(Башы өткөн сандарда)
– Самат, мындан ары бири-бирибизди атыбыздан айтпайбыз. Мен 12-01мин, сенин номериң 12-02, Албан 12-03. Калган балдарды сен тааныбайсың, алар 12-04, 12-05, 12-06, 12-07. Балдар менен сүйлөштүм, бешөөсү биз менен иштейт. Паспорттору эртең даяр болот. Сен жашаган үйдүн алдындагы балдар аянтчасында сары түскө боёлгон отургуч бар, бирөө эле, адашпайсың. Ошонун түбүнө бекитип коём. Бирөө атайын эле издебесе ал жерден эч ким байкабайт, көрсөң түшүнөсүң. Эртең менен ошол жерден алып 12-03кө алып барып бер, ал сени "Каравандын" алдынан күтөт. Ал жер коопсуз, өзүң деле көрөсүң барганда. Андан ары аэропортту көздөй жөнөйсүң, аэропортко жете бербей каналдан оңго бурулган жол бар. Каналды бойлоп бир чакырымдай басып күтүп тур. Саат жетиде бир адам мүшөк алып келет. Аны алып Астанага жөнөйсүң. Үч саатта жетесиң, шаарга кире бериштеги айылда Песчаная деген көчө бар. Көчөнүн оң тарабын карап бара бер, "Казмунай" деген рекламалык щитти көрөсүң. Бир нече дүкөн бар, ошол жерге токтоп, мүшөктү машинанын арткы орундугуна калтырып коюп басып кет. Сени күтүп турушат, беш мүнөттөн кийин кел да, машинаңды айдап кете бер. Болду ошо менен сенин ишиң бүтөт, үйүңө келип эс ала бер. Керек болсоң подъездиңердин эшигинин оң жагына сары маркер менен "г" деген тамга жазып кетем. Биз азыр турган жерге түнкү саат он экиде келесиң. Эгер кат таштай турган болсом эшиктин сол жагына "п" деп белги коюп кетем. Кат жанагы сары отургучтун түбүндө болот. Күндө эртең менен сегизде, кечинде алтыда эшиктин эки жагын карап тур. Баары түшүнүктүүбү? Түшүнүксүз жери болсо сура.
– Түшүндүм, 12-01,- дедим.
– Макул анда, ийгилик!- деди да, шыпылдай басып караңгыга сиңип кетти. Басканы да башкача, шыпылдап мышыктай жеңил басат. Мен да үйгө жөнөдүм.
Паспорттор суу өтпөс материалга оролуптур. 12-03 мейманкананын алдында күтүп туруптур. Мени көрүп эле машинесин от алдырып, мага катарлаш жай айдап баратты. Светофорго токтогондо, алдыңкы эшигинин айнегин ылдый түшүрдү эле, паспортторду салонуна ыргыттым. Ал бир жакка зуу койду, мен аэропортту көздөй жөнөдүм.
Ал жерден 12-01 айткандарды алып Астанага бардым. Дүкөнгө кирип суусундук, шам-шум эткенге бирдемелерди алып 5 мүнөттөн кийин машинага келсем мүшөк жок, алып кетишиптир. Мүшөктө эмне бар эле, ким алып кетти, мага белгисиз бойдон калды. Тигилерге жеткиргени баратканда ачып көрөйүн десем эки пломбасы бар экен, тийбедим.
Эртеси эшиктин капталына билинер-билинбес "п" деген тамга жазылып калыптыр. Кат таштап кеткен экен, окусам "эртең саат үчтө "Эхо" деген кинотеатрдын алдында таксисттер турган жерге барып тур. Бир бала келет, колунда көк, "спорт" деген жазуусу бар сумка болот. Сумкада сенин эмне кыларың жазылган кат бар. Аны алып күтө тур, өзүм чакырам" деп жазылыптыр.
Эртеси үчкө он мүнөт калганда таксисттердин жанына машинамды токтотуп күтүп отурдум.
Саат үчтө көк сумка көтөргөн мен курактуу бир жигит туура эле менин машинама келип:
– Ульбинкага айда, миң берем,- деп жообуму күтпөстөн арткы орундукка отурду. Мен да кадимки таксисттердей түр менен шаар аралай айдап жөнөдүм.
Сүйлөбөйт, айланага көз чаптырып ойлуу баратты. Бир топ жүргөндө сумкадан ботинканын коробкасын алып чыгып орундукка коюп:
– Мени адам көп жерден түшүрүп кой,- деди. Айтканын кылдым да, андан ары кеттим.
Дагы он мүнөттөй шаарды кыдырып жүрдүм да, базарлардын биринин унаа токтотуучу жайына машинамды токтоттум. Айлананы карап бир топ отурдум, шектүү эч нерсе байкалбайт. Коробканы ачсам ичинде алты майда коробка жатат. Бирөөсүнүн сыртына 12-02 деп жазылыптыр. Ачып көрсөм көлөмү ширеңкенин кутусундай болгон рация бар экен. Артына 12-02 деп номери жазылыптыр. Коробкалардын баарын карап чыктым, ар биринин түбүндө коробкаларды кайсы жерлерге бекитип келишим керектиги жазылыптыр. Рацияны алып иштетип, текшерип көрдүм. Колго көтөрүүгө ыңгайсыз кичинекей экен, наушниктери да жүрөт. Түндө алардын ар бирин айтылган жерлерине бекитип келдим.
Эки күн тынч өттү, үчүнчү күнү эртең менен эшиктин капталында "г" деген тамга пайда болуп калыптыр.
Түндө он экиде баягы отургучка бардым, Юлай бекинип отурган экен, мени көрүп бери басып келди:
– Рацияны зарыл учурда гана колдонобуз, сен да зарыл болбосо мага чыга бербе, бир нерсе деш кыйын. Азыр он мүнөт ушул жерде отуруп тур. Машинаңа беш чакан коробка салам. Ар биринде дареги жазылуу, ошол жерлерге бекитип келишиң керек. Тездет, балдар эки сааттан кийин ала турган болушсун. Таңга чейин бир иштерди бүтүрүп жетишүү керек. Сен эртең түнү, саат экиде ушул жерде бол. Ушуларды айтты да Юлай менин машинама кетти.
Он мүнөттөн кийин бардым, коробкалар оор эле.
Юлай аларды бекитүү үчүн адамдын оюна келбеген жерлерди тааптыр. Кинотеатрдын артында чакан аттракциондор бар, түндө ачык эле калат. Ошол жерде жаш балдардын каруселинин бирөөсү пилдин формасында экен. Курсагында ачыла турган жери бар экен. Бир коробканы ошол жерге бекиттим. Калгандарын да өз ордуларына койдум.
Эртеси түндө баягы жерге барсам Юлайдын көңүлү ачык, колунда сыра. Алдында ышталган балык жатат.
– Балдар, айрыкча 12-03 азамат экен. Аябай жакшы иш кылышты, Ерханды табышты. Эртең 12-03кө үч миң, калган балдарга эки миң доллардан бер,- деди.
Ерханды кантип табышканы мага да кызык болду, бирок сураган жокмун.
– Эми баарыбыз Усть-Каменогорскко кетебиз, Ерхан ошол жакта экен. 12-02, балдар бири-бири жөнүндө, бизге иштеп жатышканы тууралуу эч нерсе билишпейт. Ар кими өз-өзүнчө иштешет. Даярдан, үч күндөн кийин Усть-Каменогорскко барып, мага, өзүңө батир табышың керек. Машинаңды жок кыл, сатпа, колуң тийген жерлеринин баарын аарчып, машиналар күнү-түнү токтой турган жайга таштап кел. Анын ээси жок экени билингиче үч-төрт ай өтөт. Усть-Каменогорсктон мага, өзүңө машина алып, даярдап кой. Жигули алсаң болот же Ауди 80 ал. Бирок тың, жолдо калтырбай турган машиналар болсун,- деди Юлай.
Усть-Каменогорсктон бир бөлмөлүү эки батир, эки Жигули таап койдум. Албан да, балдар да азыр ар кимиси Усть-Каменогорсктун төрт бурчунда жүрүшкөн болушу керек. Балким, эчак эле келишкендир, эгер Ерханды табышкан болсо. Эртеси түндө Юлай келди.
– 12-02, азыр бизде бир жумадан ашык убакыт бар, сен шаарды жакшы билишиң керек болот. Усть-Каменогорсктун картасын ал дагы сегиз бөлүккө бөлүп алып, күндө бир бөлүгүн кыдырып чык. Бирөөдөн качканда, бирөөнү кууганда жолду жакшы биле турган бол. Ар бир көчөнү жакшы билишиң керек. Уйкуну азайт, жыйырма күндө баарын бүтүрүшүбүз керек, чыдап иштеп бергиле, балдар. Менин башка да иштерим бар. Ошондуктан убагында бүтүрөлү, ал үчүн жанды карч уруп чуркап иштешибиз керек болот. Макул, азыр бара бер. Үйүңдүн дарегин мага жазып калтырып кет, подъездиңдин, батирдин номерин, үйдүн алдындагы аянтта эмнелер бар, кыскача жазып кой,- деди да мени жөнөтүп жиберди.
Усть-Каменогорсктун картасын алып Юлай айткандай маркер менен сегиз бөлүккө бөлүп чийдим. Эртең менен саат тогузда чыгам үйдөн, андан эрте чыксам көчөдө адам аз болот, көргөндөр жүзүмдү эстеп калышы мүмкүн. Тогуздарда үйдө да адам көп боло бербейт, жумушка кеткендери кетип, үйдө калгандары али бери сыртка чыгыша элек маал. Күндө шаардын бир бөлүгүн кыдырам, көзгө урунган имараттарды, жазууларды, көчөлөрдүн аттарын эстеп калганга аракет кылып жаттым. Бирөө кууса кантип, кайсы жолдор менен качсам болот деп ойлонуштуруп жаттым.
Шаар чоң болгондуктан, баарын эстеп калууга мүмкүн эмес болчу. Бирок тапшырманы так аткарып, өтө этият болбосом, менин бир эле катам операциянын баарын кыйратышы мүмкүн. Анда Адыл аганын ишеничинен да чыгам. Ошондуктан мүмкүн болушунча аракет кылышым керек...
(Уландысы кийинки санда)