(Башы өткөн сандарда)
Фуранын артына, төр жагына жатып кеткенге эни бир метрдей атайын жай даярдашыптыр. Ал жерге Адыл аганы жаткызышып, бери жагынан бир темирди тосуп жаап, болттор менен катырып, артынан пресстелип байланган чөптөрдү бир катар кылып жыйышты. Андан кийин жанагы букаларды жүктөштү. Фуранын артында атайын бөлмө бар деп эч бир адам шектенбейт болчу. Анын үстүнө букалар менен чөптү бирден түшүрүп жүрүшмөк беле?
Мен 10 чакырым артта чек арага чейин коштоп келдим. Балдар көптөн бери өтүп жүрүп тааныш окшойт, чек арадагы өткөрүүчү жайдан да кезек күтпөй тез эле өтүп кетишти.
Адыл ага күтүүсүз кирип барса, Каныш апа менен Аселдин сүйүнгөнүн элестетип көңүлүм ачылды. Музыканы жаңыртып коюп алып салондо бакырып ырдап бараттым. Аселдин жүзү, кылыгы көз алдыма элестеп кыялга жетеленип бара жаттым.
Карагандага эртеси кечинде жетип келдим. Өзүмдү чытырман токойдо, жырткычтардын арасында жалгыз калгандай сездим. Өзүмчө эле куса болуп, кандайдыр бир коркуу сезими пайда болду. Күнүгө жүз жолу көрүп жүргөн МАИ кызматкерлери да көзүмө Ерхандын адамдарындай сезиле берди.
Эртерээк эле баары бүтсө, аба ырайы ысык, адамдары кең пейил, жайдары, бул жактагыдай бири-бирин атып, бири-бирин тоноп кетүү деген жок элге, Критке кетсем деп эңсей баштадым. Баарынан да Аселди көргүм, сүйлөшкүм келип чыкты. Критке кетсем, болуп өткөн оор иштердин баары жаман түштөй болуп эстен чыгып кетчүдөй сезилет.
Түз эле аэропортко барып билет алып, түндөп Москвага учуп кеттим. Москванын аймагында Ватутинки деген шаарча бар экен. Ошол жерге барып телефон чалышым керек. Көчөдөгү автомат телефондон чалдым, телефондун жанында отурганбы, дароо трубканы көтөрдү. Өзү экен. “Адылдан келдим” десем, дарегимди сурады да:
– Түшүндүм, он мүнөттө барып калам, ошол жерден жылбай тур. Ак Мерседес барат,- деди.
Бир маалда жаныма айнектери караңгылатылган жол тандабас ак Мерседес келип токтоду. Өтө кымбат машина экени бир караганда эле билинет. Арткы эшигинин айнеги төмөн түшүрүлүп, бир кол “бери кел” дегендей булгаланды да, кайра көрүнбөй калды. Жанына барсам эшик ачылып, “бол, тез отур” деген үн чыкты. Отурарым менен машина ордунан алкынып жүрдү да, зуулдап бир жакка жөнөдүк.
Ушаков жашы кырктын тегерегинде, узун бойлуу, сары чач, көз айнекчен киши экен. Арык көрүнгөнү менен, күчтүү окшойт, муну кол алыша учурашканда колумду кыса кармаганда байкап калдым. Капкара костюм-шым кийген, башында кара шляпа. Кийген көйнөгү да кара. Машинада чалкалап отурат, өзүнө өтө ишенимдүү.
Акыбал деле сураган жок.
– Эмне болуп жатканын Адылдан кыскача уккам. Азыр эмне болуп жатат, Адыл каякта? Мага ал жактагы кырдаалды кенен түшүндүрүп айтып бер. Убактым аз, фактыларды гана майда-чүйдөсүнө чейин айт, өз оюңду, божомолуңду кошпо,- деди. Сөзү так-так айтылды, орган адамы экени дароо эле билинет.
Карагандадагы абалды бүт айтып бердим. Сөзүмдү бөлбөй, кунт коюп угуп отурду.
– Макул, түшүндүм, сен үч күн Москвада болуп тур. Азыр бир мейманканага жеткирип коёбуз. Сага бир адам барат,- деп кайыш сумкасынан фото алып чыгып көрсөттү.
– Жүзүн эстеп кал. Эмне кылыш керек экенин ушул адам айтат,- деп, сөз бүттү дегендей колун жаңсап, айдоочусуна "Красныйга айда" деп буйрук бере сүйлөдү. Шляпасын бетине түшүрүп чалкалап жата кетти.
Красный дегени Москванын Красная полянка деген көчөсү экен. Айдоочусу мени мейманканага киргизип, номерди көрсөтүп коюп кетти. Эки күн эс алып жаттым. Үчүнчү күн дегенде түндө кебетеси кыргызга окшош, баягы фотодогу адам эшикти тыкылдатпай эле ачып кирип, ичинен бекитти.
Жашы кырктарда, кара тору, орто бойлуу, арыгыраак келген, көзү жымшыгыраак киши экен. Көрүнүшү өтө жупуну, үстүнө футболка, өңү өчкөн жынсы шым, жука күрмө кийип алыптыр. Бир караганда "ушул байкуштун колунан эмне келет?" деп ойлойсуң.
Бурчтагы креслого отурду. Отурганы да башкача, кенен отурбай эки бутун бирдей кармап бүрүшкөнсүп отурат.
– Мени Юлай дей бер, убактым аз. Эртең кечки саат 10до мени Карагандада, "Таир" деген дүкөндүн оң тарабындагы бурчта автомат телефондун жанында күт. Шаардан четирээк жерден мага батир таап кой. Экинчи кабатта болсун, балкону жолго эмес, короого карай чыксын. Бир эски машина керек болот, силерде кандай машиналар көп? Орто жашаган катмар кандай машина айдайт? Өзүң караштырып таап кой, көзгө көп урунбагандай машина болсун. Иш бүткөнчө Адыл менен байланышпа. Уктум, сен Кыргызстандан экенсиң, үйүңдөгүлөр менен такыр байланышпа. Калганын Карагандадан жолукканда айтам, мени узатпа,- деди да чыгып кетти. Карагандадан атайын Москвага ушул 5-6 сөздү угуш үчүн келдим беле деп отуруп калдым.
Жупуну көрүнгөнү менен, оңой эмес окшойт. Сүйлөп жатып менин ар бир кыймылымды, көз карашымды изилдеп отурду. Көзүмдөн көзүн алган жок, эмне ойлоп отурганымды да билип койду окшойт. Сүйлөй баштаганда эле ал жөнүндө баштапкы оюм өзгөргөнүн көзүмдөн байкадыбы, мыскылдуу көз караш менен бир тиктеп койду.
Түндөп Астанага учуп кеттим.
Карагандада шаардын чекесинен Юлай айткандай батир, гезиттеги жарыялардан эски Жигули таап, батирден алысыраак жерге токтотуп койдум.
"Таир" деген соода борбору бар, шаардын ортосунда. Саат тогуз жарымдарда барып автомат телефон көрүнө турган жерде машинамда күтүп отурдум. Соода борборуна кирип чыккан адам көп. Эки милиция кызматкери адамдардын документтерин текшерип жүрүшөт. Мен келгенден кийин эле жыйырмадай адамды текшерип коюшту, анан шашылыш бир жакка жөнөп кетишти.
Саат онго беш мүнөт калганда телефон автоматтын жанына барып турсам, жаныма бир кайырчы келди. Бул тээ жанатан бери ар кимден акча сурап ушул жерде жүргөн.
– Самат, мен Юлаймын, машинаны дүкөндүн артында таштанды топтогон жер бар экен, ошол жерге айдап барып кой да, бир эшигин бекитпей кетип кал. Кайра 10 мүнөттөн кийин бар, мен машинада болом,- деди. Оозум ачылып калды, алдымда таптакыр башка Юлай турган. Жакшы жерди тандаптыр. Эч ким көрбөйт бул жерден, дүкөндүн адамдары эле чыкпаса, ээн жер экен. Машинанын бардык эшигин бекитип, арткы оң эшигин ачык калтырып коюп кетип калдым.
Он мүнөттөн кийин келип айнектен ичин карасам көрүнбөйт, таң калдым. Рулга отурсам эски кийимдин жыты мурунга урду, Юлай артка жатып алган экен. Акырын башын көтөрүп:
– Батир таап койдуңбу, ошол жакка айда. Мага сүйлөбө, артты караба,- деп кайра жатып алды. Бир топтон кийин өйдө болду:
– Батирдин алдынан айдап өт, мага көрсөтүп кой да, өтүп кете бер, бир квартал ары эч ким жок жерден токто, мен түшүп калайын. Сен жыйырма мүнөттөн кийин келе бер. Сөз бар, батирдин ачкычын мага берип кой,- деди токтоо.
Үйдүн алдынан айдап өтүп, подъездди, кабатын, батирдин номерин айтып түшүндүрдүм. Айткан жеринен Юлайды түшүрүп, өзүм 20 мүнөттөн кийин кайра келдим.
Өзүмдөгү ачкыч менен эшикти ачып кирсем отуруптур. Чечинип, футболкачан отурат, душка жуунуп чыкканга да үлгүргөн окшойт.
– Көп сүйлөгөндү жаман көрөм, мен сага укканым боюнча бул жерде болгон окуяны айтып берейин. Сен туура эмес түшүнгөн жерлерим болсо, сөзүмдү оңдоп, өз оюңду кошпой, фактыларды гана айтып тур.
– Түшүндүм.
Ушаков дээрлик толук айтып бериптир, туура эле түшүнүптүр. Юлай сөзүн бүткүчө башымды ийкеп эле отурдум. Алдына блокнот коюп алыптыр, жазып алганбы, маал-маалда карап коюп, бир калыпта, үнүн акырын чыгарып бүт баарын айтып берди. Көзүнөн эч нерсе байкалбайт, ичинде эмне ойлоп жатканы белгисиз. Азыр байкадым, көзүнүн карасы күрөң түстө экен. Акылдуу, бир сыйкыр күчү бардай сырдуу, өткүр тиктеп ичиңдегини бүт билип тургансыган көз караш.
– Туура элеби, жаңылбадымбы?
– Туура, туура түшүнүпсүз.
Менден дагы көп нерсени сурады, Арсен жөнүндө да кабардар экен, анын айткандарын кайталап айтып бердим. Өзүмдүн көргөн-билгендеримди да айттым. Юлай баарын кунт коюп угуп, маал-маалда блокнотуна бир нерселерди белгилеп жазып жатты.
– Эми эки күндөн кийин, түнкү саат экиде кел. Лифт менен мындан эки кабат жогору чыгып, акырын, дабышыңды чыгарбай тепкич менен түшүп, эч ким жок экенине көзүң жеткенде гана кир. Бутуңа кроссовки кийип ал, тепкичтен түшүп жатканда бутуңдун учу же согончогуң менен эмес, бутуңдун каптал кыры менен басып түш, ошондо дабыш чыкпайт. Ага чейин мага керек эмессиң...
(Уландысы кийинки санда)