НЕЛЛИ ФУРТАДО

БАЛАЛЫГЫ
Белгилүү ырчы Нелли Фуртадо 1978-жылы 2-декабрда Канаданын Виктория шаарында төрөлгөн. Балалыгы ушул шаарда өтүп, атасы кара жумушчу, энеси болсо конок үйлөрдө жалданып иштеген кызматкер болгон. Нелли жаш кезинен эле каникул учурунда акча таап, өз алдынча болууга үйрөнөт. Ырчылык Неллиге чоң атасынан калып, «баланы башынан» дегендей, төрт жаш курагында апасы өзү менен бирге биринчи жолу чиркөө­дөгү хор ырдоого эл алдына алып чыккан. Ата-энеси кызынын шыгы бар экендигин ошол учурда эле байкашып, талантын такшалтыш үчүн «АВВА» тобунун жана Лайонел Ричи, Мадонна сыяктуу залкар инсандардын чыгармаларынан тарбия алуу үчүн дисктерди сатып беришчү. Мунун натыйжасында, болочок жылдыз 9 жашында гитара, тромбон аспаптарда кол ойнотуп, 12 жашында биринчи ырын жаратат. Мектепте окуп жүргөн кезинде теңтуштарынан айырмаланып, жаңы жылда Аяз Атадан куурчак сурабастан, үн жаздыргычы бар магнитофон белек кылуусун тилечү. Ошол кезде эле чыгармачылыкка болгон кызыгуусу күч алып, мектептеги ыр-бий кружокторуна катышып, талантына тажрыйба топтой баштайт. Нелли ыр дүйнөсүндө хип-хоп жанрына кызыккандыктан, өз бөлмөсүнүн дубалдарына рэп ырдаган белгилүү жылдыздардын сүрөттөрүн илип алчу. Жалпы эле ыр-бий жагынан шыгы бар болуп, атактуу болуу жөнүндө эңсеген кыялы турмушта иш жүзүнө ашат деп эч ойлогон эмес. Биринчи ирет жандүй­нөсүндөгү музыкага болгон сезимдерин ата- энесинин мекени Португалияга барып, ошол жердеги жергиликтүү клубдардын биринде эл алдында аткарган ырлары ойготууга жардам берет. Ошол күндөн тартып биротоло ырчылыкты өркүндөтүүнү максат кылып алган.

ЖЕКЕ ЧЕЧИМ
Кичинекейинен эле өз алдынча болууга көнгөн Нелли Фуртадо 17 жашка толгондон кийин балалык менен коштошуп, өз алдынча турмушка бет алат. Ушул убакка чейин кызынын жеке жашоосундагы кызыкчылыктарына кийлигишпегени менен бул жолу ата-энеси Неллинин “Торонто шаарына кетем” деген сунушун четке кагат. Ага карабастан Нелли алдыга койгон максатын багындыруу үчүн Торонто шаарынан жумуш таап, ошол эле учурда трип-хоп группа түзүп, дуэт ырларын аткарып, клип тарттырууга да жетишет. Бул дүйнө ырчысы Фуртадонун чыгармачылыкка таштаган биринчи кадамы эле. 90-жылдардын жарымында ырчы музыканын рок жанры менен «ооруп», ушул стилдеги ырларга көбүрөөк басым жасай баштаган. Андан тышкары, Бразилиянын улуттук музыкасы, аспаптардын түр­лөрүн­дө ойноо, оркестр, дегеле чыгармачылыктын тепкичтерин калтырбай басып өттү десек жаңылыштык болбос. Кичинекейинде чогуу ойногон курбуларынын арасында индиялык, кытайлык, африкалык, америкалык достору бар болгондуктан, англис, португалия жана хинди тилдеринде эркин сүйлөй алат. Алтургай ыр да жазат.

БУРУЛУШ ЖОЛ
1997-жылы Неллинин жашоо-турмушунда жаңы барак ачылды десе болот. 18 жашар ырчы Торонто шаарында болуп өткөн музыканттар конкурсуна катышууга бел байлайт. Бирок, калыстар тобу ырчынын талантын жетишээрлик баалабаганы менен дал ушул жерден чыгармачылыгына колдоо көрсөткөн адамдар менен таанышкан. Брайан Уэст, Джеральд Айтон жаш ырчы Нелли Фуртадонун келечекте ааламга аты тараган жылдыз болооруна көздөрү жетип, чогуу иштешүү сунушун киргизишкен. Бул сунушка макул болгону менен чыгармачылыктан бир аз четтеп, өзүнүн оюндагы пландарын ишке ашыруу максатында Европаны кыдырып кетүүнү да көздөйт. Бирок, продюсерлеринин талабы боюнча музыка дүйнөсүндө өз сапарын улантууга туура келет. Көп убакыттарга чейин жашоодон эмне издегенин түшүнбөй жүргөн Нелли 2000-жылдын сентябрь айында “Whoa Nelli” деген аталышта репертуарындагы биринчи альбомун жаратат. Бул белгилүү ырчынын дарегине көп сандаган күйөрмандар менен бирге атак-даңк алып келет. Альбомго киргизилген ырлар музыка жанрынын бардык түрлөрүн камтыйт десе болот. Анткени, кичинекейинен бул багытта такшалган ырчы бир эле учурда классика, рок, рэп жана жеңил музыка менен да алектене алаары анын таланттуулугунан кабар берет. Айта кетчү нерсе, кандай гана жанрда болбосун, Нелли ырлардын сөзүн өзү жазат. «Мен сүйүү жаатында ырдаганда күйөрмандарымдын жүрөгүн кыйнап, ыйлаткым келбейт. Эгерде бирөөнүн көзүнөн бир тамчы жаш акса, анда ал сүйүнүчтүн жашы болсо экен»,- дейт дүйнө жылдызы Нелли Фуртадо.
2001-жылы көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси болуп, популярдуулуктун туу чокусун багындырууга жетишет.

КЫЗЫ НЕВИС МЕНЕН БИРГЕ ЖАҢЫ АЛЬБОМДУН ЖАРЫККА КЕЛИШИ
2003-жылдын күз айлары сүйүктүү кумириңиз Неллинин жеке жашоосуна да, чыгармачылыгына да унутулгус из калтырган убактардан болду. Себеби, ырчынын дүйнөдөгү эң кымбат адамы кызы Невис жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылыкка баш-оту менен берилгендиктен, кош бойлуу болгонуна карабастан альбом жаратууга да жетишет. Бул ырлар топтому “Folklore” деген аталышка ээ болуп, ырларынын багыты гана эмес, мазмуну дагы алгачкы альбомунан бир топ айырмаланып турган. Мунун себебин Нелли: “Мен мурункудан чоңоюп, жашоого көз карашым өзгөрдү. Андыктан, бул альбомдогу ырлардын мааниси тереңирээк болуп, ар бир уккан адам өзүнүн жашоосунан бир окшоштук таба алат. Дагы көп убакытка чейин жүрөк­төрүнөн түнөк табат деп ойлойм”,- деген сөздөр менен түшү­ндүргөн. Бул альбом дагы мурункудай эле өз учурунда хитке айланып, Нелли Фуртадонун аброюн бийикти көздөй алып учат. Мындай атактуулукту багындыргандан кийин бир аз эс алып, чыгармачылыктан тышкаркы жашоосуна көңүл буруу максатында 2005-жылдын жарымынан кийин сахнадан көп көрүнбөй калганы баарыбызга эле маалым.

КАЙТЫП КЕЛҮҮ
Чоң сахнадан көп көрүнбөй калгандан кийин жеке күйөрмандарынын кызыгуусун арттырып турган кезинде кайрадан жаңы багыттагы ырлары менен сахнага кайтып келген. Андан тышкары, сырткы келбетин дагы өзгөртүүгө жетишкен ырчы үстүбүздөгү жылдын башынан тартып күйөрмандарынын көңүлүнөн кайрадан орун табат. Мурунку рэп ырларын аткарып жүргөн учурдагы кенен шымдарды, өзүнө чоң кийимдерди кийип жүргөн ырчынын жеңил-желпи денесине жармашкан кооз көйнөктөрдү кие баштаганы көпчү­лүктү таңкалтырбай койгон жок. Муну кызы Невистин энесине берген таасири катары карасак болот. Себеби, кызы төрөлгөндөн тартып жашоосунун өзгөрүү­гө учураганын өзү да жашырбайт.
Ырчылыктан тышкары Нелли Фуртадону телесериалдардан да көрө алабыз. Канадалык ырчы Нелли былтыркы жылы “One Life To Live” деген аталыштагы америка киносуна тартылган. Мында ал өзүнүн эле чыныгы турмуштагы жашоосун чагылдырган ырчы кыздын ролун ойнойт.
Кара чачтуу, көгүш көздүү, келишимдүү ырчы айым Нелли Фуртадо дүйнөдө кол жеткис байлыгы катары кызы Невисти, ата-энесин, бир туугандарын, досторун эсептейт. Андан тышкары, “музыка – бул менин жашоом” деген ураан менен чыгармачылыгын бийик тутуп келет. Испан тилин үйрөнүп, бул тилде дагы ыр жаратуу – эңсеген тилеги. Нелли Фуртадо турмушунда бир гана жолу сүйүү отуна кабылып, сүйүүсү бир тараптуу болуп калгандыктан, андан жабыр тартканын айткан. Бул окуя мектепте окуп жүргөндө болгондуктан, ал сезимдери назик жана тунук боюнча жүрөгүнүн түбүндө сакталып келет.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 236, 11-17-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан