«Red Velvet’тин» жылдызы JOY

Алгач аны «Red Velvet» тобунун ырчысы катары тааныдык, кийин «Жаш түгөйлөр» шоусунда жашоодо кандай адам экенин биле алдык, анан сериалда мыкты актёрдук чеберчилигин көргөзө алды. Алып баруучулук кесиптен өзүн сынап көрдү, модель болду. Жой... Ооба, ушунча көп кырдуу талант ээсинин аты Жой. Алдыда Түштүк Кореянын дагы бир жылдызы тууралуу сөз кылабыз.

Аты-жөнү – Пак Су Ён

Псевдоними – Жой

Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 3-сентябрь

Туулган жери – Түштүк Корея, Чеджу аралы

Бою – 168 сантиметр

Үй-бүлөдө – 3 бир тууган, эки сиңдиси бар

Кесиби – «Red Velvet» тобунун ырчысы, актриса, алып баруучу, модель

Лейбл – «SM Entertainment»

Тартылган белгилүү сериалдары – «Алдамчы жана анын сүйүктүүсү», «Мыкты азгыруучу»

ПАК СУ ЁН – ЖОЙ

Кореяда эс алууну пландаган адам сөзсүз түрдө Чеджу аралына барууну көздөйт. Кооз табияты, деңиз жээги менен атагы чыккан аралда төрөлгөн Пак Су Ён кичинесинен музыкага жакын болгон. Келечекте ырчы болом деген ой болбосо да, ал мектептеги бардык иш-чараларга активдүү катышар эле. Жогорку класста кезектеги музыкалык сынакты жеңгенден кийин анда шоу-бизнести багынтуу кыялы жаралган. Мугалимдеринин, үй-бүлөсүнүн колдоосу менен ал 2012-жылы Сеулга барып,
«SM Entertainment» агенттиги уюштурган сынактан өтүп, компанияга стажёрлукка алынат. 2 жыл өткөндөн кийин ага «Red Velvet» тобуна кабыл алынганын билдиришкен. Пак Су Ёнду эл эми Жой деп таанышы керек.

«RED VELVET»

2014-жылдын 1-августунда дебют кылган «Red Velvet» тобу «Happiness» ыры менен чыгышкан. Айрин, Сыльги, Вэнди, Жой, Йери аттуу беш кыздан турган топ дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө күйөрман топтоп, атактуулукка жетише алды. Топтун «Ice Cream Cake», «Dumb Dumb», «Russian Roulette», «Rookie», «Peek-a-Boo», «Bad Boy», «Red Flavor», «Power Up» ырларынын жок дегенде бирин укпаган k-pop сүйүүчүсү жок болсо керек. 2019-жылдын февраль айында топ АКШ, Канадада алгачкы гастролдук турнеси менен болду. Учурда Түштүк Кореяда эң популярдуу
k-pop топтордун катарына кирген «Red Velvet» жылдыздары келечекте дүйнөнүн дагы башка көптөгөн өлкөлөрүн кыдыруу планы бар экенин айтышат.

«ЖАШ ТҮГӨЙЛӨР» АТАКТУУЛУГУН АРТТЫРГАН

Жой «Red Velvet» тобунда ырчылык пайдубалын түптөп жүргөн маалда, тагыраагы, 2015-жылы ага белгилүү шоуго тартылуу сунушу түшөт. Түштүк Кореяда 2008-2017-жылдар аралыгында көрсөтүлгөн «Жаш түгөйлөр» шоусу убагында жогорку рейтингди бербеген атактуу телеберүү болгон. Ага шоу-бизнестин атактуу адамдары чакырылчу. Шоунун максаты – катышуучулар өздөрүн жаш түгөйлөрдөй алып жүрүүсү керек. Бир үйдө жашап, кадимки үй-бүлөлөрдөй тиричилик кылып, экөө биригип тамак жасап, кир жууп, бири-биринин туугандарына конокко барып дегендей.

Уюштуруучулардын сунушун кабыл алган Жойдун түгөйү ырчы, актёр, модель Юк Сон Же болгон. Экөө тартылган «Жаш түгөйлөр» берүүсү 1 жыл көрсөтүлүп, андан соң ырчылар карьерасын өнүктүрүү үчүн шоуну таштап кетишкен. Бул берүүдөн кийин Жойдун да, Юк Сон Женин да популярдуулугу артып, «Теледеги эң мыкты түгөй» наамын жеңип алышкан. Андан сырткары Жойго «Жаңы жылдыз» наамы да ыйгарылган. «Экөөңөр чындыгында бири-бириңе жарашкан түгөй болчусуңар. Силер кетсеңер, шоунун кызыгы болбойт. Мен дагы силер менен кошо шоуну таштадым» деген күйөрмандар болгон. Чындыгында эле Сон Же менен Жой катышкан сезон көрүүлөр боюнча жогору турарын уюштуруучулар белгилеп, катышуучуларга ыраазычылык билдиришкен.

АКТРИСА

Атактуу, жаш ырчыны колдонуу кезеги эми кино тармагына жетти. 2017-жылы Жой япон мангасынын негизинде тартылган «Алдамчы жана анын сүйүктүүсү» дорамасында актёр Ли Хён У менен биргеликте баш каармандын ролун аткарган. Кызыгы аталган дорамада жаңырган саундтректердин көбүн, тагыраагы, 7 саундтректи Жойдун аткаруусунда уга аласыз.

2018-жылы аны көпчүлүккө тааныткан «Мыкты азгыруучу» сериалындагы ролу болду. Бул дорамадагы «Nonsense» ырын да Жой ырдаган. Азгыруучунун ролуна куп жарашкан актёр У До Хванды да дал ошол дорамадан көрө аласыз. Азыр жума сайын «Падыша: Түбөлүк монарх» дорамасын көрүп жатсаңыз, падышанын жан сакчысынын ролундагы У До Хван экенин эсиңизге салабыз.

ЖОЙ ЖӨНҮНДӨ...

  • Жой – перфекционист, андыктан бардыгы өз убагында, тартип менен, так аткарылышын жактырат
  • Жактырган ырчысы – Ариана Гранде
  • Жактырган актрисасы – Рэйчел Макадамс
  • Жактырган тасмасы – «Трансформерлер»
  • Трот (корей поп музыкасынын эски формасы) жанрында ырдаганды жактырат
  • Жаныбарлардан итти жакшы көргөндүктөн, кинолог болууну кыялданат

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан