Зордук көргөн өспүрүм кыздын апасы: «СОТ КЫЗЫМДЫ ЗОРДУКТАГАН АДАМДЫ АКТАП БОШОТУП ЖИБЕРДИ»

Өлкөдө укугу тебеленип, аргасыздан депутаттардын эшигин кагып же ЖМКлардан жардам сурап адилеттүүлүк издегендер көп. Эне 13 жашар кызын зордуктоого айыпталган адамды актап жиберген сотторго нааразы. Ал «айыпталуучунун жакыны генерал экен» дейт.

«СОТТОР ИШТИ КАЛЫС КАРАГАНДЫН ОРДУНА КЫЗДЫН АПАСЫНА АЙЫП САЛЫПТЫР»

4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "экспертизалар бар болгонуна карабай, 13 жашар кызды зордуктаганга айыпталган адамды сот актап жиберди" деп депутат Айсулуу Мамашова маселе көтөрдү. Аталган окуя тууралуу депутатка байланышсак, төмөнкүлөргө токтолду.

– Депутаттардын коомдук кабылдамасына 4-июнь күнү жабыр тарткан кыздын апасы менен жактоочусу келип кайрылып арызын таштап, окуянын кандай болгонун айтып беришти. Соттун чечимин көрсөтүштү. Чынын айтсам, укканда апасына кошулуп ыйладым. Мындайча айтканда, бир нече жылдан бери адилетсиздик менен күрөшүп келе жатат да. «Жардам бериңизчи, сиз дисциплинардык комиссияга кайрылсаңыз, балким, башкача болор. Буга чейин кайрылганбыз, бирок алар сотторду коргоп эле биздин ишибизди карабай койду. Эч кандай калыстык жок экен» дешти. Ошондуктан бул маселени көтөрүп, аягына чейин жеткирели деген оюбуз бар. Биз арызды тиркеп, бул ишти кароого кайрадан дисциплинардык комиссияга жибердик. Сотту кызматтан бошотуу маселеси абдан оор, муну бир эле президент чечет, учурда өзүңүздөр байкагандай, петицияга кол коюлуп жатат.

Андан тышкары жактоочу жогорку инстанцияга «ишти биринчи инстанцияга кайтарсын, иш кайрадан каралсын» деген арыз менен кайрылды. Кайра каралса деп турабыз, анткени бардык экспертизалардын жыйынтыктарын эске албай, айыпталуучуну актап жиберишкен. Соттор жок дегенде ушундай кичинекей балдарга тиешелүү ишти калыс карап бергендин ордуна кыздын апасына айып салыптыр. Эми бул кыздын апасы зордуктоого шектегени үчүн айыпталуучуга моралдык компенсация төлөп бериш керек экен. Бул эмне деген адилетсиздик? Кудай буюрса, үнүбүз президентке жетип, адилеттүүлүк жеңишке жетерине ишенебиз.

Жогорку Сот 5-июнда депутат Айсулуу Мамашованын сөзү боюнча билдирүү тараткан. Бул кылмыш иши боюнча айыпталган жаран үй камагында экенин, учурда кылмыш иши прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде Жогорку Соттун өндүрүшүндө каралып жатканын билдирген. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "кылмыштын курамы жок" деп айыпталуучуну актаган. Шаардык сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

«КАЧАН ЧЕЧИНТИП АЛЫП СУРАП БАШТАГАНДА ЫЙЛАП АЙТЫП БЕРДИ»

Адилеттүүлүк издеген эне "соттордон жыйынтык чыкпай жатат" деп президентке чейин бир нече жолу кат жолдогон. 3 жылдан бери адилеттик таппай келген жабырлануучу кыздын апасы буларды айтты:

– Бул окуя 2016-жылы август айында болгон. Кызым каникулда Ысык-Көлгө лагерге барган. Ал жактан чогуу барган балдар-кыздар таанышып, достошушат. WhatsApp`тан группа ачып, лагерден кайткан соң байланышта болуп калышат. Окуу жылынын башталуу алдында «келгиле, киного барабыз» деп сүйлөшүшөт. Чогулуп киного барышыптыр. Бул менин жалгыз кызым, «апа, барып келейин» дегенинен окуу башталат, барсаң барып кел деп жиберип койсок, ушул окуя болуп жатпайбы. Кызым ал кезде 13 жашта болчу. Лагерге барган балдар баары 10-14 жаштагылар болгон. Кылмышка шектүү лагердеги вожатыйдын жардамчысы экен. Ал дагы WhatsApp группага кириптир, кийин көрдүк. Улуу немеге ушул кичинекей балдардын арасында эмне бар? Аны эмне кызыктырышы мүмкүн, ал башынан эле пландаган. Кинозалга попкорн, шире алып алышат эмеспи. Анан бөтөлкөдөгү ширени ачам деп жатып, кызым колуна төгүп алат. Дааратканадан колун жууп чыгып келе жатканда күч менен кайра сүйрөп кириптир. «Мени кармалап, жулмалаганда алым келген жок, башым менен урундум» деп ыйлап айтып берди. Кичинекей кыз болсо, мындай окуяны оюнан чыгарып айтпайт да. Кыскасы, ушинтип зордуктаган. Мен үчүн да бул окуяны эстеген оор.

Андан бери кызым психологдордун жардамы менен бир аз өзүнө келип калды. Бирок эмгиче коркунуч бар. 18ге чыгайын деп калды, эч жакка чыкпайт. Үйдө отурат, анткени коомчулукка аралаша албайт, коркот. Жадакалса дос күтпөйт. Келечекте турмуш да кургусу келбейт. Бул өмүр бою так болуп калып жатпайбы.

Биз мунун кыйналып жүргөнүн деле түшүнгөн жокпуз. Негизи жалгыз отуруп компьютерден ойной берчү. Ошол учурда иним каза болуп, биз дагы кайгырып жүргөнбүз. Биз да кайгыда жүрө берип, кызымдын кыйналганын түшүнбөптүрбүз. Бир күнү жаныма жатканда кучактадым. Ошондо бут жагынын карт болуп калган жерине колум тийип кетти. Ал уктап жаткан. Эртеси мектептен келгенден кийин чечинтип, «эмнеге кестиң?» деп сурадым. Дал ошол кезде көк кит деген оюн чыкпады беле. Мен ошондон шек санап жаткам. Качан чечинтип алып сурап баштаганда ыйлап, болгон окуяны айтып берип жатпайбы.

«ЗАР КАКШАП, ТИЛ ТЕШИЛГЕНЧЕ АРЫЗДАНБАСАҢ, АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ ЖЕТПЕЙСИҢ»

– Уккан күнү эле укук коргоо кызматына кайрылдык. Ал бала лагерде жүрүп, дагы бир кыз менен мамиле куруптур. Муну күбө болгон кыздын бири айтып жатат. Ал кызды иликтөөгө чакырган жок. Тергөөчүнү орто жолдо алмаштырып жиберишти, анткени биздин биринчи тергөөчүбүз ишти жакшы иликтеп жаткан болчу. Көрсө, анын таятасыбы, чоң атасыбы, айтор, бирөөсү генерал болгон экен. Берене оор болгонуна карабай мындай кылмыш жасаган адамды дароо камашкан жок. Үй камагына чыгарып жиберишти.

Биз арыз берген күнү эле соттук медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында кызымдын зордукталгандыгы тастыкталган. Психиатриялык экспертизанын корутундусунда дагы «кичинекей кыз алдабайт, мындай ишти көбүртүп-жабыртып айта албайт» деп жазылган. Полиграфолог айыпталуучуну калп тапкыч аркылуу изилдегенде, менин кызыма байланыштуу суроодо калп айтты деп чыгарды. Анан экспертизанын жыйынтыктарын көзгө илбей эле Биринчи Май райондук соту Айбек Эрнис уулу айыпталуучуну актап, бошотуп жиберди. Негизи 12 жылдан 15 жылга чейин жаза суралып жаткан. Ал бул ишти созуп жүрүп бир жыл карады. Аны актап жибергени аз келгенсип мени айыпка жыгып, айыпталуучунун тарткан моралдык, материалдык чыгымдарын төлөөгө милдеттендирди. Кызымды зордуктаганы үчүн дагы ыраазычылык билдиришим керек экен да, акча төлөп. Бул эмне деген мыйзам?

Кайра Жогорку Сотко арыз жаздык, бир отурум кылышты. Ал жактан прокурорлор бир жарым саат айыпталуучунун күнөөсүн далилдеп, какшап отурду. Сот ага да караган жок. Алардын көзүн май басып калыптыр.

3-4 жолу президентке кат жаздым, биринчи катка реакция болуп, Башкы прокуратура иш боюнча суракка чакырып баштаган. Кийин алар деле аягына чыкпай, жаап коюшту. Мен элге, журналисттерге ыраазымын. Бизде зар какшап, тил тешилип бутуң үзүлгөнчө күрөшүп жүрүп адилеттүүлүккө жетишиң мүмкүн, болбосо адилеттүүлүк деген жок.

Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлөрү менен Жогорку Сот маалымат таратты. Алардын алдын ала мындай маалымат таратууга укугу жок эле да. Бул жаман белги. Алар өздөрүн коргой башташты. «Айыпталуучу үй камагында» деген маалымат таратып, жоошутуп коюшту.

Учурда Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү үчүн онлайн петицияга кол топтолуп жатат. Добуш бергендердин саны кескин түрдө өсүүдө. Эл мындай ишке кайдыгер эмес.

Тилекке каршы, чындык дайыма эле жеңе бербейт. Андай болсо "уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат" өңдүү кептер жаралмак эмес. Карапайым элдин үнүн ким угат? Өлкөдө көз карандысыз, эркин, иштин майын чыгара караган сот адилеттиги качан орнойт? Аталган кылмыш ишине карата Жогорку Сот кандай чечим чыгарарын кийинчерээк маалымдайбыз.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aibek_88
2020-06-16 09:34:01
Зордукчунун аты жонун жазып койгула да,эл билсин,уксун,корсун Ким кандай Адам экенин,мындайлар адилеттуулук биз жакта деп кылган ишин кайра эле кыла берет
+8
Altyn10076
2020-06-16 17:13:59
Карга караганын көзүн чокубайт болгон турбайбы. Элди чогултуп соттордун иш каналарын талкалоо керек. Ошондо бийлик ойгоно.
+5
erlan92
2020-06-18 02:20:59
Сотту билдик,кылмышкердин аты жөнүн билгизип койсоңор кармап алып эрмектейли!!!
+5
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан