– Окуп, билим алып, Зууракан эжедей мыкты мугалим болом деген кыялым кичинемде эле бар болчу. Дал ошол максатыма жетем деп көшөрүп жатып, акыры окууга өткөм. 1-курсту жакшы окуп бүттүм. Ата-энеме жардамдашып, жанында жүрүп келейин деп айылга кеттим. Жай ортолоп калганда бир күнү коңшу айылда жашаган жеңем келип калды.
– Кыз, эс алууга келиптирсиң, каникул деле бүтүп баратат. Үйдө эле жүрө бербей, биздикине келип кет,- деп калды жеңем. Демейде эч жакка жибербеген апам да шып эле макул болуп, жөнөтө калды. Ошентип жеңем мени ээрчитип кетти. Оюмда эч нерсе жок алардын үйүнө бардым. Тамак-аш жасап, экөөбүз ар нерсени сүйлөшүп отурдук. Эртеси үйгө кайтышым керек эле.
– Жеңе, мен кетейин, апамдар күтүп калды го?
– Түштөн кийин мени менен чогуу иштеген келиндин иниси силер жакка жумуштап барат экен. Жөө кетип эмне кыласың? Ошолорго салып жиберейин,- деди. Дароо макул болдум. Анткени ысыкта күнгө какталып жөө кетким келген жок. Кеч кирип баратканынан тынчсызданып жеңемден сурадым:
– Жолго чыга берсем болмок. Жол бою бирөө-жарым чыкмак же жөө деле жетип алмакмын да.
– Ой, кыз, эмне санааркайсың, азыр келет, бүгүн сөзсүз барышат деген. Тегирменге ун таштаптыр, ошону алып келишет. Чөп-чардын убагы, унга барбай койбойт.
Күүгүм кирип калганда эшиктин алдына кызыл Жигули келип токтоду. Жеңем чыгып “жакшы жеткизип койгула” деп шакылдап, салып жиберди. Беймарал кетип бараткам, бир кезде биздин айылга бурулбай эле өтүп кетишти.
– Каякка алып баратасыңар?!- деп кыйкырып жаттым. Мени угуп да коюшкан жок.
Машина сызып баратты. Эркектерде деле аёо сезими жок. Ыйлап, кыйкырып жатып үнүм чыкпай калды. Бир кылмышкерди алып бара жаткансып колумду толгоп салышты. Тыбырчылап, тепкилеп жатып шайым деле кетип калган. Бир үйгө келдик, кайсы айылга келгенимди деле билген жокмун. Эркек деп коём, аялдар деле аябайт экен. Үнүмдү эч ким уккан жок, улам алып салганыма карабай жулмалап жоолугун салышты. Ичимден эмнеси болсо да кетем деп жаттым. Бар үмүтүм апамда эле. “Апам сөзсүз алып кетет, мени окууңду аяктайсың дечү эмес беле" деп ага ишенип турдум. Бирок апам кубалап келген жок. Мени машинеге салып берген баягы жеңем куугунчу болуп келди. Мага кирип, ооз ачып сүйлөгөнчө болбой кайра чыгып кетти. Жыргап чардап конок болуп, сыйын көрүп кете берди. Апамдарга “баары сонун, кыздын тиги жигитке көңүлү бар экен” деп аларды жайгарып, ачуу басарды тостуруп коюптур. Кийин апама жолукканда “бир да кызыбызды окуткан эмес элек, сага ишенип окуттук эле. Окууңду бүтпөй, эрге эмне шашасың?” деп катуу тилдеди. Дал ошол жерден жеңемдин кылыгы билинди.
Тагдырга моюн сунуп, бир жылча жашадым. Жолдошум жоош болчу. Бир күнү түн ичинде үйдө киши жокто чыгып, баса бердим. Апама бардым. Башка кимге барат элем? Жашагым келбестигин айтсам апам ажырашуумду каалабасын айтып, кыйылып турду. Бирок ага болгон жокмун. Эртеси эртең менен эрте кеткен автобуска түшүп, шаарды көздөй жөнөп кеттим. Шаар мага кулач жайып күтүп алган жок. Үй-жайым жок, эптеп бир курсташымдын батиринде жашап жаттым. Жумуш таап, жаңы иштеп баштаганда күйөөм эмес, кайын эжемдер издеп келишти. Барбайм деп көшөрдүм. Ажылдап, каргап-шилеп кетишти. Ал кезде боюмда бар экенин билген эмесмин. Кийинчерээк кыйнала баштаганымда ооруканага барып билдим. Бирок кайткым келген жок. Кандай болсо да өз күнүмдү өзүм көргүм келди. Окуумду кайра калыбына келтире алган жокмун. Кыш айларында уулдуу болдум. Жайлата ирбелеңдеп иштеп чогулткан акчам бар болчу. Ошону тамак-ашка колдонуп жаттым. Батирди кыздар өздөрү төлөп жатышты. Баламды жакшы көрүп, муздак деле мамиле кылышкан жок. Апам каралашып жатты. Ошентип жүрүп уулум да чоңоюп калды. Башка күйөөгө тийүү жөнүндө ойлонгон жокмун. Уулумдун тарбиясы жакшы, аны эш тутуп жашай бергим келет. Эми кимге барып, кимдин түйшүгүн тартайын? Турмуш менен алпурушуп жүрүп кыялдар орундалбай калды. Балким, эми киришермин...
Дал ошол ала качтыруудан кийин бир да жолу бет келип, сүйлөшө элекпиз. Сурагым келет. Жеңе, мени ала качтырып эмне таптың?..
Айнура