(Башы өткөн сандарда)
Искендер кызды өзү издеп келди. Бул эмне сезим эле, ал өмүрү өткөнчө түшүнө албай жүрдү. Өлүм алдында жаткан адамдын “кызым” деп сыздаганына боору оорудубу, же жалгыз калган кыздын тагдырына кейидиби, же жөн эле адамгерчилик кылгысы келдиби, түшүнүксүз. Ким билет, балким, бул жолугушуу анын тагдырына жазылгандыр.
Кыз жатаканада жашайт экен. Вахтёршадан уруксат сурап, бөлмөсүн тапты. Эшикти такылдатты эле, жооп болгон жок. Акырын түртүп көрсө ачылып кетти. Бөлмөдө кыз жалгыз экен, уктап жатыптыр. Сулуу экен. Адам баласы сулуу нерсеге кол тийгизгиси келет эмеспи, колдору эрксиз созулуп, чекесине колун тийгизди. Кыз көзүн ачып, чочуп кетти. Бир саамга тиктешип туруп калышты.
– Сиз кимсиз?
– Мен...
– Мен сизди тааныдым. Атама операция жасагансыз. Сиз Искендер байкесиз.
– Ооба, мен жөн эле сага жолугуп койгону келдим. Атаң сага көп кабатыр болду. Жалгыз деди. Ошого...
Кыз ойлуу отуруп калды. Бир убакта көзүн көтөрдү.
– Рахмат сизге.
– Жардам керек болсо мага айт, жардам берем.
Ушу сыяктуу сөздөрдү сүйлөгөнү эсинде. Кийин бир-эки жолу эстегени болбосо, Искендер кызды унутуп койгон эле. Бирок кыз унута албады. Искендер өзүнөн бир топ жаш улуу экенине, үй-бүлөсү бар экенине карабай ашык болду. Бир көргөндөн баштап тыпыраган жүрөк башка эч кимге макул болбоду. Болбосо аркасынан чуркаган, айды, жылдызды убада кылган жигиттер көп эле. Искендер! Жүрөгү бир гана ушу ысымды кабыл алды.
Эки жыл өткөндө тагдыр аларды кайрадан кезиктирди. Жок, бул жолу Аяна атайын эле Искендерге жолугуу үчүн барды. Анткени ал кечеге Искендер чакырылганын билчү. Мына, эки жыл бою элеси менен сүйлөшкөн адамы жанында турат. Искендер да аны дароо тааныды.
– Салам!- деди ал жайдары күлүп.
– Саламатсызбы?
– Чачыңды кестирип салдыңбы?- деди ал эмнегедир таарынгандай үн менен. “Чачым узун экени эсинде калыптыр, демек, мени унутпаган экен” деп кыздын жүрөгү дүкүлдөп кетти.
– Шаардык болоюн деп чечтим,- деди эмне дээрин билбей.
– Жарашыптыр. Окууларың жакшыбы?
– Ооба, азыр окуп да, иштеп да жатам.
– Азамат!- көтөрүңкү тон менен ушинтип айтканы эсинде. Кылчайып баса береринде Аяна чымыркана берди.
– Искендер байке...
– Оу...
– Мен сизден телефон номериңизди сурайын дегем. Кээде ал-жай сурашып турганга...- жүзү албырып кетти. Искендер эч нерсе болбогондой номерин берип кетип калды.
Телефон номерин алганы менен, жаза албай, же чала албай убара. Колу көтөрүлүп барып кайра түшөт. Үй-бүлөлүү адам! Кудум экөөнүн ортосуна ушу сөздү чоң тамгалар менен жазып койгондой. Мүмкүн эместей. Адам канчалык колу жетпесе, ал нерсеге ушунчалык талпынат белем. Балким, колу жете турган адам болгонунда Аяна мынчалык күйүп-бышып сүйбөйт беле, ким билсин? Аяна үчүн ал башкача адам эле. Жатаканага барып жолугуп, атасынын аманат кебин айтканы үчүнбү, атасынан акыркы сөздү ушул адам уккан үчүнбү, же жөн эле бирөөнүн камкордугу керек болуп жатаканага келип калганы үчүнбү... Ойлорунун аягына жетчү эмес. Бир эле билгени бар эле, ал – Искендер ага абадай, суудай керектиги. Күндө көрүп туруш үчүн эле ошол оорукананын жанынан өтөт. Акмалай берет. Бир күнү чындап эле алдынан чыкты. “Мени эстебейт болуш керек” деп ойлогон сайын Искендер аны бир көргөндө таанычу. Ууртундагы жылмаюу да тааныш. Ушунчалык жылуу, тааныш сезилчү.
– Аяна, сен кайдан?
– Ушу жакта батирде турам.
– Жатаканада турчу элең го?
– Азыр ишиме жакын деп ушул жакка көчүп келгем.
– Эмне иш кыласың?
– Мындай эле...
– Хм, жакшы, окууларың кандай?
Искендер бир нерселерди сүйлөп жатты. Өзүн жоготкон кыз бирин укса, бирин укпайт.
– Менин да курсагым ачып турду эле. Жүрү, бул жерден тамак ичип чыгалы,- деди ал чакан ресторанды көрсөтүп.
Баш чайкаганга алы келбейт болчу, артынан ээрчиди. Ошол кечтен кийин дагы көп убакыт жолугуша алган жок. Аянага Искендер баңги сымал бир нерсе болду. Көрбөсө шаарды түрө кыдырып издеп кеткенден кайра тартпайт. Анын кайсы саатта жумушта болорун, кандай учурда үйдө болорун, үйү кайда экенин алаканга салгандай билип алды. Бир жолу айлап командировкага кеткен учурда дене табы түшпөй, ооруп калды. Бир гана курбусу билчү эле.
– Сен келесоо болуп калдың. Ооруп калганга чейин жеттиң. Токтот!
– Жанара, суу...- кумсарып керебетте жаткан кызга суу берген курбусу биротоло үмүтүн үзгүсү келди.
– Искендериң чет өлкөдө экен.
– Кайдан билдиң?
– Баракчасына сүрөт жүктөдү. Аялы менен. Аяна, сен бул адамды унут. Эстебе.
– Эмнеге?
– Аялынын баракчасын көрдүм. Жалаң Искендердин сүрөтү. Сокурга деле көрүнүп турат, экөөнү эч ким ажырата албайт.
Аяна телефонун алды да, сүрөткө тиктеп турду. Сүрөттөгү аял менен Искендер бактылуу болчу. Түрдүү шаарда, түрдүү фондо, түрдүү абалда түшкөн сүрөттөр... Бирок бир гана нерсе өзгөрүлбөгөн экен. Искендер аялын бардык сүрөттө сүйүү менен тиктейт тура. Жүрөгү мыкчыла ооруп кетти.
– Көр, бул үчүн жаныңды кыйнаба. Ооба, өзгөчө адам. Бирок сеники эмес. Унут.
– Меники болот! Акыры баары бир меники болот.
ххх
Айтурган Урматтын жүзүнө дагы деле түшүнбөй карап турду. “Искендердин эки уулу бар”.
– Эмне деп жатасың?- үнү калтырап кетти.
– Сага айта албады. Он жаштан өтүп калган эгиз уулдары бар.
– Он жыл мурун болгон окуябы? Ошончодон бери байкаган жокмунбу? Мен ушунчалык көр аялмынбы?
– Жок, жок, он жылдан бери эмес. Ал өзү да билбептир, балдары бар экенин жакында билди.
– Качан?
– Эки жыл мурун. Алардын бири...
– Унчукпа!
Айтурган андан ары эч нерсени уккусу келген жок. Өз бөлмөсүнө арабасын айдай берди. Көкүрөгүндө бир боштук калды. Күн болду. Кайра түн болду. Боштук эч кетпей жатты. Күндөлүгүн колуна алды.
“Сен мени карап тургандырсың. Тиги дүйнө бар экенине ишенем. Сен ушу жерлерде мени карап тургандай сезилесиң. Кадимкиңдей эртең менен сакалыңды алып, атыр жыттанып келип мени желкемден өөп ойготчудай сезилесиң. Эгерде сен чын эле ушу жерде болсоң, каргыш алсын сени. Уктуңбу?! Жок жомокко ишендирдиң мени. Жок бакытка байлап коюпсуң.
Бирок мен баары бир бактылуу күндөрүбүздү гана эстейм. Эсиңдеби, менин кош бойлуу болгон учурум? Сен аябай кыз күткөнсүң. УЗИден да бизге кыз дешкен. Кызыбыз мага окшош, уулубуз сага окшош болот дечүбүз. Бирок уул болду. Төрөтүм оор болуп же мени, же наристени тандоо керектигинде Кудайдын буйругу менен экөөбүз тең аман калыптырбыз. Бирок мен экинчи жолу эне болбодум. Ошол оор операциядан кийин түбөлүк эне болуу бактысынан ажырадым. Аны да мага айтпай, кийин айттың. "Аядым" дедиң. А мен ишенгим келген жок. Сага дагы көп баланы белек кылгым келди. Бирок биз баары бир бактылуу болчубуз. Эрболубуз бар болчу. Уучубуз куру эмес эле. Көрсө, сенин башка аялдан балдарың бар экен. Болгондо да эгиз. Мен бул чындык менен кантип жашайм? Искендер, мен сенсиз кантип күн кечирем? Сенден кийин...”
Аял оор улутунду. Тыптынч түндү жара кыйкыргысы келди. Балконго чыгып, бакырып алды. Анда да көксөөсү суубады. Уйкуда жаткан шаар аны эч тоготпой, өз алдынча мемирейт...
(Уландысы кийинки санда)