(Башы өткөн сандарда)
Ушуну айтты да Юлай бир саамга унчукпай калды. Анан минтти:
– Тааныштарыңдан он бала таап кой. Мен айткан күнү бир шылтоо таап кафеге чакырасың, арасынан бешөөсүн тандашым керек. Мага күчтүү, далдайган, көңдөй балдар керек эмес, акылдуу, эптүү болушу керек. Жүзүн бир көргөндө эстеп калбай турган, жөнөкөй балдар болсун. Алар эч кимди өлтүрбөйт, эч ким менен кырылышпайт. Алар мага маалымат гана жыйнап бериши керек, бирөөгө бир нерселерди жеткирип же бир нерселерди алып келип беришсе болду.
– Макул, караштырам.
– Болду анда, сөз бүттү,- деди чечкиндүү. Өзү барып эшикке кулагын такап бир аз тыңшап турду да, “глазокту” ачып подъездди байкаштырды. Андан кийин эшикти акырын ачып, мени чыгарып жиберди.
Демек, Юлай жөнүндө эч ким билбеши керек экен. Мени "өзү түшүнөр бекен" деп айтпады.
Эртеси эрте туруп Адыл ага айткан Албандын үйүнө барып алысыраактан күтүп отурдум. Саат сегиздерде короодон Жугили чыкты. Бою орто, толугураак жигит экен. Жигулиси менен шаарда такси кылып иштеп жатыптыр. Үйүнөн чыккандан тарта артынан калбай эки саат аңдып жүрдүм. Үч жолу кардар алып, шаардын ар кайсы жерине жеткирди. Кардарын таштаган жерде кийинки кардарды күтүп тура берет экен. Акыркы токтогон жеринде бир дүкөнгө кирип кеткен боюнча чыкпай калды. Оюмда эч нерсе жок, эртеби-кечпи чыгат деп күтүп отургам. Бир маалда машинамдын арткы эшиги шарт ачылып, бирөө кекиртегиме бычак такады. Албан экен, каршылык көрсөтүүгө үлгүрбөй калдым. Бош колу менен заматта чөнтөктөрүмдү, колтук-башымды текшерип чыкты. Былк этпей кыймылсыз отуруп бердим.
– Кыймылдаба, колуңду рулга кой! Кимсиң, ким жөнөттү?
– Акырын, акырын, макул...- колумду рулга койдум.
– Адыл агадан, Адыл ага жөнөттү.
– Атың ким?
– Самат.
Тамагыма такаган бычагын алды.
– Бир-эки жолу көргөм сени, бирок текшеришим керек эле. Макул, айт, эмнеге келдиң?
– Экөөбүздүн жолукканыбызды эч ким көрбөшү керек эле, Албан.
– Эч ким көрбөдү, кыжалат болбо. Сенден башка эч ким аңдыган жок. Ерхан деле башка иштери менен жүрүп бизге колу тийбей жатса керек. Он күндөн бери артымдан аңдыган эч ким жок. Машинага отурганымды эч ким көргөн жок. Айта бер, сөзсүз бир тапшырма менен келдиң.
– Адыл агага жардамың керек.
– Дарегиңди айт, түндө барам, сүйлөшөбүз. Бул жерде болбойт,- деди. Даректи жазып берейин десем "айта бер, эстеп калам" деди да, айтсам, мага угуза эки жолу даректи кайталап айтты.
– Он экиге барам, коркунуч жок болсо эшикти эки жолу тыкылдатам, ача бер. Эгер коркунуч болсо үч жолу тыкылдатам, андан кийин канча тыкылдатсам да ачпа, этият боло берели,- деп чыгып кетти.
Ичимден кымыңдай түштүм. Ушундай балдар керек да.
Түндө, саат туура он экиде эшиктин түбүндө турсам акырын эки жолу тыкылдады. Ачып киргизип, дароо ичтен кулпуладым. Жарыкты да күйгүзгөн жокмун. Дароо эле ишке өттүк.
– Эмне кылыш керек, Адыл ага кандай?
Албан билген нерселерди эле кыскача айтып бердим. Ал да түшүндү толук айтпаганымды, унчукпай калганынан эле байкадым. Башка эч нерсе сураган жок. Азамат.
– Эмне кылабыз, менден кандай жардам керек?
Ишенимдүү 10 баланы Албан гана таба алмак. Ага ишенгенден башка аргам жок эле. Тобокел дедим.
– Ишеничтүү балдар керек, он миң доллардан төлөнөт. Мурда Адыл агада иштебеген, эч ким артынан аңдыбаган...
Кыскасы, кандай балдар керек экенин, эмне жумуш кыларын түшүндүрдүм.
– Балдар бар, тапса болот. Айылдан чакырыш керек.
– Анда мен сага эки күндөн кийин өзүм байланышам, он бала таап кой. Бир шылтоо таап кафеге чакырсаң, ошол жерден көрөбүз кимиси бизге жардам бере аларын. Калганын кийин сүйлөшөбүз.
Эки күндөн кийин Юлайга жолуктум. Көптөн бери уктабаганбы, көздөрү шишип, кызарып калыптыр. Албан жөнүндө айтып берсем:
– Макул, эртең жетишпесе керек, бүрсүгүнкүгө чакыра берсин. Шаардан чет, кардар көп барбаган, арзан ашканага чакыргыла. Өзүнчө кабинкада отургула. Мага дарегин эртерээк айтып кой. Мен киргенде өзүң деле түшүнөсүң, эски таанышыңдай көрсөтүп бир айласын тап, мен араңарда отура турган болоюн.
Дагы деле сынап жатат. Макул дедим баш ийкей.
Эртеси шаардын четинен жолуктук. Илгери кинотеатр болгон экен, бир бурчун чакан кафе кылып коюшуптур. Албан он бала тааптыр, аларды “Астанада иш чыгып жатат, сүйлөшөлү” деп чакырыптыр. Мен унчукпай эле отурдум, баарын Албан өзү окшоштуруп жатты. Мурда ысык-суукту көргөн, учурда айылда жашап жаткан балдар экен. Баары тең эле сергек, орундуу сүйлөгөн балдар экен, иш үстүндө өздөрүн кандай көрсөтүшөрүн эч ким билбейт. Мен да Албандан жумуш ала турган балдардын бири болуп отурдум. Отурганыбызга 10 мүнөттөй эле болгон, колуна ысырык түтөтүп баягы “кайырчы” өңдүү Юлай кирип келди. Оозун бир жагына кыйшайтып, бир көзүн чала жумуп алган. Үстүндө эски, илгерки Союз маалындагы фуфайка, бутунда эски керзовый өтүк, башында каяктан тапканы белгисиз эски шляпа. Баарыбызды бир сыйра карап чыгып, столду айланып ар бирибизди аластап, түшүнүксүз бирдемелерди сүйлөй баштады. Мындайлар шаарда көп болгондуктан, көзгө өөн деле учурабайт. Отургандар чөнтөктөрүн чукулашып, тыйын-тыпыр сунуп калышты Юлайга.
Албан официант кызды чакырып баарыбызга тамак заказ кылып калды. Мен Юлайга кол жаңсап биз отурган столду көрсөтүп "отур, курсагыңды тойгузуп ал" дедим эле, Юлай кубанган түр көрсөтүп жыйырма адам баткыдай узун столдун аркы башына отурду. Албанга “тиги байкушка да бирдеме заказ кылып койчу, сооп болот, бир сүйүнүп калсын” дедим. Балдар Юлайды карап калышты эле, “бул ушул жерлик мусаапырлардын бири, кулагы жакшы укпайт, ушул аймакты кыдырып жан багат” деп күлүп койсом, “аа” дешип кайра сөзгө киришти.
Бөтөлкөдөгү арактан жүз грамм куюп берсем башын ийкей ыраазычылык билдирип стаканды бир көтөрүп жутту да, тамагын жей баштады.
Албан болсо балдарга автобизнес боюнча Астанадан жакшы сунуштар түшүп жатканын айтып жатты. Абдан даярданып келгени көрүнүп турат, балдардын бири да шек санаган жок. Суроо артынан суроо берилсе да Албан жооп таап жатты. Бали! Юлай менен эч кимдин деле иши болгон жок. Бурчта бир шүмүрөйгөн байкуш киши тамактанып отурду.
Эки сааттай отурдук, акыры "тур-турга" келгенде Албан ар биринин жол киресине деп акча карматып, "өзүм телефон чалам" деп узатты. Мен Албан менен кеттим. Түн бир оокумда батирге барсам Юлай күтүп отурган экен:
– Жакшы, Самат, баарын туура аткардың, азамат. Балдарды көрдүм, бешөөсү жарайт. Ме, бул кагазда жазылуу, эстеп калып мага бер. Эртең ушул жерге чакырсын ошол бешөөнү, мен сүйлөшүп көрөйүн. Сени алар экинчи көрбөшү керек. Албан бир саат эрте келип турсун, өзүнчө сүйлөшүп алайын. Сен мага эртең түндө кел,- деди.
Кагазда шаардын четинде окшойт, "Ёжик в тумане" деген кафенин дареги жазылыптыр. Таң калып койдум, Карагандага өзү биринчи жолу келип жатса каяктан билет бул кафени?
Албанга иштин жайын түшүндүрүп коюп үйгө барып жаттым.
Эртеси түндө Юлайга бардым. Машинаны токтотуп, түшүп жатсам ары жактан өзү келе жатыптыр. Жүдөө кийинип алган, жанымдан "камоктун артындагы отургучка бара бер" деп өтүп кетти.
Бул жерде бир эле камок бар, арт жагы ээн талаа. Жалгыз талдын түбүндө эч ким деле барып отурбаган эски отургуч бар. Туура тандалган жер, артыңдан байкатпай эч ким келе албайт, алдыңдан келгендер жарыктан даана көрүнөт. Дарактын тегерегинде коюу, бийик чөп өскөндүктөн отургучтагы адамдар дээрлик көрүнбөйт...
(Уландысы кийинки санда)