕКЕН”
Аталган партиянын алгачкы беш катарын «локомотивдер» Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер, мурунку вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, бейөкмөт уюмдун директору Наталья Никитенко жана партиянын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев толуктаган.
Андан сырткары тизмеде «Интербилим» борборунун директору Асия Сасыкбаева, «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов, экс-депутат Карганбек Самаков, «Евроазия» департаментинин директору Равшан Жээнбеков, маркум Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова, экс-министр Султан Раев жана башкалар бар.
АКЧАЛУУЛАРДЫ ЧОГУЛТКАН “РЕСПУБЛИКА”
Ишсиз-тишсиз калгандарга салыштырмалуу аталган партиянын өкүлдөрү кайсы бир ишкананын жетекчилери экендиги менен көңүлдү бурат. Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов, Нурбек Алимбеков, Исхак Пирматов, маркум Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова жана Канатбек Исаев алдыңкы бешилтикте. Бирок «свежий экстерден» бул партия да куру эмес. Алсак, тизмесинен экс-министр Бакыт Төрөбаев жана экс-депутат Алтынбек Сулаймановдун баштары кылтыйып көрүнөт.
“АТА ЖУРТ” КЫЗМАТТАН КОЛ ЖУУГАНДАРДАН ТУРАБЫ?
Бул партиянын башкы беш сабын карай келгенде, жалаң эле жумушсуз калгандардын колоннасы көзгө урунат. Биринчи орундагы ИИМдин пенсионери Мыктыбек Абдылдаевден ары ишсиз калган Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Эльмира Иманалиева жана Нариман Түлеевди көрүүгө болот.
Ошондой эле тизмеден “Курманжан датка” фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошова, экс-премьер Данияр Үсөновдун жубайы, экс-депутат Динара Исаева, экс-министр Марат Султанов, Садыр Жапаров, экс-министр Нурлан Сулайманов жана “ак жолчулардын” командасы Нургазы Айдаров, Нарынбек Молдобаев, Ибрагим Жунусов сыяктууларды көрүүгө болот.
Айтмакчы, бул партиянын ызы-чуусу дагы көпкө басылбачудай. Анткени 7-апрелден кийин алардын айрымдарына каршы козголгон кылмыш иштери мыйзамга ылайык убактылуу токтотулуп турат.
РЕВОЛЮЦИЯЧЫЛ ПАРТИЯЛАР – КСДП МЕНЕН “АК ШУМКАР”
«Ата Мекен» партиясынан тышкары жогорудагы эки партиянын лидерлери 7-апрелден кийин бийлик башына келишкен. Алардын лидерлери былтыркы жылы президенттик шайлоого талапкер катары катышкандыктары менен да окшош.
КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевден улай Исмаил Исаков, “Акун” жабык акционердик коомунун баш директору Чыныбай Турсунбеков, экс-депутат Ирина Карамушкина жана Сабир Атажанов бешилтикти камтыган.
120нын ичинде экс-депутаттар Асилбек Жээнбеков, Дамира Ниязалиева, Галина Скрипкина, Тайырбек Сарпашев, Ош шаарынын ички иштер бөлүм башчысы Курсан Асанов, “Дордой” ассоциациясынын төрагасы Мамытбай Салымбеков жана Роза Отунбаеванын жалгыз эркек бир тууганы Болот Отунбаевдин ысымдары жүрөт.
“Ак шумкардын” алдыңкы беш орунун Темир Сариев, Абдыганы Эркебаев, врач-педиатр Татьяна Пономарёва, Богдан Тагаев жана экс-депутат Гүлнара Дербишева ээлеген.
ГЕНЕРАЛДАР ЖЕТЕКТЕГЕН “БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН” МЕНЕН “АР-НАМЫС”
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башкы бештигинен Мирослав Ниязов, Адахан Мадумаров, Дүйшөмбү Сооронбаев, экс-депутат Мария Исанова жана Райкан Алканов орун алган. Мурунку «ак жолчулардын» экинчи чоң тобун ушул партиянын тизмесинен жолуктурууга болот. Алар Абдирейим Кулбаев, Рашид Тагаев, Улугбек Ормонов жана башкалар. Ошондой эле ЭлТРдин мурунку башчысы Нурлан Шакиев, ырчы Берадор Борбиев, экс-министр Марат Кайыпов жана алпаруучу Гүлшан Молдоева бар.
Ал эми “темир генерал” жетектеген “Ар-намыс” партиясынын алгачкы беш катарынан Феликс Кулов, Акылбек Жапаров, Турсунбай Бакир уулу, Бөдөш Мамырова жана Анвар Артыковду көрүүгө болот.
ЧОҢ ЖЕ ЧАКАН ЭМЕС, ОРТОЗААР
«Акыйкат» партиясынын ТОП-5и спортчу Канатбек Бегалиев, Касым Исманов, Шамиль Муртазалиев, экс-депутат Чолпон Абдуллаева жана партиянын лидери Аликбек Жекшенкуловдон турат.
«БЭКтин» төрагалыгынан Азимбек Бекназаров кеткенден кийин тизменин башкы беш оруну элчи Мамбетжунус Абылов, банкир Муратбек Мукашев, Руслан Бекназаров, Раушан Рыкунова жана Нурлан Чолоев менен толукталды. Кызыктуусу, бул партияда көбү жаштар болсо дагы, тизмедеги талапкерлердин арасында жумушсуздар жок.
«Айкөл эл» партиясынын алдыңкы бешилтигине партиянын лидери Эдил Байсалов, врач Таалайбек Беков, мугалим Дилбар Чокоева, Нооманжан Давыдов жана Татьяна Балаева жазылган. Бул партия башкаларга салыштырмалуу жумушсуз талапкерлери аз экендиги менен айырмаланып турат.
«Замандаш» партиясынын башкы беш сабына анын лидери Муктарбек Өмүракунов, Мыктыбек Батырбеков, Кубанычбек Табалдиев, Топчугүл Шайдуллаева жана Таалайбек Жоробеков кирген. Ошондой эле алардын катарында ырчы, композитор Каныкей Эралиева да бар.
Кыргыз Орус-Славян университетинин ректору Владимир Нифадьев жетектеген «Содружество» партиясынын алдыңкы беш орунунда Өмүрбек Суваналиев, экс-министр Турусбек Мамашев, Олеся Тугушева жана Шамшыбек Медетбеков турат. Андан сырткары экс-министр Жеңишбек Байгуттиев жана «ак жолчулар» тобу Лейла Сыдыкова, Эрнаст Акрамов, Бегалы Наргозуев, ЖКнын экс-төрагасы Зайнидин Курманов, Орзубек Назаров бар.
Эльвира Караева
koom@super.kg