«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КЫЗМАТТАШУУГА ЧАКЫРАТ

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКсы Кумтөр кенинде ар кандай мүнөздүү жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө контрагенттерди тандоо жүрүп жатканын жарыялайт:

– Кызматтарды көрсөтүү (клининг, унаа каражаттарын оңдоо, сантехника түйүндөрүн оңдоо жана башка кызматтар).

– Ширетүү жана башка жумуштарды аткаруу.

– Жер казуу, түздөө, төгүү, кайра толуктап түздөө, грунт ташуу жана башка (экскаватордун, бульдозердин, виброкатоктун, погрузчиктин, 20, 25 тонналык самосвалдын жана ушул сыяктуу техникаларды колдонууну талап кылган) жер жумуштарын аткаруу.

«Кумтөр Голд Компани» (КГК) тажрыйбалуу персоналы жана өзүнө таандык же арендага алынган техникалык паркы бар кызыкдар уюмдарды жана жеке ишкерлерди өздөрүнүн техникалык жана коммерциялык сунуштарын Тандоо комиссиясына жөнөтүүгө чакырат. Сунуштар бекитилген А4 форматындагы конвертте жана бетине «Кумтөр кенинде кызматтарды көрсөтүү – жумуштарды аткаруу» деп жазылып, 2020-жылдын 11-июну, саат 17:00гө чейин төмөнкү даректердин бирине тапшырылышы керек: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24, «Учкун» имаратынын түндүк тарабындагы гараждын алдындагы «Кумтөр Голд Компанинин» Коопсуздук кызматына; Жети-Өгүз району, Тамга айылы, «Волна» маалымат агенттигине.

Кененирээк маалыматты https://www.kumtor.kg/kg/commercial-proposals/ сайтынан алсаңыз болот.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасы тапшырылган коммерциялык сунуштарды толугу менен же бир бөлүгүн гана кабыл алуу жана КГКнын пикири боюнча эң мыкты деп табылган талапкерлерди тандоо укугуна ээ. КГК жумуштун көлөмүн бир гана уюмга толугу менен тапшырбастан, бир нече талапкер арасында бөлүштүрүүнү ниет кылат. Персоналы жана шаймандары максималдуу толук болгон талапкерлерге артыкчылык берилет. Ал эми шарттар бирдей аткарылган учурда, КГК артыкчылыкты Жети-Өгүз же Тоң райондорундагы жана Балыкчы шаарындагы талапкерлерге берет. КГК алдын ала тандоодон өткөн уюмдарды жана жеке ишкерлерди гана чакырат. КГК бир тараптуу бул чакырууга байланыштуу талапкерлер тарткан чыгымдардын ордун толтуруу милдетин албай турганын билдирет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 912, 28-май 3-июнь 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан