(Башы өткөн сандарда)
Айтурган ыйлаган боюнча уктап калды. Аны эшиктин коңгуроосу ойготту. Ким болушу мүмкүн? Канчадан бери эч ким келе элек болчу. Таң кала эшикти ачты. Күйөөсүнүн досу. Урмат көргөн көзүнө ишенбегендей тиктеп турду да, күнөөлүү кишидей көзүн ала качты.
– Кел, кандайсың?- деди Айтурган майыптар арабасын артка жылдырып.
– Жакшымын. Өзүң кандайсың? Бала-чакадан, иштен кол бошобой, келе албай жаттым.
– А сен эмнеге келишиң керек эле?
– Айтурган, билесиң...- деп баратып токтоп калды. Ошондо гана Айтурган көздөрүнө карап башка бир нерсени окуду. Жүрөгү солк эте түштү.
– Гуля кандай?- деди ал аяшын эстеп кетип.
– Жүрөт.
– Кел, отур, чай коёюн. Азыр жүзүмдү чайкап алайын.
– Сен жууна бер. Мен өзүм деле даярдайм.
Келсе эртең мененки тамакты даярдап салган экен. Кофе буркурап, куурулган жумуртканын жыты каңырыгын жарып, Айтургандын көңүлү көтөрүлө түштү. Ага бул сезим эчак унутулуп калгандай эле. Экөө чай ичкени отурушту.
– Мен көп жолу сага келем деп келе албай жаттым. Искендер мага бир тууганымдай эле жакын болчу. Билесиң, анын өлүмү мени да жинди кылды. Мен ушунча болуп жаткандан кийин сенин абалыңды элестете албайм.
– Искендер тууралуу сүйлөшкүм келбей турат.
– Айтурган, бул өлүм жөндөн-жөн болгон жок. Искендер жөн өлгөн жок.
– Жанында мен бар болчумун. Рулду талаштым. Кыйкырып-өкүрүп жаттым. Ал рулга ээ боло албай калды. Болгону ошол.
– Ичимден бул кырсык жөн жерден болбогонун айтып жатат. Эми эмнеси болсо да мейли.
Урмат аны боору ооруп карап калды. Бир нерсени айтайын деп тургандай. Айтурган чарчаңкы көзүн жумду.
– Мага боор ачып караштын кереги жок.
– Боор ачып караган жокмун.
– Анан эмнеге?
– Айтуш, сен кезинде бүт мединститутту суктанткан сулуу элең, эсиңдеби?
Айтурган күлүп койду.
– Сен келе жатканда баарыбыз эрксизден тигилчүбүз. Биздин группа бүт сага ашык эле.
– Аны билбептирмин. Арасында сен да бар белең?
– Мен...
– Башынан бери билем, Урмат. Эми жашырыштын кереги жок. Бирок сен биринчи кезекте Искендердин эң жакын досу болчусуң. Андан кийин гана мага ашык адам элең. Сен өтө берилген адамсың. Ошон үчүн сыйлайм.
– Искен да билчү беле?
– Жок, ал өзүнөн башка эч кимди көрчү эмес. Сенин сезимдериң эмес, жанында жаткан менин сезимдерим менен иши болбой жашаган экен эми ойлосом.
– Жок, азыр ызаланып айтып жатасың. Ал өтө акылдуу жан болчу. Ишенбесең керек, бирок ал жалгыз сени сүйдү.
– Күлкүмдү келтирбечи.
– Айтурган, анын кандай тозокто жашаганын бир мен билем. Сени сүйгөнү үчүн айта албады.
– Эмнени?
– Искендердин эки уулу бар.
Айтургандын көздөрү чакчайып кетти. “Мүмкүн эмес” деди ичинде бир үн. Бирок үн ката албады. Туттугуп, тумчугуп отура берди. Бул сырдын түбү чындыгында алыскы жылдарда калган эле.
ххх
Оо, ал кезде Искендердин даңкы ашып-ташып турган учуру болчу. Эркекке дөөлөт келгенде көзгө өзгөчө толумдуу көрүнүп калат эмеспи. Бойлуу, келишимдүү, таланттуу хирург кимдердин гана түшүнө кирбеди. Сүрөтүн жаздыгынын алдына алып жаткан нечен кыздар болгон. Ал кыз жандуу эмес эле. Айтурган анын чын сүйүүсү болчу. Ушунчалык экөөнүн мамилесине суктангандар көп эле. Аялынын көзүн ушунча караган эркектин көңүлүнүн башка бирөөгө бурулушу оор болчу. Бирок бир ирет...
ххх
Аяна эми гана 18 жашка толгон. Атасына оор операция жасалды. Анын апасы кичинесинде кетип калып, жалгыз таянары атасы эле. Операцияга алып кирип кеткенден баштап көзүнүн жашы тыйылбады. Бир гана үмүтү – атасынын операциядан аман чыгышы эле. Ал үмүтү дагы Искендер Мусабековдун колунда болчу. Операциядан чыккандан кийин Искендер кыжалат боло берчү. Ийгиликтүү өтсө жакшы, бечара тиги кишидей операция учурунда кете берсе өзүн күнөөлүү сезер эле.
– Күнөө сенде эмес, досум. Организми өзү чабал экен, көтөрө албай калды. Адамдар өзүн деле карап койсо болот да. Акыркы учурда гана кайрылышат,- деди Урмат ошол кечте.
– Операцияга кирерде “кызым эмне болот?” деп көп айтты. Кызы канча жашта экен?
– Жаш кыз, чамасы 18-19 жаштарда го. Коридордо ыйлап жалгыз турду. Кийин туугандары келип алып кетишти окшойт.
– Мен ал кызга жолугушум керек. Атасынын акыркы сөзүн айтмайынча жаным жай алчудай эмес. Эртең дарегин табышым керек.
ххх
Аяна атасынын туугандары кеткенден кийин жалгыз калды. 14 жашында апасы башка бирөө менен ээрчишип кетти. Нарын шаарында жашачу. Атасы аялынын бул жоругунан кийин сыртка чыга албай калган. Ага канчалык оор болгонун бир гана Аяна билет. Акырындап ичимдикке берилип баштады. Көз алдында атасы чөгүп бара жатты. Шаарда аты белгилүү кызматкер, көптөр акыл сурап келген абройлуу адам көз алдында чөгө баштады. Бирок кызын эч нерседен кем кылбай бакты. Анын сиңдиси Салиманы атасынын эжеси асырап алды.
Кызын эмнегедир атасы “Баку” дечү. Апасынын аты менен чакырчу. Атасы ушу сөздү ушунчалык сүйүү менен айтар эле. Аяна апасына окшош болчу. Моюну узун, көздөрү ботодой жайнап, ак жуумал тартып апасындай сулуу эле. Бирок апасындай жеңил ойлуу эмес болчу. Акыл калчаган, максаттуу, токтоо, атасындай мээримдүү эле. Табияттын табышмагын кара, өң-келбети апасынын көчүрмөсү болгон кыздын ички дүйнөсү атасына окшош болчу. Бирок эл сыртына карап көбүрөөк эсептешет эмеспи.
– Чырайлуу апасын тартып, бул да бир күнү көрүнгөндү ээрчип кетет да.
– Аликжандын шорун курутуп бул кыз 18ге чыкпай төрөйт.
– Азыртадан жигиттер ошонун караанын тиктеп отурушат.
Аркасынан көп сөздөр айтылды. Ансайын Аянанын узун моюну койкоюп, башын бийик көтөрүп өтчү. Эч кимдин сөзүн укпагандай, билбегендей сезилчү. Бирок эч ким, атүгүл атасы да элдин сөзү кыздын жан дүйнөсүнө залал келтирип жатканын билишкен эмес. Эл Аянаны көрчү эмес. Анын сулуулугунан бир гана апасынын кемчилигин, акылсыздыгын, шайкелеңдигин көрүшчү.
– Ата...
– Ии, кызым.
– Мени Баку деп айтпачы. Мен Аянамын.
– Макул. Баса, Баку, эртең базарга барып майда-чүйдө алып келели.
Азыр айтканын кайра унутуп, атасы аны аялынын аты менен чакыра берер эле. Бүтүрүү кечеси болгон күнү гана атасы аны өз атынан айтты. Ошол күнү атасы кызын суктанган көз караш менен карады.
– Аяна, сен бойго жеттиң, кызым. Сен төрөлгөндө алаканыма араң батчусуң. Эми мектепти бүтүрүп...
– Ата, сен мени Аяна дедиң,- деди сүйүнүчтөн көздөрү жайнаган кыз.
– Ии, сен Аянасың да.
– Эмнеге мени тигинин аты менен атайсың?..- кызы апам дегиси да келбеди.
– Мени кечир, карып калдым. Ичимдик да көп ичип жатам, бирок тынчмын, ээ? Ишимди кылып коюп, эч кимге зыяным жок эле ичип жатам да, туурабы? Анан мен апаңды эч унута албай койдум. Канча жыл өттү. Мен анын кыянаттыгын эч унута албай... А сен апаңа аябай окшошсуң. Кирип келе жатсаң Баку деп айтып алам. Балким, айткым келет. Балким, ошол ысымды айтып турсам ал кайтып келер деп... Билбейм, кызым. Мен эң акылсыз ата, алсыз күйөө болдум.
– Жок, сен дүйнөдөгү эң мыкты атасың. Болгону бир аз чарчап калдың. Көп иштеп жатасың. Керели кечке устаканадан чыкпайсың.
– Тыйын табайын деп жатам да, кызым. Сен окууга тапшырасың.
Аяна атасын кучактап алды. Ичинде экөөнүн тең далай сөздөрү калды. Ошол күндү Аяна көп эстечү. Балким, атасы бир жолу ачылып жатканда көп нерсени сурап алса болмок. Апасы ким менен качканын, ким үчүн үй-бүлөсүн курмандыкка чалганын сурай албады. Андан кийин экөөндө жай отуруп сүйлөшкөнгө убакыт болбоду...
(Уландысы кийинки санда)