ТҮРК СЕРИАЛДАРЫНЫН КӨРКҮН АЧКАН ЖЫЛДЫЗДАР

Түркия мамлекети сериалдарды сатуу боюнча дүйнөдө экинчи орунда. Сериалдарды сатуунун кирешеси бир жылда 350 миллион долларды түзгөн. Дүйнө элин экрандан карыш жылдырбай кармаган бир топ сериалдар көрсөтүлүп келет. Бул ийгиликтин артында кинонун көркүн ачкан сулуу бийкечтердин ролу чоң.

Эбру Шахин

Туулган жылы – 1994-жыл, 18-май

Туулган жери – Түркия, Стамбул шаары

Бою – 170 сантиметр

Салмагы – 54 килограмм

Тартылган сериалдары – «Менин атам», «Стамбулдук келин», «Жеңил ойлуу»

Кыргыз көрүүчүлөрүнүн көбүн ыйлаткан, кууп көргөн сериалдардын бири – «Жеңил ойлуу». Түрктөрдүн түбөлүк темасы болгон уруулар аралык өч алуу бул тасманын өзөгү. Андагы Раян аттуу кыздын ролун жараткан актриса – Эбру Шахин. Актриса тууралуу түрк басылмалары «кайдан-жайдан түрк тасмаларына шамалдай кирип келди» деп мүнөздөмө беришет. Анткени башкалардай узак жол басып эпизоддук ролдорду ойнобостон, тасма талаасына аттап киргенден атактуу режиссёрлордун көзүнө илинип, башкы каармандарды ойноп баштады.

Эбру Стамбул шаарында төрөлгөн. 11 жашынан баштап спорт менен машыгат, Стамбулдагы спорт академиясынын бүтүрүүчүсү. «Дүйнөдө мени эки гана нерсе кызыктырат, бири – спорт, экинчиси – искусство» дейт ал өзү тууралуу. Спорт комментатору, машыктыруучу, спорт кабарчысы болуп эмгектенген ал 2016-жылы жашоосунда чоң бурулуш жасады. «Актриса болом» деп жар салган да, ошол эле жылы биринчи ролун алат. «Кандуу акча», «Менин атам» тасмаларына тартылган ал 2017-жылы «Стамбулдук келин» тасмасына роль алат. Ал эми 2019-жылы өзүн дүйнөгө тааныткан «Жеңил ойлуу» сериалынын башкы ролуна макулдугун берген. Аталган тасма рейтинг боюнча жогорку орундарды алып, биринчи сезон жабылып, көрүүчүлөр кызыгуу менен экинчи сезонду күтүп жаткан убагы.

Эбру жеке жашоосун өзгөчө сыр кылып сактайт. Кантсе да түрк ММКларында анын көрүнүктүү түрк актёрлору менен колтукташкан сүрөттөрү байма-бай жарыяланып турат. Мустафа Ататүрктүн өзгөчө фанаты экенин жашырбайт жана ар бир күнү йога менен машыгарын айтып келет.

Аслы Энвер

Туулган жылы – 1984-жыл, 10-май

Туулган жери – Улуу Британия, Лондон шаары

Бою – 168 сантиметр

Салмагы – 52 килограм

Тартылган сериалдары – «Стамбулдук келин», «Кыштагы күн», «Мындан ары мени Хижран де», «Бир тууганым»

Түркияда старт алган «Стамбулдук келин» турмуштук окуялары менен эстен кеткис болду. Сериалда Сурейа аттуу кыздын ролун аткарган Аслы Энвер Улуу Британияда төрөлүп-өскөн. Анын чоң энеси мыкты тигүүчү болгондуктан, Лондонго аскер формаларын тигүүгө чакырык алат. 6 баласын ээрчитип барып Лондондо турук алып калат. Аслынын ата-энеси Лондондон таанышкан. Ал кезде атасы үй-бүлөлүү экенине карабай экөө жакын мамиледе болуп, Аслы жарык дүйнөгө келет. Сүйүшкөндөр 10 жыл жашап ажырашып кетишет да, Аслы апасы менен Стамбул шаарына кайтат. Алгач келгенинде түрк тилин билбей, сабактан жетишпей, дос таба албай кыйналат. Ошол учурларда апасы аны театр ийримине алып барат. Жалгыздыкта кыйналып жүргөн кыз театр дүйнөсүнө берилип, келечектеги мыкты актрисанын жолу башталат.

2002-жылы биринчи жолу тасмага тартылып, анын аркасынан ролдор сунуштала баштайт. «Бир тууганым», «Кыштагы күн» тасмалары ийгиликке трамплин болсо, ага чыныгы атак «Стамбулдук келин» сериалынан келди. Түркияда алдыңкы режиссёрлордун бири болгон Зейнеп Гүнай Тандын колуна туш келип, 2019-жылы өз мамлекети эле эмес, бүт дүйнөгө ысымы таанылды.

Чет өлкөдө төрөлүп-өскөндүктөн, Аслы Энвер түрк актрисаларына мүнөздүү «жылдыз оорусу» менен оорубайт. Стамбулдун көчөлөрүнөн анын жөнөкөй кийим менен, жүзүн жашырбай, элден качпай жүргөнүн көрүүгө болот. Жеке жашоосуна келсек, Аслы Энвер 2015-жылы жолдошу Биркан Соккулу менен ажырашып кеткен. Учурда бизде Мирбек Атабеков кандай популярдуу болсо, Түркияда ошондой сүймөнчүк болгон ырчы Мурат Боз менен кыз-жигит мамиледе. Бул ашыктыктын аягы эмне менен аяктайт деп күткөндөр көп. Аслынын дагы бир өзгөчөлүгү – ал текстти окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Бул көздүн китептеги тамгаларды чар жайыт көрүүсү (дислексия) деп аталат. Актрисанын талантын баалаган режиссёрлор ал үчүн сценарийди аудионун жардамы менен жазып чыгышат.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Jibakana
2020-06-15 11:26:34
Эки эле актрисаны жазып алып жыргай бересинерби?
+14
Farm94
2020-06-15 12:09:39
Jibakana,туура айтасыз жок дегенде бешөөнү жазбайсынарбы:/
+8
Topcubai
2020-06-15 13:51:33
Бюлент Инал тууралуу дагы маалымат бере кетсеңер
+1
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан