АЙЫЛ БАНКТАН “НАРИСТЕ” ДЕПОЗИТИ: БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН КАМКОРДУК

Балдардын келечеги ар бир ата-энени тынчcыздандырган маселе экендиги, албетте, түшүнүктүү. Балдарынын татыктуу билим алып, өзүнө жаккан кесиптин ээси болуу менен бактылуу өмүр сүрүүсү ата-эненин эң башкы тилеги, жашоо максаты эмеспи. Ошондуктан “Айыл Банк” ушул ой-тилектин орундалышы, балдарынын алгачкы турмуш жолунун пайдубалын түптөп, жакшы жашоого өбөлгө түзүп берүүсү үчүн ата-энелерге акча топтоонун эң эле алгылыктуу вариантын сунуштап, убакытты текке кетирбей андан пайдаланып калууга чакырат.

Башка банктар сыяктуу эле “Айыл Банкта” аманатка акча салуу, башкача айтканда, депозит ачуу анын эң эле жөнөкөй варианты. Учурда банк балдар үчүн узак мөөнөткө каралган “Наристе” депозитин ачып, салынган акчаны алда канча көбөйтүп алуу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салууга жетишкен.

Депозиттин бул түрү, жогоруда белгиленип кеткендей эле, балдардын келечегин камсыз кылуунун финансылык пайдубалын түптөөгө өбөлгө түзөт.

Депозит ачууда минималдуу сумма 1000 сом же 20 USD.

Бир жолку минималдуу толуктоо суммасы 500 сом же 10 USD.

Депозит келишиминин мөөнөтү бүткөнгө чейин 30 күн калганда кошумчалап каражат салуу токтотулат. Депозит, андан ары эки жылдык мөөнөткө дароо узартуу шарты менен
2 жылга ачылат.

Аманаттын бул түрү үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин (ата-энесинин биринин же баланы камкордугуна алгандардын биринин) атына ачылгандыктан, мында эч кандай кыйынчылык деле келип чыкпайт. Болгону ата-энесинин паспорту жана баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн болушу талап кылынат. Депозитти эрежедегидей эле, эсеп реквизитин билген жакын адамдардын да толуктоосуна жол берилет. Демек, чоң эне, чоң ата, таяке-таеже да акча салып, баланын келечектеги финансылык мүмкүнчүлүгүнө салым кошо алат.

Учурда “Айыл Банк” “Наристе” депозитинен тышкары аманат салуучулардын көздөгөн максатына, эмнеге артыкчылык берерине жараша бир катар башка депозиттик программаларды да сунуштап жаткандыгын баса белгилеп кетүү зарыл.

Албетте, депозиттик программаны тандоодо алдыга койгон максатка таянуу менен иш алып баруу талап кылынат.

Эгерде кошумча акча табуу максатын көздөсөңөр – анда мөөнөттүү депозитти тандоо зарыл.

“Талап боюнча төлөнүүчү” депозит топтогон акча каражаттын ишенимдүү сакталышы үчүн эң эле алгылыктуу вариант.

Ал эми аманат салуудан кошумча кирешеге ээ болуу менен салынган акчадан каалаган учурда пайдаланууну көздөгөндөр үчүн топтолмо депозити сунушталат.

Мисалы, “Алтын” топтолмо-чыгымдоо депозити – бул чектөөлөрсүз толуктоо мүмкүнчүлүгү жана бөлүп алуу шарты каралган аманат. Бул эсеп чегерилген пайыздарды жоготуп албастан, керектүү сумманы алуу же которуу үчүн өтө эле ыңгайлуу.

Аманат ачуу үчүн минималдуу сумма 5000 сом; 5000 рубль; 100 USD;

Депозиттин ушул түрү жана башка депозит шарттары боюнча маалыматты www.ab.kg сайтынан алууга болот. Топтогон жыйымды “Айыл Банкка” кайрылып, көбөйтүп алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калууга чакырабыз.

Ишенимдүү өнөктөш дайым Сиздин жаныңызда...

Бул боюнча толук маалыматты банктын www.ab.kg сайтынан жана 0312 68 00 00, 0556 68 00 00 телефондору аркылуу алууга болот.

“Айыл Банк” ААКсы Кыргыз Республикасынын “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат жана 2009-жылдын 12-августунда катышуучу банктардын реестринде 18/09 номеринде катталган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 912, 28-май 3-июнь 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан