4-июнь күнү актёр Болотбек Тилек сүйүктүүсү Арууке менен кол кармашып, турмуш жолуна аттанды. “Өлкөдөгү абалды эске алып, аз киши менен барып колуктумду үйүмө алып келдим” деген актёрду куттуктап байланыштык.
– Болотбек, куш боо бек болсун! Алгач эки жашты үй-бүлө курууга жеткирген сүйүү кантип башталганы тууралуу сурайын.
– Арууке экөөбүздүн таанышканыбызга быйыл 9 жыл болду. Мурда агент деген социалдык тармак бар эмес беле, ошол жактан таанышып сүйлөшүп калганбыз. Биз жаңы таанышканда мен 1-курс болсом керек. Арууке 9-класстын окуучусу болчу. Ошондон бери экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшпөсөк да, байланышыбыз үзүлгөн жок. Ал-жай сурашып, жакшы тааныш, дос катары сүйлөшүп жүрдүк. Бири-бирибизге жардам керек болгондо дароо кайрылчубуз.
– Достук мамиле качан сүйүүгө өтүп кетти?
– “Супер келиндер” тасмасы бар эмеспи. Ошондо башкы каармандын атын Арууке деп койгум келген. Жылуу сезимдер башынан эле бар болчу. 2019-жылдын декабрь айынан баштап ортодогу мамилебиздин атын “Сүйүү” деп атай баштадык окшойт. Ошондон тартып кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык. Быйыл 13-мартта сүйүктүүмдүн колун сурап үйлөнүүгө сунуш киргиздим, эки күндөн кийин ата-бабанын салты менен барып сөйкө салып кеттик. Анан өлкөдө өзгөчө абал режими башталып кетти. Карантин убагында эч нерсе кыла албай калдык.
– Азыркы абалда үйлөнүү той кандай болду?
– Биз карантиндин шарттарын бузбай баш коштук. Кеп-сөзгө калбайлы деп эки жактан тең аз адам чогулуп барып Аруукени үйүнөн алып кеттик. Үйгө алып келип никебизди кыйдык. Той муну менен эле бүтүп калбайт, чоң тоюбузду күз айларына пландап жатабыз. Жолдор ачылып, эл паника болбой, өзүнө келген маалда үлпөт тоюбузду беребиз.
– Келинчегиңди окурмандарга тааныштыра кетсең...
– Арууке 24 жашта. Аксы районунун Сары-Челек айылынан болот. Кесиби – политолог, экинчи кесиби – маркетолог. Учурда борбордо маркетолог болуп иштейт.
– Кайсы сапаты менен арбап алды?
– Жаңы тааныш болуп жүргөндө тизесине жеткен чачына кызыккам. Алгач мени узун чачы кызыктырса, кийин акылдуулугу, адеби, жөнөкөйлүгү менен жакты. Чарт-чурт мүнөзү жок, баарын таразалап туруп чечет.
– Сага жакса, демек, жакындарыңа да жакса керек?
– Ата-энемдин каза болуп калганына көп болду. Бир туугандарыма аябай жакты. Сөйкө салганы барганда кайын журтумду да жактырып келишкен. Кайын атам мамлекеттик кызматта иштейт. Адатта кыз тарап талаптарды коюшат го, эч кандай талап деле койгон жок. “Той берсеңер бергиле, бербесеңер жөн эле койгула” деп биз тараптын бардык сөзүнө көндү. Кайын журтумду аябай сыйлайм. Алар берген бата менен ушинтип турмуш жолуна аттанып отурабыз.
– Маегиңе рахмат! Бактылуу болгула!