Нурбек Аканов, белгилүү спортчу: “АГАМДЫ АТЫП КЕТКЕНДЕРДИН АРТЫНДА БУЮРТМАЧЫ БАР”

Үстүбүздөгү жылдын 26-майында Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндө 1 адамды белгисиз бирөөлөр атып кетишкендиги тууралуу кабарланды. Жабыркаган адам белгилүү спортчу, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасы экендиги белгилүү болду. Изи сууй электе кылмышка шектелген жаран кармалды.

“ШЕКТҮҮ БУЛ КЫЛМЫШКА ӨЗҮ БАРГАНДЫГЫН БИЛДИРДИ”

Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИББинин маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев төмөнкүчө маалымат берди:

– 2020-жылдын 26-май күнү болжол менен 23:20 чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан Жалал-Абад ШИИБинин 102 кызматына кабар келип түшкөн. Анда ошол эле күнү Жалал-Абад шаарынын Манас кең көчөсүндө белгисиз ок атуучу куралдан денесинен жаракат алып 1977-жылы туулган С.А. аттуу жаран ооруканага түшкөндүгү кабарланган.

Жалал-Абад ШИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барды. Окуя болгон жерден травматикалык ок атуучу куралдан атылган резина октор табылып, күбөлөр суралып, тиешелүү материалдар чогултулган.

Топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Алдын ала жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисинде 26-май күнү болжол менен саат 22:00 чамасында А.С. аттуу жаранды азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы 2 жаран 3-4 жолу атып, окуя болгон жерден качып кетишкендиги белгилүү болду.

31-май күнү шектүү катары 1995-жылы туулган Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун К.у.Ж. аттуу тургуну кармалган. Шектүү Базар-Коргон районунун аймагында жашырынып жүргөн жеринен колго түштү. Ал мурда соттолгон. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө. Алдын ала айта турганым, шектүү бул кылмышка өзү баргандыгын билдирди. Кылмышты моюнуна алып, окуя болгон жерден көрсөтмө берди.

“БУЛ ИШТИН АРТЫНДА БИР НЕЧЕ КИШИ БАР”

Аталган окуя боюнча жабыр тарткан С.А. белгилүү балбан, алыш күрөшү боюнча 2 жолку Дүйнө чемпиону, Дүйнөлүк универсиаданын чемпиону, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2 жолку чемпиону, учурда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун бир тууган агасы. “Агам өзү спортчу, эч кандай бизнеси деле жок, жөнөкөй эле катардагы адам” дейт ал өз сөзүндө.

– Агам учурда ооруканада, ден соолугу жакшы деп айта албайм, алты жерине ок тийген. Атууга шектелип кармалган баланы тааныбайбыз. Бул буюртма менен жасалган иш. Агама өчөшкөн деле эч ким жок, бирок шек санаган адамдарыбыз бар. Аны учуру келгенде өзүбүз айтабыз. Азыр бул боюнча милиция тарабынан иш жүргүзүлүп жатат. Агам Жалал-Абадда эле жашайт. Эч кандай деле жумуш кылбайт, бизнеси деле жок.

Мындай окуялардын орун алып жатканына 2 жыл болуп жатат. Буга чейин да бир укук коргоо кызматкерин сабап кетишкен. Себепсиз эле буюртма менен киши өлтүрүүгө аракет кылган. Мунун үстүндө кимдер турганын баары эле билет. Менин ишмердүүлүгүмө деле тиешеси бар болушу мүмкүн, жакында шайлоо келатат. Мага өчөшкөндөр агама басым кылып жатышы ыктымал. Мен алардын изине түшүп, андай акылсыздыкка барбайм. Бизде өлкөдө мыйзам иштейт. Ким кандай иш кылса мыйзам алдында жооп берсин. Мен кылмыштуу иштерге мурда барган эмесмин, кийин да барбайм. Атып кеткен бала акча үчүн иштеп, бирөөнүн буйругун аткарып жатат, бизге буюртма берген кишинин өзү керек. Азыр ата-энеме, бир туугандарыма, балким, мага дагы кол салуу болушу мүмкүн. Бирок мен шаардык кеңеште депутат болгондуктан, мага тийсе резонанс болуп кетет. Коопсуздугубузду камсыздайлы дегидей бизде бизнес же бир чоң мүлкүбүз жок. Өзүңүздөр билгендей, мен спортчумун. Спорттун арты менен ийгиликке жеткем, спорт жаатында элге таанылып, азыркы учурда шаардык кеңеште депутатмын.

Агам эч кандай кылмыштуу иштерге аралашкан эмес. Үй-бүлөсү, 5 баласы бар. Ал дагы спортчу. Өзү ооруп жүргөн. Ушул окуянын алдында эле ооруканага жатып дарыланып чыккан.

Кырсык болгон күнү мен өз үйүмдө болчумун. Саат түнкү 11:30дарга чукул келинчегиме атам чалып калды. Окуя атамдар жашаган үйдүн алдында болгон. Мен да жакын эле жерде жашайм. Угарым менен дароо жетип бардым. Барсам эл чогулуп калган экен. Сапар акемди атам үйгө алып кириптир. Аркасынын баары кан. Дароо ооруканага алып жөнөдүк. Окуя орун алганда жакын жашаган жээним, анан атам көрүптүр. Айланада жайгашкан видеобайкоолордун баарын карап чыктык. Агамдын аркасынан 2 күн акмалап жүрүшүптүр. Агам ал күнү өзүнүн үйүндө болгон. Атам жайлоодон келгенде учурашам деп үйгө барган. Үйдө бир саатка чукул сүйлөшүп отурушкан. Агам чыгып машинасын ачып жатканда аркасынан келип аткан. Трамватикалык ок атуучу куралды көрдүк, дагы согуштук куралдын да гильзаларын таптык деп жатат. Укук коргоо органдары болушунча аракет кылып жатышат. Азыр бир баланы кармашыптыр. Ошол мен аттым деп моюнуна алып жатат дейт.

Бул ишти уюштуруунун аркасында бир эмес, бир нече адам бар деп ойлойм. Кылмыш боюнча башка эч кандай жаңы маалыматтар берилген жок. Бирок тергөөчүлөр бул ишти “Ээнбаштык” беренеси менен карап коюшту. Бул жерде адамдын өмүрүнө кол салышып, өлтүрүүгө аракет жасалып жатпайбы. Ал жерде 2 курал колдонулуп, адам оор жаракат алып жатат. Ошондой ок атылып жатса "Адам өлтүрүүгө аракет" эмес, "Ээнбаштык" менен иш козгоп коюшту. Иш жүрүп жатканынан берене үчүн нааразы болуп унчуга элекпиз азырынча.

“ЖАРАКАТЫ ООР БОЛГОНУ МЕНЕН, АБАЛЫ ЖАКШЫ”

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Арстан Алымбаев жабырлануучунун учурдагы абалы тууралуу төмөнкүчө маалымат берди:

– Жабырлануучу биздин клиниканын трамватология бөлүмүнө түшкөн. Бир нече жеринен жаракат алган. Алты жерине ок тийиптир. Трамватикалык куралдын резина октору жамбаш, белине тийген. Аны чыгарышкан. Үч ок денесин жанып өтүптүр. Жаракаты оор болгону менен, учурда жакшы болуп калды. Өзүм кирип сурап чыктым, акыбалы жакшы, дарыгерлер карап, тиешелүү медикаменттерди берип жатышат.

Бул окуянын артында кандай сыр жатканы азырынча айкын эмес. Киши өмүрүнө кол салууга алып барган бул кылмышты укук коргоо кызматкерлери дыкат карайт деген ишеничтебиз жана бул иштин жүрүшүнөн кабар алып турмакчыбыз.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Tyty1990
2020-06-08 09:21:51
Ошто мода болуп калган черный аралаш спортсмендер депутат болмой. Бир досум да депутат эмнени кыйраттын десем жок дегенде участок жерлерди арзан алам деген. Жондон жон атпайт бир косягы бар
+4
pochtalyonin
2020-06-08 10:24:42
Tyty1990,Ош эмес Жалал абадда болуп атат тууган
+1
Aimani
2020-06-08 10:44:01
Биздин өлкөдө мыйзам иштейт дегенге кошулбайм
+8
eddi.
2020-06-08 12:07:10
Aimani,Туура,бизде мыйзам иштебейт,баары акчага сатылгандар
+6
katerina.li
2020-06-08 12:16:00
Мутная история.
+1
Bekish_94
2020-06-08 13:14:01
Ден соолугун берсин.
+1
Bek0718
2020-06-14 18:38:00
Мурун кийин аралашкан учун ушундай окуя болуп жататда
0
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан