COVID-19 вирусунун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарында коронавирустан каза болгон кожоюнун күткөн ит таанымал болду. Маалыматты жергиликтүү гезиттердин бири жазып чыкты.
Иттин кожоюну февраль айында вирус жуктуруп, ооруканага жеткирилген. Артынан ооруканага барган ити кожоюнун күтүп кетпей жүргөн. Тилекке каршы, жаран оорудан каза болуп калган. Буга карабай ит ээсин медициналык мекеменин жанында 2 ай күткөн.
Апрель айында оорукананын жанындагы дүкөндүн ээси итти байкап, ага тамак берип, Сяо Бао деген ат койгон. Ал итти үйүнө алып кетип да көргөн. Бирок ал кайра эле ооруканага кетип каларын айтат. Акыры итти оорукананын кызматкерлери жаныбарларды кабыл алуучу уюмга өткөрүп беришкен.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg