Филиппиндин Манила шаарында бүтүрүүчүлөр үчүн "кибер акыркы коңгуроо" уюштурулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта өлкөнүн илимий-техникалык окуу жайынын инженерлери атайын акыркы коңгуроо аземи үчүн 179 робот даярдаганы айтылат.
Кийин ал роботторго мантиялар кийгизилип, башына планшет орнотулган. Мектептин аттестат тапшыруу аземинде ар бир бүтүрүүчү онлайн режимде окутуучулардан роботтор аркылуу документтерин алышкан. “Муну менен мектепти бүтүрүп жаткан ар бир бала жашоосундагы бул маанилүү учурду сезүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту” дешкен идеянын жаратуучулары.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg