ЖЕЛИМ БӨТӨЛКӨЛӨР КАНТИП ЖАСАЛАТ?

Кыргызстандын ички рыногунда желим бөтөлкөлөргө бир жылга талап орточо 150 миллион даананы түзөт. Андай бөтөлкөлөрдүн ичине сүт, айран, суусундук, суу, май жана башкалар куюлуп сатылат. Ошондой бөтөлкөлөр кантип жасаларын ойлонуп көрдүңүз беле?

Желим бөтөлкөлөрдү жасоо үчүн негизги сырьё болуп полиэтилентерефталат (ПЭТ) эсептелет. «ПЭТ бөтөлкө» аталышы ошондон чыккан. Полиэтилентерефталат алгачкы жолу 1941-жылы British Calico Printers компаниясы (Англия) тарабынан синтетикалык була түрүндө алынган. Учурда дүйнөдө ПЭТ бөтөлкөлөрдү чыгарган ишканалар абдан көп. Алардын салмагы жеңил, сынбайт, ташуу үчүн жашиктер керектелбейт. Өлчөмүнө жараша салмагы мисалы, 0,25 литрлиги 24 грамм, 1 литрлиги 34, 5 литри 91, 10 литрлиги 157 грамм чыгат. Ал эми стандарттуу 1 айнек бөтөлкөнүн салмагы 350 граммга жакын.

Ишканаларда бөтөлкөлөрдү чыгаруу иши бункерлерде салынган полиэтилентерефталат гранулдарынан башталат. Андай гранулдар нымды өзүнө тарткандыктан иштетүү алдында тиешелүү температурада ысытылып, кургатылат. ПЭТ тунук өңдө болот. Түстүү бөтөлкө үчүн гранулга боёк кошулат. Мындан тышкары нейлон, амосорб да кошулушу керек. Кезек гранулдарды эт тарткычтан өткөзүлгөндөй майдалоого келет. Жогорку температурада ысытылгандан улам гранулдар бир өңчөй массага айланат. Ал масса пресс-формаларга келип түшөт.

Пресс-формалардагы жогорку температурадан масса желим колбалардын формасын (преформа) алгандан кийин муздатылат. Преформалар түрдүү дизайн жана өлчөмдөгү бөтөлкөлөргө айланышы үчүн атайын формаларга салынып, үйлөтүлөт.

Бирок бөтөлкөнү керектөөчү компаниялар даяр бөтөлкө түрүндө эмес, преформа түрүндөгүсүн сатып алышып, өздөрүнүн ишканасында үйлөтүшөт. Анткени даяр бөтөлкөлөргө караганда преформа арзаныраак, ташуу жеңил, ташууда орун аз кетет. 1 чоң коробкага 8000-15 000ге чейин преформа батып кетет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан