ЭМНЕ ҮЧҮН БОЙГО БҮТӨТ ДА, БАЛА ОРДУНА ЭТ ӨСҮП КЕТЕТ?

Аялдын этек кири токтоп, кош бойлуулукту аныктаган тест бойдо бар деген белгини көрсөттү. Ал тургай талгак башталды. Бирок УЗИге түшкөндө жатында бала жок болуп чыкты. Бала кайда кетти? Анда жатында баланын ордунда өсүп жаткан эмне?

Бул суроолорго жоопторду онколог-гинеколог Гульзада Аденова берет.

ДАРТТЫН АТАЛЫШЫ – КӨБҮКЧӨЛӨРДҮН ШИРЕНДИСИ

Калыптагыдай кош бойлуулукта ургаачы жумуртка клетканы ядросунда X, Y хромосомалары бар 1 сперматозоид уруктандырат. Уруктанган жумуртка клеткасы (зигота) бөлүнүп, көбөйө баштайт. Алардын саны аныкталган чекке жеткенде алар 2ге бөлүнөт. Бир бөлүгүнөн түйүлдүк (эмбрион), экинчи бөлүгүнөн түйүлдүктү курчап туруучу хорион пайда болуп баштайт. Хорион – бул түктүү чел кабыкча. Ал түйүлдүктүн жатынга жабышуусуна шарт түзөт. Ошентип бала чоңоё баштайт.

Ал эми кайсы учурда бала ордуна эт өсүп кетет?

Чындыгында медицинада "эт өсөт" деген жок. Көбүкчөлөрдүн ширендиси (пузырный занос) дартын кыргыздар "эт өстү" деп коюшат. Көбүкчөлөрдүн ширендиси оорусу залалдуу эмес шишик түрүнө кирет.

Түрлөрү

1. Көбүкчөлөрдүн ширендисинин толук түрү

Ургаачы жумуртка клеткасын ядросунда ургаачы хромосомасы жок сперматозоид уруктандырат. Башкача айтканда, деффекти бар сперматозоид уруктандырат. Анан эркек хромосомалар ургаачы хромосомалардын ордун толуктоо үчүн көбөйүп, бөлүнүп баштайт. Бирок түйүлдүк жаралбайт да, хориондун бардык түктөрү ичине суюктук толгон көбүкчөлөргө окшоп өсө баштайт.

УЗИден караганда көп көбүкчөлөр бир жерге топтолуп, ширелип калгандай көрүнөт. Ошондуктан дарт көбүкчөлөрдүн ширендиси атка конгон. Көбүкчөлөрдүн көлөмү ширеңкенин башындай өлчөмдөн тартып, жүзүмдүн чоңдугуна чейин болот.

2. Жарым-жартылай
түрү

Ургаачы жумуртка клеткасын 2 сперматозоид уруктандырып калат. Ошондуктан уруктанган клеткада кошумча эркек хромосомалар көп болуп калат. Былжыр челдин (хорион) кайсы бир бөлүгүндөгү гана түктөрү ичине суюктук толгон көбүкчөлөргө окшоп өсө баштайт. Түйүлдүк толук жаралат же анын элементтери гана болот. Бирок түйүлдүк эрте стадиясында эле өлүп калат. УЗИден 12-14 аптада так билинет.

3. Инвазивдүү түрү

Өсүп баштаган былжыр челдин түктөрү залалдуу шишикке айланып, жатынга чейин өсүп, анан метастазга өтөт. Башкача айтканда, табарсык, ичеги көңдөй, өпкө, ал тургай мээге чейин тарап кетет. Мындай шишикке адатта дарттын толук түрүндөгүсү өтүп кетет. Жарым-жартылай түрүнүн шишикке айлануусу өтө чанда кезигет.

ООРУ БЕЛГИЛЕРИ

Эрте стадиясында кадимки кош бойлуулуктан айырмаланбайт. Бирок көңүл айлануу, кусуу көбүрөөк күтүлүшү мүмкүн. Жатын кадимки кош бойлуулукка салыштырмалуу батыраак чоңоё баштайт. Чоңойгон сайын артериалдык кан басым көтөрүлөт, шишүү күтүлөт. Каалаган этапта кан кетүү мүмкүн. Жатындын керегелеринин чоңоюшу ичте катуу оорутуу менен коштолот. Айрымдар талгак болот.

Эгер өпкөгө метастаз берип баштаса, анда жөтөл, ал тургай кан түкүрүү күтүлөт. Метастаз башка өткөндө неврологиялык оорулар кошулат.

ДАРТТЫН ЖАРАЛЫШЫНА ЭМНЕЛЕР СЕБЕП БОЛОТ?

  • Эрте башталган этек кир (12-13 жашка чейин)
  • Этек кирдин баш аламан келиши
  • 35 жаштан кийинки жаш курак
  • 2 же андан ашык ирет бойдон түшүү
  • Оорулар: сальпингоофорит, жатын моюнчасынын эрозиясы, хламидиоз, гарднереллез, папиллома.
  • Тукум куучулук
  • Тамак-ашта каротиндин (сары, сары-кызгылтым пигмент, бул тооктун боорунда, сабиз, шпинат, капуста, өрүк жана башкаларда кездешет), A витамининин жетишсиздиги
  • Диетаны көп кармоо, экологиянын бузулушу

ДИАГНОЗ КОЮУ

  • УЗИден текшерүү
  • Гормондорду текшертүү. Адамда хориондук гонадотропин гормонунун (ХГЧ) өлчөмү абдан көбөйүп кетет.

ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ

Дарылоо оорунун түрлөрүнө жараша жүргүзүлөт.

  • Медикаментоздук дарылоо. Негизинен гормоналдык дарылар берилет.
  • Химия терапиясы. Оору метастаз берип баштаганда колдонулат.
  • Вакуум-аспирация. Электр-вакуумдук насос менен жатындын ичиндеги патологиялык нерселер сордурулуп алынат. Кадимки абортко салыштырмалуу жатын жаракатка өтө аз учурайт, кан кетүү күтүлбөйт.
  • Жасалма төрөт ыкмасы. Эгер көбүкчөлөрдүн өскөнүнө 20 апта же андан көп болсо жана аны вакуум-аспирация ыкмасы менен сордуруп алууга болбой турган болсо, анда жасалма төрөт ыкмасы колдонулат. Атайын дары-дармектер берилет.
  • Хирургиялык ыкма. Эгер оорулуу аялдын өмүрүнө коркунуч жаралса, мисалы, дарттан улам жатыны тешилсе же кан көп кете баштаса, хирургиялык ыкма колдонулат. Врачтар кийин аял балалуу боло алышы үчүн болушунча жатынды сактап калууга аракет кылышат. Операцияда шишик алынат.

Кайсы ыкма колдонулганына карабай аял дарылангандан кийин 1-2 жыл гинекологдун көзөмөлүндө болуп, ай сайын ХГЧнын өлчөмүн текшертип туруусу керек.

Аял кийин балалуу боло алышы мүмкүн. Бирок кош бойлуулук кыйын өтүшү же бойдон түшүшү, же баланын майып төрөлүүсү ыктымал.

АЛДЫН АЛУУ

  • Ооруганда дароо врачка барып текшерилүү
  • Аборт жасатпай, бойдо болтурбоочу ыкмаларды колдонуу
  • Кызынын этек кири эрте келсе, апасы эндокринолог жана гинекологго алып барып текшертүүсү керек
  • Этек кир баш аламан келсе, анын калыптагыдай келишин камсыздоо үчүн текшерилип, дарылануу
  • Дарттын белгиси билингенде УЗИге түшүп текшерилүү, дарылануу жана башка.

КИМДЕРДИН ДАРТКА КАБЫЛУУ КОРКУНУЧУ ЧОҢ?

Жашы 19га жете электер, жашы 35 жаштан өткөн аялдарда оору 7,5 эсе көп учурайт.

Бир жолу аталган дарт менен ооругандар кайра да ушул ооруга чалдыгышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда көбүкчөлөрдүн ширендиси оорусун дарылоочу жана мониторинг жүргүзүүчү атайын медициналык борбор жок. Ошондуктан муну ар кайсы медициналык мекемелерде гинеколог же онкологдор карап текшерип, түрдүү жолдор менен айыктыруу ыкмаларын колдонот. Негизи бул дарт гинекологдор менен онкологдор чогуу текшерип, айыктырчу дарт.

Бул оору менен Түндүк Америка, Жаңы Зеландия, Европадагы аялдардын 1000ден бири ооруйт. Ал эми Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө, Япония, Кыргызстанда 1000 аялдын экөөсү ооруйт.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан