СЕНДЕН КИЙИН... (ЭКИ АЯЛДЫН ТАҢ КАЛЫЧТУУ ТАГДЫРЫН БАЯНДАГАН СЕРИАЛ)

(Башы өткөн санда)

Обдулуп көрдү. Тура албады. Зылдай оор сезилди денеси, чындыгында 5 айдан бери ооруп жатып чүкөдөй эле болуп калган эле. Ошентип жатып уктап кетиптир. Түшүнө Искендер кирди.

– Мени кечир, мен айта албадым. Айтпайт дагы болчумун. Болгону мен өмүрдү сактап калгым келди. Мен анын өмүрүн сактап калуум керек эле. Же сени, же аларды чечүү керек болчу. А мен чече албадым. Улам артка жылдыра бердим.

Айтурган бир нерсе дей турган болду, бирок тили күрмөөгө келбей койду. Ошентип жатып ойгонуп кетти. Эртең менен турса баласы керебетинде өзүн карап отуруптур.

– Апа, мен...

– Тамагыңды ичтиңби, балам, окууга барасыңбы?

– Мен сага кантип айтарымды билбей жатам.

– Айт, айтагой.

– Мен кеткени жатам.

– Кайда?

– Чет өлкөгө, Америкага. Чика досум бар го, ошол чакырып жатат. Чогуу иштейбиз дейт,- баласы көзүн ала качты.

– Азырбы? Мен кантем? Мени бул абалда таштап кетесиңби? Менин сенден башка кимим бар, балам?- аял ыйлабаганга аракет кылды. Бирок болбой эле көздөрүнөн тамчылар кулап жатты.

– Мына, кайра баштадыңыз. Сиз менен эч нерсени сүйлөшкөнгө болбойт. Атам болсо...

Аял эрдин кесе тиштеди. Башкасынан да ушул эки ооз сөз жүрөгүн өрттөп кетти.

– Сен мени күнөөлөп жатасыңбы?

– ...

– Мени кара, Эрбол, атаңдын өлүмүнө мени күнөөлөп жатасыңбы?

– Анан ким күнөөлүү? Сен токтоороок болгондо, рулду атамдан талашпаганыңда атам өлмөк эмес. Сен минтип жатып калмак эмессиң. Болбогон бир кызганычтын айынан бүтүндөй бир үй-бүлөнү жок кылдың.

– Чык, бөлмөдөн! Чык дейм!- деди аял каардуу.

– Мен макулдугумду берип, документтеримди тапшырып койдум. Баары бир кетем!- деди уулу.

– Жогол!

Уулу чыгып кетти. Ал эки жумадан кийин чет өлкөгө учуп кетти. Айтурган мурун өзүн жалгыз сезип жүргөн экен. Чыныгы жалгыздык эми башына келди. Үй жымжырт. Каралашкан кыз келет, бир сыйра тамагын берип, ийнелерин сайып, алдын тазалайт да кайра кетет. Кечинде дагы бир маал келет. Акыркы күндөрү адамдын добушуна зар болду. Шырт деп ачылган эшиктин үнүнө, адамдардын кобур-собуруна, ашканадан чыккан идиш-аяктын үнүнө зар болду. Болгон эрмеги эми күндөлүгү болуп калды.

– Биз бир көргөндөн баштап башыбызды жоготтук. Айрыкча мен. Сени сүйбөй койгонго мүмкүн эмес эле. Бойлуу, кара каш, кара көз, акылдуу, токтоо, жоопкерчиликтүү жигитти ким болсо да меники болсо демек. Өзүңдүн курсуңдагы кыздарды билбейм, бирок биздин кыздар коридордон өтүп баратсаң шилекейлери куюлуп артыңдан карашчу. Ак халат сага ушунча жарашчу эле. Бирок сен мени сүйдүң. Билбейм, эмнем менен тартып алганымды, бирок мени катуу сүйдүң. Бир жыл сүйлөшүп жүрүп, анан ата-энелерибизге баш кошобуз дедик. Атам алгач уккусу да келген жок. Көзүнө баскан жалгыз кызын кайдагы Ат-Башыдан келген, атамдын сөзү менен айтканда, “колхозчунун баласына” бергиси келбеди. Апам андан бетер каалаган жок. Сен алар каршы болорун билип эле жүрчүсүң, ошондуктан мага “өзүм сүйлөшөм” дедиң. Сүйлөштүң. Сени көргөндөн кийин атам менен апам тынчып калышты. Элди ынандырганга ар дайым күчүң жетчү.

– Айылдан келген балага эч окшобойт го.

– Тарбия көргөн, акылдуу бала экен.

– Курал, бул бала көпкө барат, кызыбыз бактылуу болот.

Ата-энем өздөрүнчө бактылуу болуп сүйлөшүп жатканы азыр да кулагымда. Аттиң, жалгыз кызы минтип жарым жан болуп, ээн үйдө жалгыз каларын кайдан билишти? Ишенген Искендер алардын кызын жолго таштап, кыянаттык кыларын кайдан билди? Эмнени жазып жаттым эле?

Аа, биз баш коштук. Менден өткөн бактылуу адам жок эле. Турмушубузду кичинекей бир керебет баткан батирден баштадык. Эки кашык, бир табак менен баштадык. Атам үй алып берейин деди эле, Искендер караманча болбой койду. “Күч күйөө боло албайм, Айтурган. Ата-энеңдин жалгыз кызысың, бирок мен кайнатам алып берген үйдө жашабайм. Бул менин биринчи жана өмүр бою кала турган талабым. Мен экөөбүз үчүн бүт баарына жетишем. Көрөсүң го” дедиң. Мага эч нерсенин кереги жок эле. Дүйнөдө сен болсоң болду, калган кыйынчылыктардын баарына туруштук бере алмакмын. Анын үстүнө кичинемден акча, тыйынга кароолугум жок эле. А сен сөзүңө турдуң. Тез эле медицина дүйнөсүндө атың чыгып, хирург Искендер Мусабеков деген ат ар кимдин оозунда болуп калды. Алгач бир бөлмөлүү батир алдык. Эрбол анда кичине эле, эмеректерден жалгыз уулубуздун керебети бар болчу. Жаңы алган үйүбүзгө керебетти коюп алып аябай сүйүнгөнсүң. Ал керебетти да сен өз колуң менен жасаган элең. Андан кийин чоңураак үй алдык, кийин дагы алдык. Бутубузга турдук. Сен көкөлөй бердиң. А мен сенин жаныңда көлөкөңдө болгонум үчүн эле сүйүндүм. Эгерде жер жүзүндө бактылуу он түгөй болсо, ошонун бири экөөбүз элек. Хм, бул чындыкпы? Иллюзия эмеспи? Балким, мен муну көргүм келген үчүн гана көргөндүрмүн. Балким, биздин жашообуз да башкалардыкындай кир, ыплас, алдоо, бири-бирибиздин көзүбүзгө чөп салуу болуп жүрбөсүн? Кантип адам чейрек өмүрүн эч нерсени байкабай өткөрүп жиберет?

Айтурган күндөлүк жазып жатып чарчаганын сезди. Кимдир бирөө эшикти ачып киргендей болду.

– Ким бул?- деди ал үнүн катуу чыгарып. Жооп болгон жок. Ууру болуп жүрбөсүн? Жардамчы кыз кирип келип үнүн чыгарып амандашчу эле. Башка окшойт. Үйдүн ачкычы дагы кимде бар? Бир гана ошол кызда болушу мүмкүн. Босогодогу адам үн чыгарбай күтүп тургандай. Аялдын чыдамы кетип калды.

– Эрбол!- деди ал. Балким, уулу кайтып келгендир. Балким, жолдун жарымынан апасын таштай албаарын сезип кайтып келгендир.

– Уулум!- деди ал жан далбастай. Дагы деле үн каткан адам болбоду.

– Сен кимсиң, ия? Эмне жашынмак ойноп жатасың? Сен кимсиң?-деп бакырып жиберди. Ошондо гана эшик ачылып, босогодон жаш аял көрүндү.

– Сенби?- деди Айтурган таң кала. Таң калган да эч нерсе эмес, заматта көкүрөгү буркан-шаркан түшүп кетти. Жеп жиберчүдөй карады. Жанында жарыкты өчүрүп күйгүзө турган узун таягы бар эле, жанына күч келе ошону сермеп калды.

– Жогол!- деп чаңырды ал өзүнө ээ боло албай. Тиги аял солк деген жок. Турган ордунда тура берди. Көздөрүн албай, мөлтүрөп тиктей берди. Ушул көздөрдү канча жолу көрдү түшүндө? Жаны кыйналып жатып канча жолу жек көрүндү ушу көздөрдү көрдү. Миңби? Андан ашыкпы? Колуна тийсе чайнап жеп коё турган аял алдында турат. Бирок өзү эч нерсе кыла албайт. Азыр тапанчасы болсо ойлонбой туруп башка атып, кийин өзүн атып өлтүрмөк.

– Табалаганы келдиңби?

– Жок...

– Эмнеге келдиң анда?

– Искен байкенин айрым кийимдери... Ошолорду алып келдим,- деди ого бетер жанын чыгарып. Оозунан сөзү түшкөн боюнча отуруп калды. Бул кезигүүнү минтип ойлогон эмес. Жок дегенде күнөөлүү болуп көзүн ала качат деп ойлогон. Бир үй-бүлөнүн убалына калдым деп өзү менен өзү калганда кыйналаттыр деген. Жок, бул аялдан эрегиш туйду. Мөлтүрөгөн узун кирпиктүү көздөрү сүзүлүп аны шылдыңдап тургандай сезилди.

– Чык эшикке, жогол!- деди калчылдап.

Тиги аны жай гана тиктеп туруп бурула берди. Эшик аста жабылганын сезди. Ошол күнү кандай болсо да бул аялдан өч алууну пландады Айтурган. Бирок кантип өч алууга болот? Азыр ал кимдир бирөөнүн жардамына муктаж болуп турганда кантип бул аялдан өч алат? Башы ооруп чыкты. Телефонун алып курбусуна чалды.

– Салам, Мариш!- деди үнүн көңүлдүү чыгарганга аракет кылып.

– Айтурган, сенби?

– Мен.

Өзүн тиги дүйнөдөн сүйлөп жаткандай сезген курбусуна таарынарын билбей же пендечиликке шылтаарын билбей турду.

– Кандайсың, ден соолуктар?

– Жакшымын, сагындым сени, жолукпайлыбы?- деди Айтурган.

– Аа, макул, жолугалы. Мен сага барам.

– Жок, мен өзүм барам. Биздин кафеге, саат 7де жолугалы.

– Кайсы күнү?

– Эртең болобу?

Курбусу бир аз буйдала түшкөндөй болду. Бирок аягында макул болду.

Эртеси Айтурган жардамчы кыздын жардамы менен жуунуп- таранып баштады. Күзгүнүн алдына келгенде өзүн биринчи жолу көргөндөй таң кала түштү. Бул Айтурган эмес болчу. Каткырыгы таш жарып, жашоону толо жашаган, жылмайганы ууртунан кетпеген аял эмес болчу. Айтургандын көлөкөсү эле күзгүдөн карап тургандай сезилди.

"Сенсиңби?" деди өңү өчкөн, купкуу аялды карап. Акырегиндеги чыгып турган сөөктөрүн, шөлбүрөп калган көйнөктөрүн карады. Көйнөгү эч жарашпай турду. Жини менен жардамчы кызга кыйкырды.

– Чеч.

Жан талашып төшөгүнө жетти. Эч кимди көргүсү келбеди. Көздөрүндөгү жашты көрсөтпөй, жардамчы кызды кете бер деди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Dikowka93
2020-06-01 22:44:40
Эчкимдин башына мындай тагдыр жазбасын
+3
№ 912, 28-май 3-июнь 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан