Элмирбек Иманалиев атындагы фонд ачылды. “АТАМДЫН АТЫН ӨЧҮРБӨГӨНГӨ АРАКЕТ КЫЛАМ”,- дейт кызы

Быйыл 20-апрелде 42 жаш курагында кыргыздын чыгаан уулу Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Учурда залкардын атынан фонд ачылып, улуу кызы Айзуура Иманалиева фонддун негиздөөчүсү болду.

– Атамды жоготуп алгандан кийин өзүбүзгө келе албай жаттык. Азыркыга чейин деле ошондой болуп жатат. Бирок минтип жүрө берген деле болбойт экен. Анткени атама тиешеси жок эле адамдар “мунусун минтип ийет элем, тигинтип жиберет элем” деп башташты. Арасында бирөө чын пейили менен чыгармачылыгын сыйласа, экинчиси каражат топтоо максатында же атамдын аты менен упай топтоо үчүн да умтулуп жатты. Жашоодо өлгөн адамдын атынан акча иштегендерди көп эле көрүп жүрөбүз. Ошол үчүн Элмирбек Иманалиев деген атты өчүрбөй, өз бийиктигинде алып жүрүү үчүн ушул фондду негиздедик. Фонддун милдетине эмнелер кирет? Атамдын атынан айтыш уюштуруу, китептерин жайылтуу, жаш акындар арасында сынактарды уюштуруу.

Атам көп максаттары менен бөлүшүп калчу, кылам деген көп иштери бар эле. Ошол иштерди эми биз кылабыз. Кыйын абалдабыз. Ошого карабай өзүбүздү колго алып ушул ишти баштап отурабыз. Бул демилге атамдын бир туугандары менен сүйлөшүлүп, макулдашылып башталды. Бишкекте жашап жатканыма байланыштуу, тун кызы катары фонддун негиздөөчүсү мени болсун дешти. Башкаруучу төрага атамдын агасы Айдарбек Иманалиев болду. Фонд десе эле кайрымдуулук фонду же каражат топтоочу булак катары түшүнүп алышат. Бул андай эмес. Кичинекей балдары кыйналып жатса, аларга каражат берилет дегендей ойлор болбошу керек. Атам байлык жыйнабаса да кадыр-барк топтогон адам. Балдарынын үйү бар, биз каралашабыз, атамдын бир туугандары каралашат. Фонддун максаты – атамдын атын узак жылдарга жашатуу. Көзүм өткүчө атама экинчи өмүр тартуулоо менин милдетим деп билем,- дейт Айзуура Иманалиева.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aselya_9105
2020-06-15 11:12:01
Азаматсың Айзуура, эки дүйнө бактылуу бол, Аллахым силерге, жакындарына күч кубат, сабыр берсин. Ата-энең эң жакшы адамдар эле. Ушундай кызы бар болгон үчүн, алардын аты эч качан өчпөйт деп ишенем.
+5
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан