БӨДӨНӨНҮН ЖУМУРТКАСЫНЫН ПАЙДАСЫ

Бөдөнөнүн жумурткасынын пайдасы мындан көптөгөн кылымдар мурун эле маалым болгон. Египет папирустарында, Байыркы Кытай элдик медицинасында бул тууралуу жазуулар кездешет. Бөдөнөнүн жумурткасынын пайдасы эмнеде? Жооп издеп көрөлү.

АЛЛЕРГИЯ ЧАКЫРБАЙ ТУРГАН ЖУМУРТКА
Бөдөнөнүн жумурткасында тооктун жумурткасына салыштырмалуу В1, В2 витаминдери 2,5 эсе, калий 5 эсе, темир 4,5 эсе көп. Ошондой эле А витамини, фосфор, никотин кислотасы, жез, кобальт жана башка аминокислоталар да басымдуулук кылат. Тооктун жумурткасынан айырмаланып, аллергия чакырбайт. Жасалма сүт менен чоңоюп жаткан балдарга врачтар дал ушул үчүн бөдөнөнүн жумурткасын берүүнү сунушташат.
Бөдөнөнүн жумурткасынын кабыгынын 90 пайызы кальций карбонатынан туруп, организмге бат сиңип, мээдеги кандын жүрүшүн жакшыртат. Андыктан анемиядан жабыр тарткандар кабыгын упадай майдалап жешсе болот. Кабыгы жука болгондуктан, аны талкалап майдалоо оорчулук туудурбайт.

КОСМЕТИКАДА КОЛДОНУЛУШУ
Бөдөнөнүн жумурткасынын курамындагы заттар беттин өңүн жакшырта тургандыктан, аны түрдүү крем, шампундарга кошушат. Болгондо да эң кымбаттарына.

БЕЛ КУБАТТЫ КӨТӨРӨТ
Болгариялык адистер бөдөнөнүн жумурткасынын таасири виаградан аша тургандыгын аныктап чыгышкан. Болгарлар кала берсе жумурканы кошуп, “Жаштык” аттуу бел кубатты көтөрүүчү коктейль да чыгарышты. Мунун себеби – жогоруда айтылгандай, курамында пайдалуу заттардын көптүгү.
Германиялык эркектер арасында таң эрте бөдө­нөнүн 4 жумурткасын чийки ичип, артынан 1 аш кашык арак ууртап койгондору бар. Алардын айтуусу боюнча, бул жыныстык жактан шалдыктын алдын алат. Кыргызстанда да бөдөнөнүн жумурткасы илгертен дарылыкка колдонулуп келатканын айта кетели.

ЖАНА ДА...
Бөдөнөнүн жумурткасы иммунитетти бекемдеп, ашказан-ичегилердин жана кан тамыр системаларынын иштөөсүн калыптандырат. Сасык тумоо жукса да оору жеңил өтөт.
Эгер аялдар дамамат бөдөнөнүн жумурткасын пайдаланып жүрсө, анда алар эмчек рагынын алдын алган болушат.
Аз кандуулукта, кан басым ооруларында, брон­хиалдык астмада, кант диабетинде колдонсо, оң таасир берет. Сөөк менен тишти бекемдеп, чачтын түшүүсү­нүн алдын алат.

ЯПОНДОРДУН ТАБЫЛГАСЫ
1945-жылы Хиросима жана Нагасаки бомбалангандан соң япондук врачтар денедеги уулуу заттарды чыгаруучу азыктарды издей башташкан. Ошентип, алар бөдөнөнүн жумурткасынын касиетин билип, колдонууну сунушташкан. Өкмөт “балдар (мүмкүн болсо чоңдор да) күнүнө бөдөнөнүн 2-3 жумурткасын жеши керек” деген токтом чыгарган.

ЧЕРНОБЛДА ДА КОЛДОНУЛГАН
Япондуктардын тажрыйбасын Черноблдагы кырсыктан кийин орусиялык медиктер колдонушкан. Кырсык болгон аймактан чыгарылган балдардын менюсуна бөдөнөнүн жумурткасы киргизилген. Жыйынтыгында балдардагы баш айлануу, бат чарчоо, жүрөк илдеттери, мурундан кан агуу жоголгон.

ЧИЙКИСИ БААЛУУ
Эгер балаңыз диатезден жабыркаса, анда бөдөнөнүн жумурткасын бериңиз. Анын үстүнө курамында кальций жогору болгондуктан балдар шамдагай болуп, сабакта бат чарчашпайт. Эскерте кетчү нерсе, кайнатууда баалуу заттар бузулгандыктан, жумуртканы чийки берүү кажет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 411, 17-23-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан