Индиянын Гондал шаарында адамдар бир эркек кишини тирүүлөй көмүп салышкан. Ал жер алдынан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Капил Маракана аттуу жабырлануучу 6 жылдан бери май кайнаткан фабрикада иштеп келген. Анын ээси алмашкан соң фабрика чыгымга учураган. Ал зыян тартканына Маракананы күнөөлөп, аны 2 адамдын жардамы менен уурдап кеткен. Алар Капилди сабап, колу-бутун байлап, кумдуу жерге тирүүлөй көмүп кетип калышкан. Капил Маракана бутундагы жипти чечүүгө үлгүрүп, көмүлгөн жерден чыгып кеткен. Маракана жакын жердеги түрмөгө туш болуп, ошол жердеги полицияга кылмыш тууралуу кабарлаган. Мындан соң 3 адам кылмышка шектелип кармалышкан.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg