Индияда “аялын кобрага чактырып өлтүргөн” деген шек менен Сураж аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлардын бири жазды.
Полициянын билдиргенине караганда, шектүү Утра аттуу аялын өлтүрүү үчүн уктоочу бөлмөгө кобра алып кирген. Кобра аялды чагып, аял каза болуп калган. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Сураж көптөн бери кобра чакканда адам эмне болорун иликтеген видеолорду интернеттен көрүп жүргөнү аныкталган. Ошондой эле ал жылан баккан адамдар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү маалым болду. Сураждын аялы бай ата-энесинин мураскери болгондуктан, анын мүлкүнө ээ болуу аракетинде күйөөсү ушундай ишке барганы айтылат.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg