Кимдир бирөө сенин жашооңду энчилеп алганы курусун. Көзгө көрүнбөгөн чынжырлар менен чырмап алгандай ал адамдан кете албаган жаман. Ойлоруңда, кыялыңда, ал тургай түшүңдө ошо. Жок дегенде түндө тынч уктатпаган ойлорго таң калам. Бул сезим мен сени көргөндөн тарта башталды. Сени сүйдүм. Эч ким билген жок. Сен дагы менин сезимдеримден бейкапар элең. Мени жакшы дос деп билчүсүң. Болгон-болбогон сырларыңдын баарын мага айтчу элең.
– Тиги бөлүмдө иштеген кыздын жаагы тынбай сүйлөгөнүнө таң калам,- дедиң бир жолу.
– Сүйлөсө сүйлөйт да, сага эмне?
– Мен эч качан ушундай аял албайм. Булар турмушка чыккандан кийин да токтобойт, ажылдаган аялга айланат. Мен ажылдаган аялдардан корком.
– Эмне, дудук аял аласыңбы? Аялдын баары эле сүйлөйт, менимче.
– Жок, сен башкачасың. Сен ашыкча сүйлөбөйсүң. Токтоосуң.
Эк, ошол сапатымдан жапа чегип жүргөнүмдү айта алсам... Бир айтып алсам ичимдегини... Күнү-түнү сени ойлоп жүргөнүмдү, жумушка кечигип калсаң чый-пыйым чыгып акмалай береримди, өзүм тамак ичип жатсам да сени "эмне жеди экен?" деп ойлоно бергенимди айта алсам. Кана, менде андай эр жүрөктүүлүк?
– Аялдын тилин эркектер чыгарып коёт дешет го. Мен деле, балким, турмушка чыкканда ажылдап калармын.
– Сенби?- бейкапар күлдүң. – Сен анте албайсың. Көзүңдү бакырайта ачкан боюнча туруп бересиң. Чын, брат, сени алган эркекке суктанам.
Мен буга “братмын”. Андан ары жагы жок. Эй, көзүң көр болсоң да көрсөң боло. Мен кызмын. Болгондо да жылдар бою сени сүйгөн кызмын.
– Баса, менин эң жакын досум бар. Ошол сага кызыгып жүрөт. Жолукканда “Каныкей кандай жүрөт?” деп калат.
– Анан?
Жүрөгүм кысылып кетти. Эмне деп дөөдүрөп жатат бул?
– Тааныштырайынбы?- деди көзүн кысып.
Жеп жаткан лагманын башынан ылдый куюп салса... Делдейип отуруп калганда ичимде эмне болсо баарын айтып туруп кетсем... “Мээң жок сенин, ушунча убакыт көрбөдүңбү менин сага болгон сезимимди? Мен сага дос эмесмин, мен сени сүйөм” десем... Көзүм жашылданып кетти. Тиги бейкапар лагман жеп отурат. Уфф, бул желмогуздан чындап кутулбасам болбой калды.
– Мени досуң менен тааныштыр.
– Чын элеби?- делдейип туруп калдың. Көзүң тамашалап жатса экен дегендей карады.
– Ооба, жүрө беремби сага “брат” болуп?..
Ойлонгон боюнча кеттиң. Эмнегедир жеңилдене түштүм. Ал ортодо досуң менен тааныштырдың. Кызык сезим болчу. Бир четинен сени да бирөө ушунча жактырып жатканын сезип өзүңдү ишенимдүү сезүү, экинчи жактан жүрөгүң баары бир башканы ойлоп жатканы. Досуңа көнө баштадымбы, тартыла баштадымбы же бул тагдырга баш ийүү беле билбейм. Жүрөк бир аз тынчып, алаксый түшкөндөй болду. Сени дүрбөлөңгө түшүргөн ушул болуптур, азыр ойлоп көрсөм. “Брат” деп далыдан таптап кетпей, телефондон кыздарыңдын сүрөтүн көрсөтпөй калдың. Кээде тамак ичип отурсам тиктеп каласың талып.
– Карабачы, какап калмай болдум.
– Сен Азаматка чындап турмушка чыкканы жатасыңбы?
– Азырынча ойлоно элекпиз. Көп болсо үч жолу жолуктук. Анда да сени менен. Ортомчу болдуң, эми сен келбей эле кой, өзүбүзчө калалы.
– Эме... Каныкей, тиги Азамат жакшы эле бала, бирок...
– Ии?
– Апасы чатак бир аз.
– Апасы менен жашамак белем?
– Ой, сен билбейсиң, ал жалгыз бала, бөлүнбөйт. Шоруң кайнайт.
– Өзүң тааныштырдың го, эми эсиңе келдиңби?- деп ачуум келип туруп кеттим.
Бир ай! Мен сүйүүмө күйүп-жанып тыбырап эки жыл чыдасам, сен бир ай гана чыдадың. Мен сенин далай кыздар менен өбүшүп, кучакташып турганыңды көрүп, көз жашымды ичиме жутуп жүрсөм, сен менин жөн гана кол кармашып басканыма чыдаган жоксуң. Жарылдың!
Азамат узатып келип, ал кайра кайтканда үйүмө бурула берсем бактардын далдаасынан чыга калдың.
– Жетет! Экинчи жолукпайсың!- дедиң колумдан булка жетелеп.
– Эмнеге?
– Мен ошентип чечтим.
– Менин жашоомду сен чечкендей кимсиң? Коё бер колумду.
– Даанасың го, эмнеге кол кармашып жүрөсүң түнгө чейин?
– Кол кармашканымды кайдан көрдүң?
– Бүгүн артыңардан жүрдүм кечке.
– Жинди го, эмнеге?
– Сени сүйөм!
Оо, Кудай, чын уктумбу же калп уктумбу? Көзүмдү өзүң айткандай бакырайта бат-бат ирмеп туруп калдым.
– Сени сүйөм! Мени сүйөрүңдү билип туруп эле Азаматка түрттүм. Анткени сени ага кетпейт деп ойлогом. А сен кол кармаша баштадың.
– Акмаксыңбы сен?- жаактан ары чабайын деп колум көтөрүлүп баратканда кармай калдың.
– Мен келесоо сени сүйөрүмдү анда билген эмесмин. Эми билдим. Бир ай кызганычтан өлүп кала жаздадым. Сенден башка эч кимдин кереги жок.
Андан аркы сөздөрүң кулагыма кирген жок. Өпкүлөп, кучактап кулагыма бир нерселерди шыбырап жаттың. Бакыт болсо ушундай болор. Андан бери үч жыл өттү. Баш кошуп, кыздуу болдук. Мен сен корккон ажылдаган аялга такыр айлана албадым. Бирок сенин кээде үстүңө тамак куюп туруп басып кете турган жоруктарың бар. Чын айтам.
Каныкей