Менин да жан сакчым болчу, У До Хван!

Акыркы ирет кайсы дораманы көрдүңүз? Балким, мага окшоп «Падыша: Түбөлүк монархты» көргөндүрсүз. Дал ушул сериалда башкы каармандардан ашса ашып, бирок кем калбаган падышанын жан сакчысы Чо Ёнго (У До Хван) ашык болгондор арбын. Учурда Түштүк Кореядагы популярдуу «жан сакчы», мыкты актёр У До Хвандын жашоосуна биз дагы кызыгып көрдүк.

Толук аты-жөнү: У До Хван

Туулган жылы: 1992-жыл, 12-июль

Туулган жери: Түштүк Корея, Анян шаары

Үй-бүлөдө: 3 бир тууган, 2 карындашы бар

Бою: 180 сантиметр

Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок

Лейбл: KEYEAST, SM Entertainment

Белгилүү тасма, сериалдары: «Уста», «Мени куткар», «Кутурган ит» «Мыкты азгыруучу», «Менин өлкөм», «Падыша: Түбөлүк монарх»

АЛМА САБАГЫНАН АЛЫС ТҮШПӨЙТ

Ата-энеси актёр-актрисалар аны жакшы түшүнөт. У До Хван эс тартканы үйүнө маданий тармактын өкүлдөрү көп келчү, дем алыш күндөрү театр, киного баруу салтка айланган. Жаңы чыккан тасмаларды сөзсүз көрүү, көпчүлүгүбүзгө окшоп диванга отуруп алып актёрлордун оюнун талдоо, сындоо, мактоо үй-бүлө мүчөлөрү үчүн көнүмүш адат эле. Анткени До Хвандын атасы театр актёру. Аталар уулу анын жолун жолдосо кубанышат эмеспи. У До Хван актёр болом деген каалоосун айтканда атасы да кош колдоп макулдугун берген. Максатын ишке ашырууга кадам таштаган жигит 18 жашында Данкук университетинин киноискусство факультетине тапшырган.

АТАСЫНЫН СЫНЫНАН ӨТҮП ТУРАТ

Актёрлук карьерасын 2011-жылы баштаганы менен, ал көпчүлүккө 2016-жылы гана таанылды. Ийгилик жана алгачкы наам ушул жылы жарыкка чыккан «Уста» («Мастер») тасмасы менен кошо келген. Бул тасмага ал Ли Бёң Хон, Ким У Бин, Кан Дон Вон сындуу белгилүү актёрлор менен бирге тартылган. Жылдыздуу курам, мыкты сценарий менен тартылган тасма бир катар наамдарга ээ болуп, ал эми У До Хван «Жаңы жылдыз» наамын жеңип алган. Атасынын кубанычында чек жок эле, анын кыялы ишке ашты, уулу анын жолун жолдоду, бүтүндөй өлкөгө таанымал актёр болду. Атасы анын оюндарын азыркыга чейин көзөмөлдөп турарын, кемчилигин да, жетишкендигин да жашырбай айтарын белгилейт.

КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ

Актёр болом деген До Хван алгач кандай роль болсо да сүйүнүп кабыл алчу. «Уста» тасмасындагы ийгилигинен кийин аны мурдагыдай экинчи пландагы ролдорго чакыргандар да токтоду. «Мени куткар», «Кутурган ит» дорамаларында да анын актёрдук чеберчилиги кино сынчылар тарабынан жогору бааланган. Канчалаган кыздар актёрдун сүрөтүн бөлмөлөрүнө илип алышкан. У До Хван эми өз өлкөсүн гана эмес, дүйнөнүн бир катар мамлекеттерин багындырды, күйөрман топтоду. 2018-жылы ал кайрадан көпчүлүктүн оозунда болду. Буга чейин профессионал алдамчы, кагылып-согула элек жаш жигиттин, окуучунун ролдорун ойноп келсе, бул ирет кыздарды бат эле торуна илген азгыруучунун образында экранга кайтты. Анын белгилүү ырчы Жой менен тартылган «Мыкты азгыруучу» дорамасы актёрдун көп кырдуу талант экенин дагы бир ирет далилдеди. Романтика, драма, боевик, экшн жанрында өзүн сынаган До Хван 2019-жылы тарыхый «Менин өлкөм» сериалына да тартылды. Негизи эле бардык актёр-актрисалар, анын катарында кыргыздардыкы да тарыхый тасмага тартылгылары келишет. Корей актёрунун бул кыялы да орундалды.

«ПАДЫША: ТҮБӨЛҮК МОНАРХКА» КӨРК КОШТУ»

Дал ушундай комментарийлер бүгүнкү каарманыбызга таандык. 2020-жылдын күтүлүп жаткан сериалдарынын бири «Падыша: Түбөлүк монарх» эле. Күткөн күн келип, ал эмес, сериал да аягына чыкты. Кыргыздарга Гу Жун Пё аты менен таанылган Ли Мин Хо, «Гоблиндин аялы» атыккан Ким Го Ын сүйүшкөндөрдүн ролун аткарган бул сериалда У До Хванга мынчалык көңүл буруу болорун өзү да күтпөсө керек. Ал падышаны кайтарган жан сакчы катары экинчи планда жүрмөк. Бирок ал экранга чыккан алгачкы көз ирмемден тарта алдыңкы планга чыкты. Эки параллель дүйнөдө эки башка каармандын образын эки башка адамдай мыкты ачып берген У До Хван болду. Биринчиси – падышанын жан сакчысы, токтоо, күчтүү, сүрдүү, мыкты коргоочу, «жеңилбес кылыч» атыккан Чо Ён, экинчиси – шайыр, коркок, боорукер, баёо мүнөз Ын Соп.

«Мага да жан сакчы болчу», «сен бар үчүн кызыгып көрдүм», «баш каармандарга караганда сенин ролдоруң мыкты болду»... Учурда У До Хванга ашык болгон күйөрмандар күндөн күнгө көбөйүүдө.

У До Хван «Падыша: Түбөлүк монарх» дорамасы тууралуу:

– Мен «Падыша: Түбөлүк монархка» чейин «Менин өлкөм» сериалына тартылбадымбы. Анда аскер офицер Сон Хонун ролуна бир жыл даярдангам. Уруш өнөрү, кылыч чабышуу, курал-жаракты туура колдонуу боюнча канча машыктым. Андыктан жан сакчы Чо Ёндун ролу оорчулук жараткан жок. Физикалык жактан даяр болдум. Бир гана бүкүрөйбөй, дайыма түз басуу, үнүмдү бир калыпта, токтоо чыгарууга үйрөндүм.

Мен үчүн да, күйөрмандарым үчүн да Ын Соптун ролу жаңычылдык болду окшойт. Чо Ён кадимки расмий тилде сүйлөсө, Ын Соп Пусан диалектисинде сүйлөйт эмеспи, андыктан диалектте акцент менен сүйлөгөндү үйрөнүүгө туура келди. Дегеле карьерамда Ын Соптой жашоого жеңил караган шайыр адамды ойной элек экенмин. Жакшы мүмкүнчүлүк болду. Элге мен аткарган каармандар жагып жатса, кубанычтамын.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Topcubai
2020-06-15 14:26:36
Падыша түбөлүк монархтын аталышы кандай
0
gulnazika
2020-06-15 15:36:07
Topcubai,Король вечных монарх
-2
kozuwka
2020-06-16 12:50:18
ушундан коро пайдалуу кенештерден кобуроок чыгаргылачы же кыямды кантип туура кайнатуу жонундо жазсанар жакшы болмок,сезон башталбадыбы
+1
vikidiki
2020-06-17 10:43:31
kozuwka,Гезит ар тараптуу , маалымат маанайшат жүзүндө чыгат. Демек каалаган темада макала окусаң болот. Эмне кереги бар ушинтип тырчый бергендин. Кызык эмеспи бул бөлүмгө кирбе.
-2
kozuwka
2020-06-17 17:48:51
vikidiki, Ар ким озунун жеке оюн айтууга болот, бул сунуш катары жазылган комментарий.
+2
kozuwka
2020-06-16 12:51:26
пайдалуу кенештерден кобуроок чыгаргылачы же кыямды кантип туура кайнатуу жонундо жазсанар жакшы болмок,сезон башталбадыбы
+2
Hadinura
2020-06-20 12:13:52
Арсенал военной академии сериалынын башкы каармандары жонундо да маалымат бериниздерчи
+3
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан