HI-TECH NEWS: ТҮШТҮК КОРЕЯДА РОБОТ БАРИСТАЛАР ПАЙДА БОЛДУ

Түштүк Кореядагы кафелердин бири кофе кайнатуучу робот машиналарды ишке киргизди. Бул азыркы коронавирус пандемиясына байланыштуу тейлөөчүлөрдүн санын азайтууга болгон аракет. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазды.

Кафенин кардарларына кофе жеткирген роботтор кофени өздөрү кайнатышат. Бир робот жалаң кофе кайнатууга жана даярдоого турат. Ал эми жылып жүрүүчү роботтор кофени кардарлар отурган жайга чейин жеткирип беришет. Кардарлар роботтордо жайгашкан планшеттер аркылуу кофенин түрүн, санын жана төлөмдү жазып буюртма бере алышат. Роботтор ошол боюнча кофе кайнатуучу роботко сигнал жеткирет. Ошондой эле кардарлар робот аркылуу кофе үчүн электрондук төлөмдү да жүргүзө алышат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан